Коом

Улуу Жеңишти улам жакындатышкан

63

Тарых барактарынан жазылып калгандай ошол мезгилдеги бирдиктүү , ынтымактуу Совет элинин, Советтик Армиянын 1941-1945-жылдарда германдык фашизмди биротоло талкалап жеңиши – хх кылымдагы Совет элинин өлбөс-өчпөс эрдиги, Улуу Жеңиши. Эң оор шарттарда Советтик Армия дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң жеңишке ээ болуп, СССРдин жана Европа өлкөлөрүн фашисттик оккупациядан куткарып калды. Европа аймагында тынчтык өкүм сүрдү. 1945-жылдын 9-майында Рейхстагдын чокусуна орнотулган Жеңиш Туусу Адамзаттын тарыхындагы унутулгус эң зор окуялардан болуп, тарых барактарында 9-май – Улуу Жеңиш күнү деп аталды. Ошол 1418 күнгө созулган оор согуш жылдарындагы фронтто жана оорукта ар бир жоокер жана генерал, ар бир жумушчу жана колхозчу, ар бир коммунист жана комсомол, пионер, ар бир эркек жана аял өздөрүнүн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери менен Улуу Жеңишти жакындатышкан. Ошондуктан да биз бүгүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына 1941-1945-оор жылдардагы согуш ардагарлеринин курман болгондоруна, тирүүлөрүнө жана оорукчуларга хх-кылымдын тарыхындагы Улуу Жеңишке кошкон салымдары үчүн таазим кылабыз. Алардын көрсөткөн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери унутулгус экендигин тарых барактары ырастап, далилдеп келет. Сумсар айыл аймагында да Улуу Жеңишке өздөрүнүн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери менен салымдарын кошушкандар бар. Оорукта ошол оор мезгилдерде Советтик аскерлерге, жоокерлерге камкордук көрүшүп, күжүрмөн эмгектери менен Улуу Жеңишке салым кошкондордун бири -Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар айылынын тургуну Сариева Азаш эне. Сариева Азаш эне 1923-жылы туулган. Каардуу, оор 1941-1945-согуш жылдарында оорукта эмгектенишкен миңдеген кыргызстандыктардай эле, Чаткал, Ала-Бука талааларында өздөрүнүн кажыбас-кайратуу эмгектери менен көптөн күткөн Улуу Жеңиш күнүн жакындаштырышкан. Албетте, алардын оор согуш жылдарындагы турмушу жана эмгеги – чыныгы атуулдук эрдик. Ал Жеңиш күнүнө болгон жолдо миңдеген адамдар оорукта кажыбас-кайрат менен эмгектенишкен. Аларга жеңишке гана болгон үмүт, ишеним кайрат берген. Мына ушундай Улуу Жеңишке болгон оор, кыйын, узак жолдо Сариева Азаш эне 5 жыл Чаткал районунун Ак-Таш айылынын талааларында кош айдап, ат минип, орок оруп, чөп байлап, машак терип, кажыбас-кайраттуу эмгектери менен Жеңиш күнүн жакындаштыргандардын катарында болуп, Улуу Жеңишке өзүнүн зор, салмактуу салымын кошкон. Бүгүн Сариева Азаш эне: “Улуу Жеңишке болгон узак жана кыйын жолдо 5 жыл үмүт, ишеним, ой-тилек, кажыбас кайрат менен эмгектендик, кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк, кыйынчылыктар артта калды. “Кыйынчылыктын түбү – үзүр”, “Сабырдын түбү – сары алтын” – деп айтылгандай, кажыбас, күжүрмөн эмгегибиздин акыбетин көрдүк – ошол мезгилдеги бир үй-бүлөнүн балдарындай жашаган Совет элибиз фашизмди жеңди, согуш бүттү. Ушунусуна кудайга миң мертебе шүгүр кылып, кайра келгис жоготуулардын кайгысын, согуштан кайтпай калган аталардын, уулдардын, бир туугандардын элестерин унута албайт экенсиң. Ылайым согуш болбосун” – деп эскерет. Ооба, бүгүн биз согуш жана оорук каармандарыбызга көңүл бөлүү, камкордук көрүү, таазим кылуу менен ардактообуз абзел. Учурда Сариева Азаш эне 1941-1945-жылдарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу, оор жылдарындагы кажыбас кайраттуу, күжүрмөн эмгектеринин, Улуу Жеңиштин акыбеттерин көрүп 4 кызды, 2 уулду өстүрүп, тарбиялап, үйлөп – жайлап 24 неберенин чоң энеси болуп, Улуу Жеңиш тартуулаган бактылуу турмушту башынан өткөрүп, өрнөктүү өмүр сүрүүдө. Сариева Азаш эне Улуу Жеңиштин бир нече юбилейлик медалдары менен сыйланган. Белгилей турган нерсе бүгүн ар бирибиз согуштун катышуучуларына, ооруктун каармандарына эң жогорку көңүл буруу, аларга мээримдүүлүктү, урмат-сый, таазим кылуу биз үчүн парз. Б.Исаков «Чаткал оттору»]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь