Кабар

Токойчулар үчүн пайдалуу семинар болуп өттү

43

лесхоз 1 лесхоз 2 лесхоз 3 лесхоз 4 лесхоз 5  Өтүп бараткан жуманын соңунда Чаткал райондук токой чарбасында аталган чарбанын токойчулары үчүн семинар өттү. Семинарга токой чарбасынын бардык токойчулары катышып, аларга токой чарбанын башчысы Нургазы Жолдошев, кызматкерлер Дүйшөнбек Барпиев, Курманбек Анарбековдор тарабынан өткөрүлдү. Семинарда негизинен, токойду сактоо жана коргоо, токойчулардын укуктары жана милдеттери, тиешелүү мыйзамдар жана нормативдик укуктук актылар, өрт коопсуздугун алдын алуу чаралары, токой өстүрүү жана өрчүтүү, калемче даярдоо, көчөт тигүү, жайыт комитети менен мамилелер,жайыттарды туура пайдалануу маселелери айтылып, катышуучуларга аталган маселелер боюнча окуу өткөрүлүп, кеңири түшүнүктөр берилди. Мында, токойчулардын ишмердүүлүгүндө кездешип келаткан көйгөйлүү маселелердин бири-токойчулар тарабынан жазылчу иш кагаздарынын туура,так жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте толтурулуусу экендиги айтылып, токой чарба кызматкери Дүйшөнбек Барпиев катышуучуларга бул маселеде кеңири окуу өткөрдү. Мында токойчулар окуунун жүрүшүндө актылардын жана протоколдордун үлгүлөрүн өздөрү толтурушуп, үйрөнүшүп, аталган иш кагаздарын мыйзам жагынан туура жана сабаттуу толтуруунун тартиби менен жакындан таанышышты. Мындан сырткары, токой чарба кызматкери Курманбек Анарбеков токой өстүрүү жана өрчүтүү, калемче даярдоо, көчөт тигүү, жайыттарды туура пайдалануу маселелери боюнча окуу өткөрүп, бул багытта кеңири түшүндүрмөлөрдү берди. Семинардын соңунда, катышуучулар токой чарба кызматкерлерине өз ишмердүүлүктөрүнүн алкагында тийиштүү суроолорун беришип, кеп-кеңештерди алышты.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь