Жергиликтүү кабарлар

Сурьма казабыз-деп, үч адам каза болду

30

сурьма тууралуу 1 сурьма тууралуу 2 сурьма тууралуу 3 сурьма тууралуу 5 сурьма тууралуу 7 сурьма тууралуу 8“Буюкканга жылдыз от” демекчи, жумушсуздуктун айынан аз да болсо каражат таап көртириликти өткөзсөк деп Терек-Сайдагы таштанды шахтыларга кирип сурьма казгандардын аягы тыйылар эмес. Бул жерде бир гана Терек-Сай айыл аймагынын эмес, Ала-Бука районунан келип иштегендер да арбын. Ошондон улам өз алдынча сурьма казгандардын так санын аныктоо кыйын. Ал тургай күндүзгү жана түнкү сменада иштегендер да бар. Жакында эле дал ошол сурьмачылардан 3 адам газга ууланып каза болушту. Баары тең кырчындай болгон эр азаматтар экен, аттиң!.. Албетте муну жеткен ажал дечүлөр да болор, бирок Жараткан Алла Таалам деле сактансаң сактайм дейт тура. Тооба дейли, буга чейин деле шахтыда ар түрдүү кырсыктар болуп келген. Бирок, эң өкүнүчтүүсү бүгүнкү сурьма казгандар эч кандай коопсуздук чараларды көрүшпөй эле шахтыларды тытып жүрүшкөнүндө болууда. Жогоркудай кырсыгынан Кудай сактасын деңизчи, а ден соолукка зыяндуулугу канча? Муну менен эсептешкен жан жок. Тек “карайлаган там сүзөт” болуп сурьмачылардын аягы дале тыйылар эмес. Т.Темиралиев «Чаткал оттору»]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь