Иш чаранын алкагында буга кошо эле, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан ыр, бий коштогон чакан концерт тартууланып, катышуучулар Аяз Ата жана Аяз Кыздын коштоосунда майрамдык шаңга бөлөнүштү.
Майрамдык иш чарага район аймагында кен казуу жана чалгындоо иштерин алып барган “Кичи Чаарат”, “Чаарат ЗААВ” жана район акиминин фондунан жалпысы 30 миң сом акча каражаты жумшалды.
Кошумчалай кетчү нерсе, Терек-Сай жана Сумсар айыл округдарындагы жарым, тоголок жетим 20 балага район акиминин атынан белектер жөнөтүлдү.]]>
Маданият