Кутман курак кут болсун, Кудайым берген Чаткалым

80 жылдыкка шакафтар  Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылынын маданият үйүндө Шекафтар №8 китепканасында китепканачы Кансулуу Мадалиеванын уюштуруусу астында Чаткал районунун 80 жылдыгына карата Кутман курак кут болсун, Кудайым берген Чаткалым” аттуу тегерек столу болуп өттү. Бул тегерек столго Гагарин орто мектебинин ардагер мугалими Абдубали Касымбаев, Чаткал районунун ардактуу атуулу Койлубай Тургунов, Шекафтар мектеп-интернатынын ардагер тарбиячысы Сабыржан Машрапов жана мектеп-интернатынын тарбиячысы Ашырбүбү Карабаева баш болгон окуучу-тарбиялануучулар жана башка меймандар келип катышышты. Адегенде китепканачы Кансулуу Мадалиева тарабынан аудиторияга Чаткал жергеси тууралуу көркөм окуулар тартууланып, Чаткал районун тарыхы баяндалды. Андан соң сөз кезеги жолугушуунун ардактуу меймандары А.Касымбаевге, С.Машрапбаевге К.Тургуновго келди. Алар учурунда Чаткал районунун тарыхы жана өздөрүнүн билгендери, көргөндөрү жана Чаткал районунун түптөлүшүнө, келечегине кам көрүп эмгектенип иштеген. Чаткал жергесинин чыныгы уулдарынын бири болгон Темиркул Кошбаевдин Чаткал жергесинин, Чаткал районунун өсүп-өнүгүшүнө, келечегине кошкон салымдары, иштери, эмгектери жана Чаткал жергесинин ажайып кооздугу, байлыктары тууралуу окуучуларга баяндама беришти. Ошондой эле аксакал меймандар окуучулар тарабынан узатылган суроолорго кеңири жоопторду, түшүнүктөрдү беришти. Аксакалдар, тегерек столдун ардактуу меймандарынын Чаткал районунун, Чаткал жергесинин кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси, келечеги жөнүндө болгон аңгемелери, баяндамалары, эскерүүлөрү тегерек столдун жалпы катышуучулары үчүн, өзгөчө окуучулар – Чаткал районунун келечек кадрлары үчүн кызыктуу жана пайдалуу кырдаалда өттү. Жакшы тартип, жакшы окуу, ата-энени кадырлап сыйлоо, өз мектебин, өз жерин сүйүү менен келечекте районубуздун алдыңкы инсандарынан, алдыңкы кадрларынан болуштарына аксакалдар акыл сөздөрүн окуучуларга насаат кылып айтышты. Аксакал меймандар Кансулуу Мадалиеванын уюштуруусу менен өткөрүлгөн “Кутман курак кут болсун, “Кудайым берген Чаткалым” тегерек столуна ыраазы болушуп, ага “рахматтарын” айтышты. Б.Исаков «Чаткал оттору»]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *