Жалпы

Куттуктоо!!!

402

Майрамдык гүлдесте Куттуу болсун! Жаркып бүгүн жашыл аалам жаз келип, Жашоо көрктүү аялзатка наз берип. Ошол көркөм сулуулукка магдырап, Көлкүлдөшөт көчөлөрдө кар да эрип. Ооба десеңчи, жан жыргаткан жаз айынын магдыраткан жылуулугу, жаштык берген улуулугу, анан да сезимдерге алтындай болгон арзуу чачкан ажайып кооз сулуулугу өзү өзгөчө сөз кылууга арзыйт эмеспи. Жаз келгенде түркүн-түстүү гүл жайнап, көркөм дүйнө көңүлдөрдөн муңду айдап, бир ажайып ышкы чачат сезимге, жүрөктөргө махабаттуу бүр байлап. Жаз келгенде жаркыйт аалам жаңырып, көркөм дүйнө кооздугуна чайынып, бүт теребел сулуу кыздай таранат, арзыганын күткөн өңдүү сагынып. Жаз келгенде үйдүн куту аялзат ачылатго, күлмүң көзү карагат, ошол көзгө, сулуулукка арбалып, арзуу оту улам күчөйт дамамат. Бүгүн келди жаз айлары жасанып, бүчүр ачып ар бир үйгө бак алып, келди мына гүлдөй болуп күлмүңдөп, кел замандаш, жазгы балдан таталык. Жаз сулуусун билбеген бар, билген бар, билсең ал жаз-үйүңдөгү сүйгөн жар, аялзатсыз көңүл кирдеп ар дайым, кут учкандай болуп турат дүйнөң тар. Ошондуктан ыйык деймин аялды,ар бир үйгө шоола төккөн таң алды, жараткан да жарык болсун деп ойлоп, берген тура сулуулукту, жамалды. Жаз айында келип аял майрамы, жаз гүлүндөй бүгүн алар жайдары, мен андыктан үйдүн куту аялга, куттук айтам, куттуу болсун майрамы! Дагы бир ирет майрамыңыздар менен айымдар! Мухамед Ади]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь