Коом

Райондун 80 жылдыгына арналган ток-шоу болду

79

С. байдөөлөтов ток шоу 1 С. байдөөлөтов ток шоу 2 С. Байдөөлөтов ток шоу 3 С. Байдөөлөтов ток шоу 4 С. Байдөөлөтов ток шоу 520-февралда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинде мектеп жааматы тарабынан Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата “Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт” ток-шоусу болду. Ток-шоуга конок катары райондо алдыңкы жетекчилик кызматтарда жана ар кандай тармактарда иштеген белгилүү инсандар- Абдыракман Сапарбеков, Шадыкан Айымбетов, Равшанбек Мамурбеков, Мухамедалы Эшназаров жана Айсалкын Алыбаевалар катышып, Чаткал районунун тарыхы жана өздөрү иштеген тармактардын тарыхы тууралуу мектеп окуучуларына кеңири айтып беришти. Абдыракман Сапарбеков өз сөзүндө, Чаткал району алгач 1935-жылы өз алдынча район болуп уюшулгандыгын айтуу менен, Чаткал районунун район болуп уюшулганына чейинки мезгилден баштап, кийин кантип өз алдынча район болгондугу жана Чаткал районунун район болуп уюшулушуна кимдер өзгөчө эмгек сиңиргендиги тууралуу окуучуларга кеңири айтып берди. Шадыкан Айымбетов тарыхчы катары Чаткал районунун жана Чаткал өрөөнүнүн тарыхына учкай айтып, өрөөндө жашап өткөн Чанчар хан, Күлбөс хандар тууралуу көпчүлүк биле элек айрым маалыматтарды айтып берди. Мухамедалы Эшназаров журналист катары райондун басма сөз кызматтары болгон райондук “Чаткал оттору” гезити, райондук “Кыял ТВ” телестудиясы жана райондук chatkal.kg маалыматтык сайты тууралуу маалымат берип, райондун басма сөз кызматынын райондун өнүгүүсүнө кошкон салымдары тууралуу айтты. Ал эми, Айсалкын Алыбаева жана Равшанбек Мамурбековдор райондун билим берүү тармагынын жана аны менен бирге эле, С. Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин тарыхы тууралуу да айтышып, бул мектептин курулуп, ишке берилишине Социалисттик эмгектин баатыры, чаткалдык белгилүү малчы Ташбай Айдаровдун эмгеги зор экендигин белгилешти. Ток-шоунун жүрүшүндө, окуучулар тарабынан конокторго суроолор берилип, тийиштүү жооптор алынды. Мындан сырткары, окуучулар тарабынан Чаткал району тууралуу жазылган көркөм ырлар окулуп, ыр, бийлер тартууланды. Ток-шоунун соңунда, окуучулар тарабынан конокторго –Сиздердей агалар сыяктуу тарыхта калчу иш жасоо үчүн эмне кылуу керек?-деген суроого жооп беришип Абдыракман Сапарбеков жана Шадыкан Айымбетовдор, антмек үчүн жакшы окуп, бир гана кичи мекен үчүн эмес, жалпы кыргыз эли, Кыргызстан үчүн чыныгы эмгек өтөө керек экендигин белгилешти. Ток-шоу өз ара түшүнүүчүлүк маанайда жана пайдалуу деңгээлде өттү. Кошумчалай кетчү нерсе, Сатыбалды Байдөөлөтов орто мектебинде Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине арналып, атайы бурч ачылган. Окуучулар ал жерден райондун тарыхы тууралуу кеңири маалымат ала алышат. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь