Кабар

80 жылдыкка арналган жөө жүрүш

92

жөө жүрүш 14 жөө жүрүш 13 жөө жүрүш 12 жөө жүрүш 11 жөө жүрүш 10 жөө жүрүш 9 жөө жүрүш 8 жөө жүрүш 7 жөө жүрүш 6 жөө жүрүш 5 жөө жүрүш 4 жөө жүрүш 3 жөө жүрүш 1 Жөө жүрүштүн соңунда, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн алдында митинг болду. Митингде район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев бүгүнкү жөө жүрүштүн себеби жана мааниси тууралуу сөз сүйлөп, райондогу акыркы жетишкендиктерге учкай токтолуу менен, катышуучуларды атуулдук бийик ар-намыска чакырды. Андан соң, раймамадминистрациянын кызматкери Алтынай Таштанбаева чаткал районунун уюшулуу тарыхы менен катышуучуларды тааныштырды. Мындан сырткары, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Нышанбү Оморова, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Эркинбек Кошбаев, ардагерлер Баймырза айтиев, Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүнүн алгачкы демилгечиси Мелисбай Сейталиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Митинг аяктаган соң, катышуучуларга райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт тартууланды. концерт 1 концерт 2 концерт 3 концерт 5 концерт 6 (1) концерт 6 Бул күнү, Т. Эрматов атындагы спорттук залда райондун 80 жылдыгына карата Алыш күрөшү боюнча 5 салмактык категорияда райондук мелдеш өттү. Мелдешке райондун туш-тарабынан ар кандай салмактагы алтымыштан ашуун балбандар катышты. Мелдеш абдан кызуу таймаш менен өтүп, соңунда, 45 кило салмактык категорияда 1-орунга Ж. Жоробеков, 2-орунга А. Нарбеков, ал эми, 3-орунга Э. Соорбековдор ээ болушту. 50 кило салмактык категорияда 1-орун К. Акышов, 2-орун С. /Максымалы уулу ал эми, 3-орун Н. Дүйшөнбай уулуна ыйгарылды. 55 кило салмактык категорияда 1-орун М. Осмоналы уулу, 2-орун Д. Момунбек уулу ал эми, 3-орун Б. Азимбек уулуна берилди. 60 кило салмактык категорияда 1-орунга З. Мырзагул уулу, 2-орунга А. Нуркалык уулу ал эми, 3-орунга К Анарбек уулу ээ болду. 65 кило салмактык категорияда 1-орун Т. Абдимитал уулуна, 2-орун Т. Рустам уулуна ал эми, 3-орун М. Нурланбек уулуна ыйгарылды. күрөш 1 күрөш 3 күрөш 4 күрөш 5  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь