Экономика

Өсүү темпи бир топ жогору камсыздалды

27

коллегия 2 коллегия 3 коллегия 4 2014-жылда катталган 23 фирмадан 6 фирма, булардын ичинен 2 фирма изилдөө (“ЗААВ Чаарат” ЖАКу, “Кичи Чаарат”ЖАКу) жана 4 фирма алтын өндүрүү боюнча (“Вертекс Голд Компани”ЖЧКу, “Фонта” ЖЧКу, “Кай Интерпрайз” ЖЧКу, “Кыргызалтын” ААКу) иштеген. Аталган фирмалардан финансылык колдоолору аркылуу 2014-жыл ичинде көптөгөн иштер аткарылды. Алардын айрымдарына токтоло турган болсок аталган суммадан: 21 100 000 млн. сомго Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автожолунун Каныш-Кыя жана Жер-Капчыгай-Айгыр-Жал участкаларына 3,5 км асфальт төшөлдү. Андан сырткары курулушу өткөн жылда башталган Кызыл-Токой айылына Таза-Cуу проектиси 32 млн сомго бүткөрүлдү. “Кай Интерпрайз” фирмасынын каржылоосу менен Коргон-сай айылына 2 000 000 сомго көпүрө курулуп ишке берилди. “Ю.А.Гагарин” орто мектебине окуучуларды ташуу үчүн автобус сатып алууга 200 000 сом жана “Жылдызча” бакчасынын кошумча имаратынын курулушуна 200 000 сом салым кошулду. Ошондой эле, Каныш-Кыя жана Жаны-Базар айылдарына калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн “Чаарат ЗААВ” фирмасынан 1 000 000 сом каражат которулуп арзан баадагы эки дүкөн уюштурулуп ийгиликтүү иштеп жатат. Андан сырткары аталган фирма тарабынан Каныш-Кыя-Кировка автожолунун “Каракысмак” участогун кеңейтүү боюнча 2 153 125,93 сомдук иш аткарылып, жолдун тар жерлери жардыруу иштери аркылуу кеңейтилген. Райондогу дагы бир стратегиялык курулуш обьектиси болгон санэпид көзөмөл борборунун лабораториясынын курулушуна “Кай Интерпрайз” фирмасы 500 000 сом акча каражатын которуп берген. Чаткал айыл аймагына Жаңы-Базар айылынын таза суу түтүктөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө “Чаарат ЗААВ” ЖАКу 1 млн. сом которуп берип, тендер өткөрүлгөн. Чаткал айыл аймагынын кеңсесинин ремонтуна “Кичи Чаарат” ЖАКу 400 000 сом жардам берген. Жаны-Базар айылынын маданият үйүнө 100 000 сомго музыкалык аппаратура сатып алынган. Жаны-Базар айылындагы мечиттин ремонтуна 600 000 сом каражат берилген. “ЕТ Гео” фирмасы 150 000 сом спорттук эмеректерди жана 400 000 сом башка муктаждыктар үчүн Ак-Таш айылына финансылык колдоо көрсөткөн. “Эвентус” фирмасы тарабынан Терек-Сай айылы менен Кызыл-Токой айылынын ортосундагы автомобиль жолуна 25 км. аралыкка шагыл төшөлгөн. Терек-Сай орто мектебине “Хайленд эксплорейшн” фирмасы 150 000 сом акча каражатын демъърчлк жардам катары бөлүп берген. Жаны-Базар айылына “Бустер” фирмасы тарабынан сметалык баасы 10 млн. сом болгон көпүрөнүн курулушу бүгүнкү күнгө 50%ы аткарылды. Айгыр-Жал айылына “Вертекс Голд Компани” ЖЧКу тарабынан сметалык баасы 20 млн. сом болгон көпүрөнүн курулушу бүгүнкү күнгө 30%ы аткарылып, 2015-жылда бүткөрүлүп ишке берилет. Ошондой эле райондо медицина тармагындагы адистердин тартыштыгынан 7 студентти аталган адистикке окутуп даярдоо боюнча райондогу фирмалар тарабынан каржыланып жатат. Кызыл-Токой айылына маданият үйү 8 млн.,400 мин сомго курулуш иштери башталып, бүгүнкү күнгө 6 255 000 сомдук жумуш аткарылып быйылкы жылда бүткөрүү жагы пландаштырылып жатат. Ошондой эле, райондо “Чаарат ЗААВ”, “Кичи Чаарат” фирмаларына кошо “Вертекс Голд Компани” фирмасы да өкүлчүлүктөрү ачылды жана фирмалар тарабынан район тургундарына 138 жумуш орду түзүлгөн. Дагы бир чоң окуялардын бири-өткөн жылдын 28-ноябрында Терек-Сай айылында “Кассан” сурьма участогу ачык-айкын жергиликтүү коомчулуктун көз алдында аукционго коюлуп, 4 521 000 долларга сатылды. Ал эми, Каныш-Кыя айыл аймагынын өздүк бюджетинен 12 млн. сомго 3 км жолго асфальт төшөлүп, 2,5 км. аралыкка тротуар курулду жана Каныш-Кыя-1 көпүрөсү 495 000 сомго, Каныш-Кыя-2 көпүрөсү 484 000 сомго ремонттолду. Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсеси 5,9 млн. сомго заманбап капиталдык ремонттон өткөрүлдү. «Ыдырыс Ата» күмбөзү райондо тарыхый туристтик обьект болуп эсептелинет. 2014-жыл ичинде туристтик обьект катары жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында ар кандай көчөттөр (карагай,арча) тигилип, демөөрчүлөр тарабынан кошумча туристтер тамактануучу жана тамак бышыруучу жайлар жана о.э. жеке демөөрчүлөр аркылуу 100000 сомдук жергиликтүү бюджеттен 125000 сомго арка курулуп, фонддон отургучтар орнотулуп, ишке берилди. Райондук мамлекеттик администрациясынын жана мекеме–ишканалардын колдоосу менен 150 000 сомдук жумуштар аткарылып, 2014-жылы жалпы 3545 туристтер келишти. Анын ичинен 3542 жергиликтүү туристтер, 2 КМШ, 1 чет өлкөдөн келген. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчетунан соң, райондук ветборбор мекемесинин башчысы Ж. Жолдошев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин башчысы Э. Кошбаев, “Байчечекей” балдар бакчасынын башчысы У. Абдыкеримова, райондук социалдык фонддун башчысы А. Эшикуловдор жарыш сөзгө чыгышып, аким К. Эшалиевдин отчету канааттандыраарлык экендигин бир ооздон белгилешти. Жарыш сөздөн соң, КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматовго сөз берилди. Ал өз сөзүндө, райондун Сумсар, Терек-Сай жана Чаткал айыл аймактарында болуп жаткан иштер менен жалпы таанышкандыгын айтып, келечекте Чаткал жана Ала-Бука райондору өзүн өзү камсыздаган район болоорлугу тууралуу оң пикирлер барлыгын, себеби, бул эки райондо тоо кен тармагынын келечеги кең экендигин белгилеп–районго тоо кен мекемелеринен тиешелүү каражаттар түшө баштаса, албетте, бардык тармактарда алга жылуулар болот. Тоо кен ишканалары менен тыгыз иштешип, алардан түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, бардык тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылуу керек-деди. Ал буга кошо эле, быйыл башталчу АРИС программасына долбоорлорду жазып, бир топ иштерди бүткөрүп алууга болоорлугун айтты.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь