Жергиликтүү кабарлар

Коллегияда орчундуу кемчиликтер ачык айтылды

20

коор кенеш 3коллегия апрель 6коллегия апрель 1коллегия апрель 3 Өтүп бараткан жумада райондук мамлекеттик администрацияда  райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, айыл аймактардын башчылары, дин кызматкерлери жана айрым тийиштүү  кызматкерлер катышкан коллегия болду. Коллегиянын күн тартибинде негизинен 4 маселе-район аймагындагы мечиттердин, намазканалардын мыйзамдуу иш алып баруусу жана санитардык-гигеналык абалы, райондук ЖААК бөлүмүнүн 2013-2014-жылдарда жалпы жүргүзгөн иштеринин абалы, 2015-жылдын жазгы талаа иштерин ъз убагында уюшкандыкта өткөрүү боюнча айыл аймактарда көрүлүп жаткан даярдыктар, уюштуруучулук иштери, жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү жана Каныш-Кыя, Чаткал айыл аймактарынын жогорку органдардан келген каттарын, арыз, даттанууларын кароонун аткарылышы боюнча аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө маселелер каралды. Коллегиянын күн тартибиндеги 1-маселе боюнча раймамадминистрациянын башкы адиси А. Таштанбаева баяндама окуду. Баяндамада белгиленгендей, Чаткал районунда 9 мечит, 10 намазкана элге диний кызмат көрсөтүүдө.  Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 Мыйзамы жана 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы райондогу мечиттерде ушул күнгө чейин жайылтылбаган жана имамдардын аталган мыйзам жана концепциялар боюнча тааныштыгы жок экендиги көрүнүп турат. Ар кандай туура эмес диний коз караш жана тушунуктун негизинде районубузда балдарын эмдетуудон баш тарткан жарандар  күндөн-күнгө көбөйүүдө. Эгерде жогорудагы къз караштар улана берсе,  вакцина менен башкарылган оорулардын чыгып кетүү коркунучу бар. Мындан сырткары, көпчүлүк мечиттердин санитардык-техникалык жана гигиеналык,эпидемиологиялык абалы, жылытуу, желдетүү, канализация, жарыктандыруу системаларынын жеткиликтүү  эместиги, мечиттердин алдын ала долбоорлонуп чийилбей, ашар жолу менен курулгандыгынан улам санитардык нормалар жана эрежелер сакталбагандыгы, бардык мечиттерге суу киргизилбегендиги, жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүгү белгиленди. Баяндама окулуп бүткөн сон, райондун баш имам хатиби Кубаныч ажы Токонов коллегия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Район акими К. Эшалиев баш болгон коллегия мүчөлөрү  баяндамада айтылгандай, айыл имамдарына райондун имам хатиби тарабынан диний концепциянын бүгүнкү күнгө чейин таратылып бериле электиги, руксат кагазы жок даваатчылар райондун айрым айылдарында үгүт иштерин жүргүзүп жатышкандыктары, айрым айылдардагы мечиттердин тазалык денгээли өтө төмөн экендиги, айрым район тургундары туура эмес диний къз карашты карманып, айрым жугуштуу ооруларга жүргүзүлүп жаткан вакцинациялоого каршы чыгып жаткандыктары тууралуу сын-пикирлерин айтышып, райондун имам хатибинен аталган кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча иш жүргүзүүнү талап кылышты. Коллегиянын күн тартибиндеги 2-маселе боюнча раймамадминистрациянын жетектөөчү  адиси Б. Жаманкулов баяндама жасады. Баяндамада маалым болгондой, райондук ЖААК бөлүмү  учурда Чаткал токой чарбасынын имаратынын бош бөлмөлөрүнүн ижарага алып иш жүргүзөт. Бөлмөлөрүнүн эшик, терезелеринде темир торлору жок, өрт коопсуздугу каралбаган. Документтерди сактоочу жайы талапка жооп бербейт, мыйзам боюнча ЖААК бөлүмүндөгү документтер 100 жылга сакталуусу тийиш. Чаткал районунун документтери ЖААК бөлүмүндө ачык эле коркунучта  жатат. Бөлүм башчы жумуш учурунда ар кандай шылтоолор менен өз ордунда болбойт жана ишине көңүл кош мамиледен улам документтердин уурдалып, өрттөнүп жок болуп кетиши толук мүмкүн. Мындан сырткары, жарандарга керектелчү тийиштүү кагаздарды берүүдө  да финансылык тартип бузууларга жол берилип келген. Баяндамадан сон, район акими К. Эшалиев жана коллегиянын мүчөсү, район акиминин биринчи орун басары Ж. Накетаев ЖААК бөлүмүнүн башчысынын иштерине кескин сын-пикирин билдиришти. Коллегиянын күн тартибиндеги кийинки маселе боюнча раймамадминистрациянын башкы адиси Т. Аликеев баяндама окуду. Баяндамачынын маалымдашынча, райондо жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар тийиштүү мекемелер тарабынан солгун жүрүүдө. Райондук агрардык өнүктүрүү департаменти бул багытта иш алып барууда кайдыгерликке, жоопкерсиздикке жол берип келаткандыгы ачыкталды. Баяндама окулуп бүткөн сон, коллегия мүчөлөрү тарабынан райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси М. Тотонов жана Каныш-кыя айыл аймагынын жер адиси К. Осмонбековдон алдыдагы дыйканчылык мезгилине карата жалпы даярдыктар тууралуу суроолорду беришти. Алардын берген жооптору коллегия мүчөлөрүн ынандырган жок. Андан сон, кийинки маселе боюнча раймамадминистрациянын башкы адиси Р. Асанбаев баяндама жасады. Баяндамада маалым болгондой, Каныш-Кыя, Чаткал айыл ъкмъттър тарабынан «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жънндъ» мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Ъкмътнн 2013-жылдын 13-июнундагы «Жогору турган органдардын актыларын жана тапшырмаларын, ошондой эле ъздърнн чечимдерин аткаруу бийлигинин жергиликтуу органдарынын аткаруучулук тартибинин абалы жънндъ» №349 токтомунун аткарылышы боюнча бир топ катачылыктарга жол берилген. Баяндаманын сонунда, коллегия мүчөлөрү аталган эки айыл өкмөттүн жооптуу катчыларына баяндамада келтирилген кемчиликтерге байланыштуу суроолорду беришип, кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча талаптарды коюшту.   Коллегиянын сонунда тийиштүү токтомдор кабыл алынды]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь