Кулактандыруулар

Кулактандыруу!!!

21

район имамы кубанычбек токонов 2Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети “Келгиле, пайгамбарыбызды тааныйлы” аттуу сынак жарыялайт. Сынак 3 китеп-“Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В)”, “Пророк Мухаммед (С.А.В) венец рода человеческого” жана “Улуу имам Абу Ханифа” аттуу китептер боюнча өткөрүлөт. Сынакка катышууну каалагандар 2015-жылдын 15-апрелине чейин, тизмеге катталуусу керек. 3-майда сынак өткөрүлөт. 16-майда жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Сынакта гезитке жарыяланган суроолордон 25 суроо, ал эми китептен 50 суроо берилет. Жалпысынан 75 суроо берилет. Сынак тест түрүндө өтөт. Сынак «Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммд» аттуу китептен саат 10:00дө, «Пророк Мухаммад» аттуу китептен саат 12:00дө, «Улуу имам Абу Ханифа» аттуу китептен саат 14:00дө башталат. Сынакка катышуунун шарттары: 1. Сынакка мусулмандар гана катыша алат, катышуучулардын жаш өзгөчөлүгү чектелбейт. 2. Эгерде аял киши сынакта жеңип чыкса, ажылык же умрага бирге баруучу махрамына каржылоосун өзү табууга тийиш. Себеби аял киши ажыга же умрага өзү жалгыз бара албайт. Махрамы болуп эсептелген күйөөсү, баласы, бир тууган ага-инилери же атасы бирге болуусу шарт. 3. Сынакка жарыяланган китептин бирөөсүн гана тандоо керек. Бир эле учурда 2 же 3 китептен катышууга болбойт. 4. Сынакка катышуу үчүн сөзсүз түрдө каттоодон өтүүсү зарыл. Каттоодон өтпөгөндөр катыша алышпайт. 5. Аталган 3 китеп менен бирге «Бейиш» гезитинин 23-санындагы жарыяланган суроолорго да даярдануусу керек. Бул суроолорду Чаткал районунун баш имам хатибинен алсаңыздар болот. 6. Сынакка уюштуруучулар катыша алышпайт. 7. Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат. 8. Сынакта ажы же умра жолдомосун жеңип алгандар жолдомонун акчалай төлөмүн алууга уруксат эмес. Эгерде сынакка катышуучулар көп катталса, сынак Чаткал районунун өзүндө өткөрүлөт.Конкурска катталуу үчүн жана китеп жоктор китеп алуу үчүн Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажыга төмөндөгү номер аркылуу кайрылыңыздар.Тел: 0558 38-08-81. 0778 38-08-81. 0773 46-32-12.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь