Кабар

Ден соолук күнү белгиленди

99

санепид 1 санепид 3 санепид 2 санепид 4 санепид 5Жакында 7-апрель-Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата райондук маданият үйүнүн чоң залында Чаткал райондук ооруларды алдына алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Акылбеков Гүлбарчын Токторумбетовнанын демилгеси менен “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго райондун акими К. Эшалиев, айрым мекеме жетекчилери, айыл аймактарынын кызматкерлери, айыл башчылары, медицина жана ветеринария кызматкерлери, жергиликтүү кенештин депутаттары, мектеп директорлору, бала бакча башчылары, жеке ишкерлер катышышты. Тегерек столдун алгачкы сөзү райондун акими К. Эшалиевге берилип, ал өз сөзүндө бүгүнкү биз күнүмдүк жеп жаткан тамак-аштын айрымдарынын сапатсыз болуп жатканын белгилеп, алардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдөн келип жаткан продуктыларда кездешип жатканын белгиледи. Ошондой эле сапатсыз тамак-аштардын келечек муундарга тийгизип жаткан таасирине тынчсызданып, шашке чай берилип жаткан мектеп окуучуларын тендерден утуп алып, азык-түлүк менен камсыз кылып жатышкан ишкерлерди алып келип берилип жаткан продуктылардын сапатына көңүл бурууларын тапшырды. Мындан тышкары ашканаларда тамак жасап сатып жатышкан ишкерлердин столдорунун, идиш-аяктарынын тазалыгы кардарларды канаттандырбай зээн кейитип жаткандыгын айтып, ар кандай жугуштуу ооруулардын чыгып кетпешин эскертти. Мындан тышкары медицина кызматкерлери бир гана ушул тегерек стол менен чектелбестен практика жүзүндө айтылгандарды аткарыш керектигин белгилеп, санитардык талапка жооп бербеген ашканаларды жабып салуу зарылчылыгын айтты. Андан кийин райондук оорууларды алдына алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Г. Акылбекова “туура тамактануу адамдын ден-соолугунун эң биринчи жолу” деди. -Оорулардын көбү жетишсиз тамактануудан пайда болот. Адам начар тамактангандыктан салмагы аз, сүйлөөсү жай, ой жүгүртүүсү начар жана узакка созулган инфекциялык ооруга алып келет. Туура тамактануу ар кандай ооруларга туруштук берүүгө жардам берет жана бейтаптын сакайып кетишине шарт түзөт. Жакшы тамактануу жана таза тамак менен азыктануу чың ден соолуктун эң мыкты кепилдиги. Эгерде сиз бир аз гана акчаңыз болсо жана балаңызды дени сак өстүргүңүз келсе, момпосуй менен таттуу суусундуктарды сатып бергендин ордуна эки даана жумуртка же бир ууч жаңгак сатып бериңиз. Эгерде ар бирибиз өзүбүздү туура тамактанууга, үйүбүздү, айылыбызды тазалыкка сактоого жана балдарды өз убагында эмдөөгө аракет кылсак жана тамак-аштын тазасын гана жесек, анда биз көптөгөн оорууларды болтурбай кое алабыз. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу үчүн мындан мурун тамак-аш азыктар үчүн ар бир жеке ишкерге сертификат берилсе, эми анын ордуна мындан ары техникалык регламент берилет же мурунку санитардык эрежелер жана нормалар үчүн азыр техникалык регламент кабыл алынган. Ошондой эле быйыл Чаткал району үчүн өзгөчө жыл болуп, райондун 80 жылдык мааракеси белгиленгени жатканда районго сырттан меймандардын келүүсү күтүлүп жаткандыктан башкы дарыгер Г. Акылбекова жеке ишкерлерди жеке ишкерлерди тамак-аш менен тейлөөдө тейлөө этикасы, ички-тышкы тазалыгы, ажатканаларды таза кармоого чакырды. Андан кийин райондук ОААжМСЭКБнүн кызматкери Н. Орозбаева эт азыктары жана алардан жугуучу ылаңдар боюнча маалымат берди. Андан кийин райондук ОААжМСЭКБнүн кызматкери Г. Акылбекова сүт жана сүт азыктарынан адамга жугуучу ооруларга токтолду. Ал сүт жана сүт азыктарынын алынган тамак-аштын адамдын организмине пайдасы жана андан жуктуруп алуучу жугуштуу оорулар туурасында айтып, бүгүнкү күндө адамдарда көп кездешип жаткан брусселез оорусун жуктуруунун негизги булагы сүттө болуп жатканын айтып берди. Тегерек столдун катышуучуларына райо ндук ОААжМСЭКБнүн кызматкери А. Тойчубеков ботулизм боюнча түшүндүрмө берди. Ботулизм-тамак-аштан уулануучу курч мүнөздөгү оору. Негизинен борбордук нерв жана вегетативдик нерв системалары жабыркайт. Ботулизмдин козгогучу өтө кыймылдуу, грамотрицателдик таякча. Катуу анаэроб болгондуктан жаратылышта көп кездешет. Андан сактануу үчүн тамак-аштын мөөнөтүнө жана талапка ылайык сакталышына көңүл буруу керек. Айрыкча үй шартында консерваларды даярдоо жолдорун билүү зарыл. Ал эми райондук мамлекеттик ветборбордун кызматкери М. Мырзабаев малдан адамга жуккан ооруларга токтолуп, адам ашканалардан тамактанып жатканда эт таза болду бекен деп ойлонуш керек деди. Анткени эттен, ичеги карындардан көп оорулар жугат. Ошондуктан малдын ээси өзү ветеринардык дарыгерлерге кайрылып, колундагы малдарын убагы менен эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга милдеттүү экендигин айтты. Ошондой эле медицина кызматкери Ж. Нарымбетова адамдын организмине зыян алып келип жаткан өнөкөт болгон насвай жана тамекинин зыяндуулугу жана алардын жасалуу жолдору боюнча видео тасма көрсөтүп, кеңири түшүндүрмө берди. Тегерек столдун катышуучулары тийиштүү адистерге камтылган теманын тегерегинде суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты. Тегерек стол Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө арналып өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу катышуучуларга кофе брейк берилип, концерттик программа тартууланды. Б. Дилдебаев “Чаткал оттору”]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь