Жергиликтүү кабарлар

Адилеттин ийгиликтери жалпы жамаатты сыймыкка бөлөдү

18

Окуучулар борбор калаага барышат 2 2015-жылдын март айынын   аягында  Кызыл-Токой  айылындагы Камчыбеков атындагы  орто мектепте райондук  деңгээлде мектептер аралык  “Элдик ырларды аткаруу жана көркөм  окуу” темада  болуп өткөн конкурста Шекафтар мектеп-интернатынын 11-а-классынын   окуучусу Шабекова  Адилет (мугалими  Гүлжамал Байзакова) биринчи  орунду  ээлеп, конкурстун жеңүүчүсү деп аталып, областтык конкурска жолдомо алган эле. 2015-жылдын 4-апрелинде Жалал-Абад шаарынын Зуура Нурматова атындагы  Кыргыз-Түрк кыздар  лицейинде жогоруда аталган  темада өткөрүлгөн конкурста  Шабекова Адилеттин  аткаруусундагы “Сары-Ой” элдик  ыры жана  Э.Ибраевдин “Жан дүйнө жаңырыгы” ырын көркөм  окуусу Шабекованын  lll-орунга чыгышын  камсыз кылды. Албетте, Адилеттин райондук жана областтык  деңгээлдеги ийгиликтери  Шекафтар мектеп-интернатынын жалпы жамаатын сыймыкка бөлөдү. Б.Исаков «Чаткал оттору»]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь