Резервдик рота пландык текшерүүдөн өттү

күжүрмөн рота 1 күжүрмөн рота 2 күжүрмөн рота 3 күжүрмөн рота 4 4-5-март күндөрү Чаткал районунун резервдик ротасынын пландык текшерүү иш чарасы өткөрүлдү. 317-резервдик ротанын күжүрмөн даярдыгын текшерүү максатында өткөрүлгөн бул иш чарага район аймагында жашаган жыйырма жаштан кырк беш жашка чейинки курактагы запастагы жоокер эсептелген жарандардан 112 адам катышты. Иш чара район акиминин биринчи орунбасары Жуманалы Накетаев, резервдик ротанын командири, район акиминин орунбасары, улук лейтенант Муратбек Досматов, КР. Коргоо министрлигинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын улук офицери, полковник Таалайбек Жүзүмалиев, райондук аскер комиссары, улук лейтенант Эрнис Самаковдордун жетекчилиги астында өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө, резервдик ротанын курамы алдын-ала болуп кетчү ар кандай согуштук же, башка кырдаалдарда кандай аракеттенүү керектигин, андай болгон күндө, резервдик рота кандай аракеттерди иш жүзүнө ашыра алаарын иш жүзүндө көрсөтүп, айрым бир зарыл аскердик ыкмаларды аткарышты. Резервдик ротан быйылкы өтүп жаткан күжүрмөн даярдыкка жоопкерчилик менен мамиле жасап, ар кандай кырдаалга даяр экендигин көрсөтө алды. Муну КР. Коргоо министрлигинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын улук офицери, полковник Таалайбек Жүзүмалиев да өз сөзүндө тастыктады. Ал-Сиздер Ата Мекендин запастагы жоокерлерисиздер. Сиздер тышкы жана ички агрессивдүү күчтөрдөн өз районуңуздардын калкын, маанилүү объекттерди коргоого аласыздар. Резервдик рота деген, аймактык коргоодогу эң негизги күч.-деди резервдик ротанын курамына кайрылып жатып. Ал мындан сырткары, иш чараны уюшкандыкта өткөргөн резервдик ротанын өздүк курамына, алардын ичиндеги Ооган, Баткен согуштарынын ардагерлерине, райондук жетекчиликке жана айыл аймак башчыларына ыраазылыгын билдирди.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *