КР. Эл жазуучусу Өскөн Даникеев быйыл сексен жашка толду. Белгилүү жазуучунун сексен жылдык маарекесин жогорку деңгээлде белгилөө боюнча республиканын туш-тарабында иш чаралар уюштурулуп жаткан кези. Чаткал району да бул жаатта четте калбай, 2015-жылдын 6-февралында райондук мамлекеттик администрациянын № 19-буйругу чыгып, райондогу мекеме, ишканаларга жана айыл аймактарына жөнөтүлдү. Аталган буйрукка ылайык, белгилүү жазуучунун сексен жылдыгын татыктуу өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлүп, тийиштүү мекемелер тарабынан жазуучунун ишмердүүлүгү, өмүр баяны жана басып өткөн жолу тууралуу кечелерди, бурчтарды жана көргөзмөлөрду уюштуруу, жазуучунун “Өрттүү кечүү” тегерек столдорду өткөрүү боюнча иш планы кабыл алынды. Ал эми, иш чаралардын өткөрүлүшү тууралуу райондук гезит аркылуу район калкына жеткирилип турмакчы. ]]>