Январь айынын 30унда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында айылдык кеңештердин кошмо жыйынынын кезектеги сессиясы болду. Сессиянын күн тартибине 5 маселе-кошмо жыйындын президиумун шайлоо, кошмо жыйындын төрагасын шайлоо, кошмо жыйындын катчылыгын шайлоо, эсептөө комиссиясын шайлоо жана райондук мамлекеттитк администрация башчысынын райондун 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2015-жылга милдеттери жөнүндөгү отчету коюлду. Алгач, кошмо жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселелер депутаттардын кароосуна коюлуп, кошмо жыйындын президиуму шайланган соң, кошмо жыйындын төрагалыгына Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы Урал Сейталиев бир добуштан шайланды. Андан соң, кошмо жыйындын катчылыгы, эсептөө комиссиясы шайланды. Күн тартибиндеги кийинки маселе боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчету угулду. Отчетто белгиленгендей, 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондо эл чарба тармактарынан 2361592,9 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 100,5 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызга же 311246,3 миң сомго көп аткарылды. Райондо айыл чарбасы тармагында жылдын жыйынтыгы менен 1038749,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 98,7 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 131,2 пайызга өсүү темпи камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан 2928,0 тонна эт, 8589,0 тонна сүт, 100,0 тонна жүн, 1860,0 миң даана жумуртка, талаачылыктан 1559,0 тонна дан, 5411,0 тонна картошка, 96,0 тонна май өсүмдүгү, 3377,0 тонна жашылча өндүрүлдү. Өнөр жай тармагында 732849,0 миң сомдук продукция өндүрүлуп, план 93,5 пайызга, ал эми 2013-жылга салыштырмалуу 94,3 пайызга аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 107 пайызга аткарылды. Ал эми район боюнча калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жылдын жыйынтыгында 32201,0 миң сом болуп, план 109,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 110,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды Капиталдык салымдардын көлөмү 78332,1 миң сомду түзүп, план 112,2 пайызды, 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 172,5 пайызга аткарылды. Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 479461,0 миң сомду түзүп, план 116,1 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 117,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды. Жыл ичинде райондун экономика, социалдык тармактарына жалпысынан 345423,8 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 161,8 пайыз өсүш камсыз кылынды. Анын ичинен 136042,7 миң сом айыл чарбасына, 46339,0 миң сом соода сатыкка, 123753,9 миң сом социалдык тармакка, 39288,2 миң сом ар кандай тармакка тартылган. Райондун аймагында кредит берүү жакшы жолго коюлду. 2014-жыл ичинде райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 182344,9 миң сом кичи жана орто кредиттер берилип, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, өз чарбаларын жана ишкердүүлүгүн өстүрүүгө жакшы шарттар түзүлдү. Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы тарабынан 379019,5 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 101,1 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 68% га камсыз кылынды. Анын ичинен республикалык бюджетке 312311,4 миң план белгиленсе 302841,7 миң сомго аткарылып, план 97% ал эми, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 61,7 % түздү. Жергиликтүү бюджетке 66195,7 миң сом план белгиленсе, 76177,8 миң сом топтолуп, план 115,1% пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 113,9% көп топтолгон. Айыл аймактар боюнча алганда, Каныш-Кыя айыл аймагына жалпы 2837,0 миң сом план берилсе, 3460,6 миң сом топтолуп, 122,0 пайызга аткарылган. Чаткал айыл аймагына 661,0 миң сом план берилсе, 932,7 миң сом топтолуп, пландан 271,7 миң сом ашыкча же 141,1 пайызга аткарылган. Терек-Сай айыл аймагына жалпысынан 877,0 миң сом план берилсе 1621,4 миң сом топтолуп, план 744,4 миң сомго ашык же 184,9 пайызга аткарылган. Сумсар айыл аймагына 520,0 миң сом план жеткирилген болсо, 649,5 миң сом топтолуп план 124,9 пайызга аткарылды. Отчет окулуп бүткөн соң, депутаттар отчетто айтылган маалыматтар боюнча аким Канжарбек Эшалиевге суроолорду беритшти. Соңунда, район акими Канжарбек Эшалиевдин отчету канааттандыраарлык деп табылды. Мындан сырткары, район акими Канжарбек Эшалиев жаңырган 2015-жылга карата коюлган милдеттер жөнүндөгү маалымат берди.]]>