Жаш бедизчи Насибанын апасы Атыргүл Кызыбыз балдарымдын эң кичүүсү болгондуктан, андан эч кандай деле өнөрдү күткөн эмес элек, минтип, өз алдынча эле камырдан суктанаарлык буюмдарды жасай баштаганын көпрүп, бир чети ыраазы боло, бир чети кызыбыздын талантын ал чоңойгонго чейин эч байкабаганыбызга таңбыз-дейт күлүп. Бедиз жасоого кетчү керектүү колдонмолорду атасы Абдимиталип акчасын аябай, кайдан болсо да таап сатып берип, чыгармачылыгына ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.
Ал эми, жаш бедизчи кандай окууга тапшырса деле, өзү сүйгөн өнөрүн таштабастыгын айтат. Азыркы кезде Насиба жасаган эстелик буюмдар райондогу мекемелерден да орун ала баштады, тактап айтканда, айрым жетекчилер ал жасаган буюмдардан алышып, өз мекемелерине өзгөчө буюм катары коюшууда.]]>