“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына ылайык окуучулардын кыргыз тили жана адабияты сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана балдардын инсандык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” темасындагы республикалык олимпиаданын райондук түрү 2015-жылдын 18-март күнү С.Байдөөлөтов жана Б.Камчыбеков атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Олимпиада үч багытта жүргүзүлдү. Биринчи багыт – Билим сынагы эссе жазуу: Экинчи багыт –Билим сынагы көркөм окуу жана фольклордук чыгарманы аткаруу: Үчүнчү багыт – Долбоорду жактоо Олимпиаданын жыйынтыгында: Ибраимова.А. Абдыкайым уулу А, Мелисбаева А, Эргешалиева Н, Орунбаев У, Шабекова А областтык олимпиадага жолдомо алышты. Олимпиаданын областтык түрү 2015-жылдын 4-апрель күнү Кыргыз-Түрк лицейинде өткөрүлдү. Олимпиаданын жыйынтыгында Терек-Сай орто мектебинин 11-классынын окуучусу Ибраимова Айзирек (кыргыз класс мугалими Мамашова Т). “Өмүр шамын ойдолотуп кармагын, Ар күнүнү эл журтуна арнагын. Текке кетпес асыл эмгек жасасаң, Ошол болот өлбөс болуп калганын, деген темада эссе жазып, 1-орунду ээлегендиги үчүн 1-даражадагы диплом, Сумсар орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эргешалиева Нургиза (мугалими Алымова Ж) “Бактылуу балалык балдардын баарында барбы” деген темада эссе жазып 1-орунду ээлегендиги үчүн 1-даражадагы диплом. С.Мырзалиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мелисбаева Айтурган (кыргыз кл. мугалими Сатылганова Р) Э.Ибраевдин “Улут болсом тилим менен улутмун” ырын көркөм окуп жана элдик ыр “Жылкычынын ырын” ырдоо менен 3-орунду ээлегендиги үчүн 3-даражадагы диплом, В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын 11-классынын окуучусу Шабекова Адилет (орус.кл. мугалими Байзакова Г) Э.Ибраевдин “Жан дүйнө жаңырыгы” ырынан көркөм окуп жана элдик ыр “Сары ойду” аткаруу менен 3-орунду ээлегендиги үчүн 3-даражадагы диплом, Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Абдыкайым уулу Акыл (кыргыз кл. Мугалими Нурдинова Н) “Эне тилин өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек? деген темада долбоор жактоо менен 3-орунду ээлегендиги үчүн 3-даражадагы диплом Терек-Сай орто мектебинин 11-классынын окуучусу Орунбаева Умар (орус кл. Мугалими Мамашова Т) “Эне тилин өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек” деген темада долбоор жактап активдүү катышкандыгы үчүн алкыш грамотасы менен сыйланды. Байгелүү орунду ээлешкен Сумсар мектебинин 11-классынын окуучусу Эргешалиева Н, Терек-Сай орто мектепбинин 11-классынын окуучусу Ибраимова А олимпиаданын 2015-жылдын 15-майында Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинде өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу баскычына катышууга жолдомо алышты. Р.Мамурбеков, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу]]>