Окуучулар улуттук буюмдарды жасоону окуп, үйрөнүштү

Окуучулар улуттук буюмдарды жасоону окуп, үйрөнүштү

Май айынын 11инде район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде аталган мектептин эмгек жана сүрөт мугалими Рахат Сейталиева тарабынан 7-класстын окуучулары үчүн «Улуттук буюмдарды жасоо» аттуу ачык сабак өттү.

Сабак алгач «Кыргыз көчү» күүсүн угуу менен башталып, мугалим Р. Сейталиева окуучуларга кыргыз улуттук буюмдары тууралу суроолорду жана табышмактарды берип, окуучулардын бул жааттагы билимин текшерди.

1462943037040 1462943101773 1462943117265 1462943132304 1462943151523 1462943171488 1462943184849

Андан соң  окуучулар изилдөөчүлөр, сүрөтчүлөр, көркөм окуучулар жана кол өнөрчүлөр делген төрт топко бөлүнүшүп, тапшырмага ылайык буюмдарды жасашып, жасаган буюмдары тууралуу түшүндүрүп беришти.

1462943897709 1462943916064

Сабак учурунда кыргыз күүлөрү жаңырып турду.

Мугалим Р. Сейталиева окуучүларга кыргыз улуттук буюмдары тууралуу кеңири түшүнүк берүү максатында, эркектерге  тиешелүү буюмдар тууралуу балдарга ал эми, аялдарга тиешелүү буюмдар тууралуу кыздарга суроолорду берип, ага ылайык түшүндүрдү.

Соңунда, тесттик суроолор аркылуу окуучулардын канчалык түшүнүк алгандыгы бир сыйра текшерилди.

Жыйынтыгында, окуучулар кыргыздын улуттук буюмдвры тууралуу кеңипи түшүнүк ала алышты.

М. Эшназаров