Урматтуу районубуздун тургундары, сиздерге маалым болгондой, бүгүнкү күндө көпчүлүк өрт кырсыктары турак жайлардан чыгууда. Ошол өрт кырсыктарын алдын алуу максатында ар бир жаран өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо зарыл. Ошол себептүү, сиздерге төмөнкүдөй эрежелерди аткаруу менен өз турак жайларыңыздарды өрт коркунучунан сактап калууга болоорлугун эсиңиздерге салып кетебиз.
-жаш балдарды кароосуз калтырбагыла;
-жаш балдардан ширенкени катып койгула, жана электр каражаттарын колдонуусуна жол бербегиле;
-электр жылытуу каражаттарын күйүүчү нерселерге жакын орнотпогула;
-тиричилик электр жабдыктарын, жандырылган абалда көзөмөлсүз калтырбагыла;
-От жагуучу мештерди ар дайым көзөмөлгө алып, мештин ичин жана мооруларды ыштардан тазалап туруу керек;
-бөлмөлөрдө жана турак жайларды ачык от менен жылытпагыла;
-от күйүп жаткан мезгилде кооптуу заттар жана суюктуктар менен иштөөдө коопсуздукту так сактагыла;
Урматтуу жарандар! Жогорудагы көрсөтүлгөн жөнөкөй өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен сиздер жакындарыңыздарды жана турак жайыңыздарды сактап кала аласыздар.
Өрт чыкса 101 ге чалыңыздар!
А.Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, кенже лейтенант]]>