Февраль айынын соңунда Шакафтар айылындагы Ю. А. Гагарин орто мектебинде Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине арналган
“Чар тарабы керилген,
Чаткалым менин турагым.
Өзгө жер сага окшобойт
Өзүңсүң кымбат Чаткалым
Кутман курак кут болсун,
Куттуу жерим Чаткалым” урааны астында тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө Чаткал районунун тарыхы, белгилүү инсандары Темиркул Кошбаевдин, Ташбай Айдаровдун Чаткал районунун социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары, күжүрмөн, бараандуу эмгектери, Чотбай Нармырзаевдин чыгармачылык, жазуучулук иштери, китептери, маданиятта, илимде, экономикада, адабиятта эмгектенишкен жана эмгектенип жатышкан Чаткал жергесинен өсүп чыккан кадрлар, таланттар, ишмерлер, таанымал инсандар тууралуу кеңири сөз болду.
Мындан сырткары Чаткал жергесинде туулуп өскөн, билим берүү тармагында 50 жылдын ашык эмгектенген, учурда ардактуу эс алууда Абдубали Касымбаев, Социалисттик Эмгектин баатыры Ташбай Айдаровдун небереси Гүлжамал Арыкбаева тегерек столдун жалпы катышуучуларынын алдында Темиркул Кошбаевдин перспективалуу иштери, демилгелери, эмгеги, ишмердиги жана Ташбай Айдаровдун үй-бүлөсү, анын эмгек жолу тууралуу кеңири баяндама жасашты.
Б.Исаков «Чаткал оттору»]]>