Чаткал өрөөнүндө күн жылымдап кар эрип, жерге дем келе баштады. Кар кетери менен айланабыз жашыл шиберге айланып, түркүн түрдүү чөп өсүмдүктөрү өсүп чыгып, кызыл сары гүлдөр ачылып, айланабыз көз жоосун алган кооздукка айланат. Өсүмдүктөр биздин жашоо булагыбыз. Ошондуктан жайнаган ар түркүн өсүмдүктөрүбүздү табигый абалда сактап, керектөөбүзгө үнөмдөп пайдалануу ар бирибиздин милдетибиз.
Жаратылышка көмөк көрсөтүү менен анын байлыгын пайдалануунун бирден бир жолу аарычылыкты өнүктүрүү. Бал аарылар өсүмдүктөрдүн нектарын эле жыйнап тим болбостон, аларды чаңдаштырып, урук байлоосуна чоң жардам көргөзөт. Чаңдашуунун негизинде чөп өсүмдүктөрдүн өсүүсү жана көбөйүүсү жогорулайт. Балчылыктын кенен өнүктүрсө ушул өрөөндөрдүн эли бал менен камсыз болуп, балды сырткары жактарга сатууга жетерлик даярдай алышат. Чаткал өрөөнүндө өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсүп жана дары чөптөр көп кездешкендиктен Чаткалдын балы да баалуу, базарда өтүмдүү. Айыл чарбасында элдин көпчүлүгү балчылыкка багыт алып, балчылыкты өркүндөтсөк элдин дагы экономикасы көтөрүлүп, жаратылышка дагы чоң салым болмок.
Өрөөндүн токойлуу бөлүктөрү ар түрдүү жемиш бактарга жана балдарга бай. Бул байлыктарды пайдаланууда жапайы жемиштерди терүүдө үч эреженин сакталышы милдеттүү шарт болушу керек. Биринчиден – ал өсүмдүктөрдүн урук таштоосун, экинчиден ушул өсүмдүктөн азыктанган жапайы жаныбарлар жана канатуулардын шыбагасын эске тутуу. Үчүнчүдөн, айрыкча жашыруун келип алгандар бадалдардын, дарактардын бутак-шактарынын сынып-бүлүнгөнүнө карап отурушпайт. Жыл сайын опсуз сындырылган өсүмдүк сополдонуп, түшүм берүүсү азаят же оорууга чалдыгып куурап жоголо берет. Мына ушул өсүмдүктөргө чычырканак, ит мурун, карагат, бөрү карагат сыяктуу көптөгөн бадал-дарак өсүмдүктөрү кирет. Алардын мөмөлөрүн этияттап терип өз пайдабызга пайдалансак.
Чаткал өрөөнүнүн кен талааларында көптөгөн чөп өсүмдүктөрү менен кошо дары чөптөрдүн көп түрлөрү өсөт. Алардан адырашманга токтоло кетсем анын бийиктиги 20-25 см. Кыргызстанда өтө көп таралган өсүмдүк. Адырашман чөбүн эрте жазда орок богок байлаган мезгилде жерден 5-10 см жогору кыркып алыш керек. Өсүмдүктү кол менен жулууга болбойт. Уругун кутучасы ачыла баштаган мезгилде жыйнайт. Кутучаны кездемени жазып күнгө же бастырмага кургатат. Өсүмдүктүн курамындагы олголоит алгач борбордук нерв системасынын кыймылдаткыч борборлорун жандандырат. Кандын басымын төмөндөтөт, жүрөк кан тамырын кеңейтет. Өттүн жана ичегилердин иштешин жакшыртат. Адырашманды биз өтө ыйык тутуп үй-жайды, бала-чаканы, короо-малды, техникаларды аластап келебиз.
Бака жалбырактын жалбырагы жайында гүлдөгөн мезгилде кол менен үзүп алынат. Бастырмага жука жайып кургатылат. Бака жалбырактын жалбырагы суук тийгенге каршы, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу болуп саналат. Жалбырактарды демдеп ичеги сезгенгенде жана бронхит, какырыкты жумшартуу үчүн демдеп ичет. Уругун ич катканда демдеп ичсе ичти жумшартат. Ириң чыгарууга пайдаланат. Кургатылган жалбырактан бир чоң кашык бир стакан (чоң) 20-30 минут демдейт, андан кийин пайдаланылат. Биздеги дары чөптөрдүн түрлөрүн таанып-билип жана аяр мамиле жасап пайдасын көрсөк.
Мындан тышкары бозунач, кадимки өгөй эне, долоно, шилби, чычырканак, карагат, ит мурун, мекеир ж.б. тамак ашка пайдаланган өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү витаминдерге өтө бай келип иммунитетти көтөрүүчү, денени калыптандыруучу, ар кандай оруулардын алдын алуучу катары чоң жардам көрсөтөт. Бул чөптөрдүн бир жагынан баалуулугу бар болсо, экинчи тараптан алганда жайыттар үчүн оттоо чөп болуп эсептелет.
Республиканын Улуттук Академиясына караган токойчулук боюнча институту, Агрардык академия атайын адистерди бөлүп, ар кайсы дары чөптөрдүн тараган орундарын жана запасын аныктап, сунуштарын (рекомендацияларын) берсе андан кийин республиканын фармация системасы кабыл алууну жана өз сырьебуздан көбүрөөк дары жасоону уюштурса, же ишкерлер коңшу республикалардын тиешелүү тармактары менен алака түзө алышса, жумушу жок айыл эли дары чөптөрдү даярдоого катышып, өздөрүнө да жайыттарга да пайда келтиришет эле. Чөп бышкан кезде чабылып, ордунда кургатылып жыйналса, чөптүн урук таштоосу да жакшырат.
Коруктардын, токой чарбасынын жана элдин керектөөсүнө жеткидей бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүү үчүн питомниктерди, айрыкча “токой жана токой-мелиоративдик” жана “жемиш бак” багытындагы питомниктерди уюштуруу бардык тараптан пайдалуу болор эле. Дыйкан чарбалар, жалпы эле жергиликтүү жашоочулар бак дарактарды тигүүнү көбөйтүүнү колго алуусу керек. Муну менен көптөгөн зарылчылыктар канаттандырылар эле. Талаа четтерине коргоо тилкеси катары тигилген бак-дарактар ал талаанын микроклиматын жакшыртса, жол жээктерине жана короо жайга тигилген бактар ал жайларга көркөмдүктү камсыз кылып кооздукту тартуулайт.
Жемиш бактар тигилсе түшүмүн берет. Андан ар кандай сок-сироптор, вареньелердин түрлөрү, жемиш кактар жасалып пайдаланылат. Акыры жүрүп жетилген учурунда ошол эле бак-дарактар арзан курулуш материалдары же отун болот. Айрыкча бадал өсүмдүктөрү же акация өңдүү өсүмдүктөр менен кошо талааны коргоо тилкесине тигилген мырза терек, кара жыгач же көк талдар курулуш материалы катары тез жетилүүчү дарактардан болуп эсептелет.
Аскасы бой тиреп, башынан ак кар кетпеген тоолордо токойлор анда өскөн өсүмдүктөр сулуулуктун белгиси эмеспи, токой байлыгын коргоо, аны көбөйтүү биздин асыл милдетибиз.
Жайнагүл Алчинбекова, Беш-Арал мамлекеттик коругунун кенже илимий кызматкери]]>