7-апрель элдик революциянын 5 жылдыгы республиканын дээрлик бардык жагында жогорку денгээлде белгиленди. Аталган республикалык масштабдагы иш чара Чаткал районунда да татыктуу белгиленип, аталган иш чаранын алкагында 7-апрель күнү райондук мамлекеттик администрациясынын алдында эскерүү митинги өткөрүлдү. Митинг Кыргыз Республикасынын Гимни менен салтанаттуу түрдө башталып, андан соң, элдик революцияда курман болгондорго багышталып куран окулуп, минуталык эскерүү болду. Андан кийин, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Эшалиев мындан беш жыл мурун болгон элдик революциянын эмне себептен чыккандыгы тууралуу сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө революциянын катышуучуларынын арасында элдин жыргалчылыгы үчүн курман болгондордун эрдиктерин баса белгиледи. Андан сон, митингде райондук “Чаткал оттору” газетасынын башкы редактору Б. Дилдебаев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Н. Оморовалар чыгып сүйлөшүп, ал күнү болгон окуялар тууралуу эскеришип, элдик революциянын мамлекеттин жана анда жашаган жалпы калктын жашоо-турмушунда алган орду тууралуу ой бөлүшүштү.
Б. Дилдебаев “Чаткал оттору”]]>