Демөөрчүлүк
51

таңуу бөлмөсү 1 таңуу бөлмөсү 2 таңуу бөлмөсү 3 таңуу бөлмөсү 4Демөөрчү инсандар көп болсун Азыркы тартыш мезгилде, ким бизге кол кабыш кылат-деп кол куушуруп олтурбай, айрым мекемелер жеке демөөрчүлөрдү таап, кээ бир маселелерин чечип алып жаткандыгы кубандырат. Мындай көз кубанткан окуя жакында райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда болду. Атап айтканда, Чаткал райондук ДЭП-27 ишканасынын башчысы Муратбек Жоошевдин жеке демөөрчүлүк каражатына оорукананын хирургия бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүмдүн таңуу бөлмөсүн оңдоп-түзөп алышты. -Мурда бул таңуу бөлмөсүнүн дубалдары көчүп, полунун сыры кетип, абдан начар абалда болчу. Демөөрчү болуп берүүсүн суранып кайрылганыбызга жок дебей, Жоошев Муратбек агабыз беш миң сом акчалай жардамын берген. Ал каражатты жумшап, таңуу бөлмөсүн оңдоп алдык. Эми, бөлмөнүн полун эле эмес, дубалдарын да кадимкидей жууп, тазалап турабыз, анткени, дубалдары заманбап шыбалып, жууп турганга ылайыкташтырылды. Жоошев Муратбек агабызга чын дилибизден ыраазылык билдиребиз-дейт хирургия бөлүмүнүн улуу медайымы Наргиза Чурнабаева. Биз да ылайым эле, кыйынчылыкта кол сунган демөөрчүлөрүбүз көп болсун демекчибиз. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь