Кулактандыруулар

Таалай Бектургановдун жаркын элесине арналган кароо-сынак өтөт

59

келечекке багыт коомдук жаштар бирикмесинин эмблемасы Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын демөөрчүлүгү жана уюштуруусу астында, “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси, Ч.Айтматов атындагы Чаткал райондук маданият үйүнүн жана Таалай Бектурганов атындагы Жаңы-Базар айылдык маданият үйүнүн жетекчиликтери тарабынан Чаткал районунун 80 жылдыгына карата даярдыктардын алкагында, Чаткалдан чыккан белгилүү талант Таалай Бектургановдун жаркын элесин эскерүү, анын калтырып кеткен зор маданий мурасын жаңы өсүп келе жаткан муунга таанытуу жана о.э. таланттуу адамдарды эл алдына алып чыгуу, жаштардын маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана жергиликтүү элдин маданиятка болгон туура көз карашын калыптандыруу максатында атайын кароо-сынак өтүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин мүчөсү Ильяс Нармырзаев маалымдады. Анын маалымдашынча, кароо-сынакка 16 жаштан 40 жашка чейинки гитарада мыкты ойноп, жакшы ырдай алган таланттар катышмакчы. Мында алгач, апрелдин сегизинен он бешине чейин райондун ар бир айылында таланттууларды тандоо туру өткөрүлүп, андан соң, апрелдин он жетисинде Жаны-Базар айылындагы Т. Бектурганов атындагы маданият үйүндө Таалай Бектургановду эскерүү кечесине улай эле, тандалып алынган таланттуулар катышкан кароо сынак өтөт. Кароо-сынактын баш байгеси атайын кубок жана жогорку сапаттагы гитара болмокчу.1-орунга телевизор. 2-орунга уюлдук телефон, ал эми, 3- орунга фото аппарат коюлмакчы. Мындан сырткары катышуучуларга дипломдор, кызыктыруучу жана акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы. Он сегизи күнү кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн жана белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы шоу концерт район борборундагы Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө өтмөкчү. Андыктан, районубуздагы таланттуумун дегендер, чамдаңыздар!]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь