Саясат

Диний жана саясий кырдаал ачык талкууланды

21

коор кенеш 2 коор кенеш 3 коор кенеш 4 Өтүп бараткан жумада Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында республиканын, анын ичинде район аймагындагы учурдагы диний жана саясий кырдаалга арналган координациялык кенешме болду. Кенешмеге район акими Канжарбек Эшалиев, УКМКнын Чаткал жана Ала-Бука райондору боюнча Канат Ибрагимов, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, айыл аймак башчылары жана райондун имам хатиби Токонов Кубаныч ажы баштаган айыл имамдары катышты. Координациялык кенешмеде алгач, УКМКнын Чаткал жана Ала-Бука райондору боюнча өкүлү Канат Ибрагимов республика аймагындагы учурдагы диний кырдаалдын абалы, УКМК жана республикалык тийиштүү жогорку органдар тарабынан диний кырдаалды жънгъ салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымдады. Анын маалымдашынча, Кыргызстандын жарандарынан бүгүнкү күндө Сирияда жүрүп жаткан жарандык согушка жүз элүүдөй жаран катышып жүрөт. Алар республиканын ар кайсы облусунан туура эмес багытка түшүп, азгырылып кеткендер. УКМКнын жана тийиштүү органдардын өз учурунда аракеттенүүсүнүн жана туура түшүндүрүүсүнүн натыйжасында жыйырмадай жаран Сириядагы жарандык согушка баруудан кайтарылды. К. Ибрагимов белгилегендей, ислам динин жамынып, карапайым элди туура эмес багытка үндөгөн агымдар бар, алар-акрамия, ахмадия, вахабия жана салафия агымдары. Булардын максаты-динге суугарылган, светтик, демократиялык баалуулуктарды жокко чыгарган диний мамлекеттик түзүлүш-халифат түзүү. Ар бир жаран бул агымдардын азгырыгынан сак болуу керек. Координациялык кенешменин жүрүшүндө, Сириядагы жарандык согушка азгырылып, алданып кеткендер тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан сон, кенешменин катышуучулары республикадагы, анын ичинде райондогу диний кырдаалды туруктуу абалда кармоо боюнча өз ой-пикирлерин ортого салышты. Мындан сырткары, республикадагы, анын ичинде район аймагындагы бүгүнкү күндө саясий кырдаал тууралуу да сөз болду. Район акими Канжарбек Эшалиев жана УКМКнын өкүлү Канат Ибрагимовдор быйыл Улуу Жеништин 70 жылдыгы, буга кошо эле, Чаткал районунун 80 жылдыгы жана алдыдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү сыяктуу  республикалык денгээлдеги иш чаралар бар экендигин  айтышып, мындай учурларда республикада саясий туруктуулук сакталышы керектигин, ал үчүн ар кандай саясий терс чакырыктарга азгырылбай, мамлекетте саясий туруктуулукту сактоо керектигин бир ооздон белгилешти. М. Эшназаров  “Чаткал оттору”]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь