Кабар

“Жыл мугалими-2015” сынагы болду

52

жыл муг 1 жыл муг 1 жыл муг 3 жыл муг 4 жыл муг 5 жыл муг 5 жыл муг 7  Өтүп бараткан жуманын башында Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук “Жыл мугалими-2015” кароо-сынагы болуп өттү. Кароо-сынакты жүрүшүндө катышуучулар окуучуларга сабактарды өтүшүп, өздөрүнүн агартуучулук тармагындагы билимдерин жана тажрыйбаларын көргөзүштү. Катышуучулар мындан сырткары, өздөрүнүн маданий, интеллектуалдык, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жана ар тараптуу таланттарын көргөзүү менен, калыстардын сынына коюшту. Эки күнгө созулган кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстардын тандоосу менен баш байгенин ээси болуп Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын адеп сабагы боюнча мугалими Гүлнара Нармырзаева табылып, төрт миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 1-орун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин кыргыз тили мугалими Анапия Нуркуловага ыйгарылып, эки миң сом акчалай сыйлыктын ээси болду. 2-орунга Терек-Сай айылындагы Терек-Сай орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Алтынай Турдиева илинип, миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми, 3-орун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жайнагүл. Атабаевага берилип, жети жүз сом акчалай сыйлыктын ээси болду. Мындан сырткары, сегиз катышуучу ар кандай наамдардын ээси болушуп, 3 мугалим райББнын “Алкыш” баракчасына арзышты.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь