алиппе 1 алиппе 2 алиппе 3 алиппе 4 алиппе 5 алиппе 6“Алиппе менен коштошуу” кечелери болду Өтүп бараткан жума башында район мектептеринде башталгыч класстардын “Алиппе менен коштошуу” кечелери болуп өттү. Мындай кече район борбору Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде да болду. Кечеде алгач, мектеп директору Шадыкан Айымбетов, райББнын кызматкери Гүлгакы Субанова жана мугалимдер, ата-энелер куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, жеткинчектердин окууларына ийгиликтерди каалашты. Андан соң, ата-энелер жана мектеп окуучулары мектептин 1а жана 1б класстарынын окуучуларынын катышуусунда даярдалган чоң программадагы концертке күбө болушту. Концерттин жүрүшүндө, жеткинчектер мектеп, мугалим жана билим темасындагы көркөм ырларды окушуп, обондуу ырларды аткарышып, тамгаларга арналган ырларын жатка айтышып, жыл ичинде окуп үйрөнгөн билимдерин көргөзүштү. Мындан сырткары, жеткинчектер азыркы учурда эл ичинде популярдуу болуп жаткан “Кара жорго”, “Жалын бий” кыргыз бийлерин катыра бийлешип, балдар жомокторунан сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты. Кеченин соңунда, 1-класстын класстык жетекчилерине жана окуучуларына ата-энелер тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *