Өткөн күз айларында Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу менен райондогу мекеме, ишканалар арасында “Кош Жылдыз” кароо-сынагы башталган эле. Кароо сынак үч айлампа менен өтүп, декабрь айынын 28инде үч айлампанын жеңүүчүлөрүнөн түзүлгөн гала концерт болду.
Гала концерттин жыйынтыгы менен калыстардын тандоосу боюнча Гран При С. Байдөөлөтов орто мектебинин мугалимдери Акжол Эгембердиев менен Жылдыз Төрөбековага ыйгарылып, плазмалык телевизор тапшырылды. 1-орун райондук жалпы дарыгерлик борборунун кызматкерлери Нургүл Жаманкулова менен Нурлан Кулумбетовго ыйгарылып, 5000 сом акчалай сыйлык берилди. 2-орун райондук социалдык фонд башкармалыгын башчысы Адылбек Эшикулов менен райондук маданият үйүнүн кызматкери Суусар Ашырбековага ыйгарылып, 3000 сом акчалай сыйлык берилди. 3-орун А. Баймырзаев орто мектебинин мугалимдери Алтынбек Каратаев менен Тилек Усупбековага ыйгарылып, 2000 сом акчалай байге берилди. Ал эми, 4-орун Байчечекей балдар бакчасынын башчысы Уулбү Абдыкеримова менен Курманбек Нурбаевге ыйгарылып, 1000 сом акчалай байге тапшырылды.
Мындан сырткары, мыкты улуттук кийим, мыкты клип, мыкты үй бүлөлүк аткаруучу, мыкты фольклордук чыгарма номинациялары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлыктарды жеңүүчүлөргө район акими Канжарбек Эшалиев өзү тапшырды.
Айта кетчү нерсе, “Кош Жылдыз” кароо-сынагы 2014-жыл-Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.]]>