Коом

Темиркул Кошбаевдин музейи ачылды

156

музей 2 музей 3 музей 4 музей 5 музей 6 музей 8 Салтанатка КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов, райондун облустагы куратору Сабырбек Сатыбалдиев, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысынын орунбасары Камал Исманов, район акими Канжарбек Эшалиев, райондогу айыл аймак башчылары, мекеме, ишканалардын, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери катышты. Салтанатта КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов, район акими Канжарбек Эшалиев, Темиркул Кошбаев менен бирге иштешкен замандашы Абдыракман Сапарбеков, Темиркул Кошбаевдин уулу, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Эркинбек Кошбаев ж.б. бир топ инсандар сөз сүйлөшүп, Темиркул Кошбаевдин өз мезгилинде эл, жер, мамлекет үчүн жасаган бараандуу иштерине токтолушту. Салтанаттын жүрүшүндө, Эркинбек Кошбаев музейдин ачылышына тикелей жардамдарын көргөзгөн район акими Канжарбек Эшалиевге, орунбасарлары Жуманбек Накетаевге, Муратбек /Досматовго жана салтанатка катышып жаткан конокторго ыраазылыгын билдирип, бирден ак калпак кийгизди. Андан соң, музейдин кызыл тасмасы кесилип, катышуучулар Темиркул Кошбаев өз кезинде пайдаланган айрым буюмдар, архивдик документтер жана фотосүрөттөр менен таанышышып, музейдин уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь