КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 1 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Депутаттык комиссиянын корутундусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин иш планына ылайык түзүлгөн депутаттык комиссиянын кен казуучу “Вертекс Голд Компани” ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча чыгарган корутундусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айыл кеңешинин депутаттык комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзуп жаткан “Вертекс Голд Компани”ишканасынын иштөө тартибине төмөндөгүдөй талаптар коюлсун:
-“Вертекс Голд Компани” ишканасынын жана анын карамагындагы подряддык бөлүмдөрүнүн түрүнө карабастан Чаткал райондук салык башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп, мыйзамдуу төлөнүүчү салыктар районубузга төлөнүүсүн камсыздашсын.
-Ишканага жумуш орундарына 50% жергиликтүү тургундардан алынуусу, жумушчуларды окутуу менен кабыл алууну уюштурулсун.
— Ишкана тарабынан социалдык пакетке түшүрүүлүчү сумманы көбөйтүү, Чаткал-Кара-Буура авто жолун утурумдук оңдоодон өткөрүү
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты корго, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 2 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
“Чаткал көйгөйү” тобунун кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд Компани”, “Чаарат ЗААВ”, “ Кичи Чаарат” ишканаларындагы калдык сактоочу жайларынын (хвостохранилище) иштөө тартиби, экологияга тийгизген терс таасирлери, буга чейинки коомдук угууларда берилген убада боюнча жумуш орундарына кабыл алуу жөнүндөгү жергиликтүү тургундардын кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд Компани”, “Чаарат ЗААВ”, “Кичи Чаарат” ишканаларынын иштөө тартиптери, жумуш орундары, калдык сактоочу жайларынын иштөө механизми камтылган толук маалыматты жана экологиялык коопсуздугу жөнүндөгү зарыл болгон тиешелүү документтерин элге тааныштыруу менен маалымат берүү жагы , маалымат берүүдө бардык маселелер боюнча жооп алуу үчүн ар бир ишкананын жооптуу кызматкерлери менен ишкана жетекчилеринин өздөрү катышуу жагы эскертилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жана тиешелүү ишканалардын жетекчилерине маалымат жеткирүү жагын өзүмө калтырам.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты корго, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 3 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнүн материалдык жардам берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын жардам берүү жөнүндөгү кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жардам берүү боюнча кайрылган тургундарына жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдар эсебинен керектелүүчү акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
— Коргон-Сай айылынын тургуну Тойгонбаева Розагүлгө үй салууга 30000сом
— Чакмак-Суу айылынын тургуну Сарыбаева Атыргүлгө үй салууга 30000 сом
— Каныш-Кыя айылынын тургуну Фахритдинов Маратка үй салууга 30000 сом
— Чакмак-Суу айылынын тургуну Конушбеков Бекболотко үй салууга 30000 сом
— Айгыр-Жал айылынын тургуну Сакеев Адылбекке үй салууга 30000 сом
-Каныш-Кыя айылынын тургуну Надырбеков Тариелге дарыланууга 20000 сом
-Айгыр-Жал айылынын тургуну Бекмырзаева Гулзатка жергиликтүү бюджеттин резервдик фондусунан 10000 сом
-Айгыр-Жал айылынын тургундары Тургунбаев Талгатбекке, Тургунбаев Тахминага жер тилкесин берүүгө тиешелүү документтерин даярдоого керектелүүчү 22000 сом
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын
№ 4 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Жер категориясын которууга сунуш берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу “Сандалаш” участкасындагы мамлекеттик запастагы турган 25270 га жана өзгөчө коргоодо турган 25715,3 га жер аянттарын которуп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кайрылуусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Сандалаш” участкасындагы мам лекеттик запастагы турган 25715,3 га жер аянты өзгөчө коргоодо турган жерлер категориясына которууга сунушталсын.
3. “Сандалаш” участкасындагы 25270 га өзгөчө коргоодо турган жер аянты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мамлекеттик запастагы жерлер категориясына которууга жана жайыт үчүн пайдаланууга сунушталсын.
4.Жер аянттарын которуу боюнча тиешелүү мекемелер менен бирдикте иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
5..Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 5 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катына ылайык Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине “Чаарат ЗААВ” ЖАКсы тарабынан Россия Федерациясынан Айгыр-Жал айылынын тургуну Жапарбек уулу Азаматтын табытын алып келүүгө которулган акча каражатын жумшоого уруксат сураган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын каты эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине келип түшкөн 70000(жетимиш миң) сом акча каражатына лимит алууга жана өз багытында жумшоого уруксат берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 6 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө
Чаткал райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине коронавирус оорусунун алдын алуу, жайылтпоо максатында медициналык дары-дармектерди, каражаттарды сатып алууга которулган акча каражатын жумшоого уруксат сураган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Аймакта коронавирус илдетинин алдын алууда, аны менен күрөшүүдө медициналык каражаттардын жетишсиздиги эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине келип түшкөн 650000 (алты жүз элүү миң) сом акча каражатына лимит алууга жана жугуштуу илдетке каршы керектелүүчү медициналык каражаттарды алуу үчүн өз багытында жумшоого уруксат берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 7 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Үнөмдөлгөн акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы тендердик конкурстан өткөрүлгөн долбоорлордон үнөмдөлгөн 6513600 сом акча каражатын багыттарга жумшоого уруксат сураган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы пландаштырылган долбоорлорунан акча каражаттары үнөмдөлгөндүгү эске алынсын.
2. Үнөмдөлгөн 6 513600 сом акча каражаты төмөнкү багыттарга жумшоого уруксат берилсин:
-Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу дем алуусуз иштеген айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 326900 сом
-Социалдык төлөмгө 17,25 % 56400 сом
-Аймакта санитардык эрежелердин сактоодо керектелүүчү каражаттарды сатып алуу максатында бала бакчаларга 160000 сом, мектептерге 180000 сом, айылдык маданият үйлөрүнө 60000 сом, айылдык китепканаларга 80000 сом
-Аймактагы мектептердин чатырчасына өрткө каршы суюктук чачууга 80000 сом
-Жардам сурап кайрылган жарандарга материалдык жардам берүүгө 295000 сом
-Нур билим балдар бакчасынын жана Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүүчү мектебинин астына асфальт төшөөгө 320600 сом
-Каныш-Кыя айылына салынуучу ветеринардык клиниканын долбоорундагы өздүк салымы үчүн 1 891400 сом
-“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын “Портьер-2” автоунаасынын ремонту үчүн 62000 сом
-Каныш-Кыя айылдык кенешинин социалдык маслелер боюнча туруктуу комитетинин отурумунун протоколу менен материалдык жардам сураган жарандарга 85000 сом
-Башкы-терек айылына жабык кичи футбол аянтчасын курууга бөлүнгөн 4 500000 сом акча каражатынан 2 916300 сому
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 8 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү жамааттардан көрсөтүлгөн тизмесин карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн айылдарынан берилген сунуштар эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын кошумча резервдик курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3.Участкалык шайлоо комиссияларынын кошумча резервдик курамдарынын тизмеси аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Козубаевге тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясындагы участкалык шайлоо
комиссияларынын резервине киргизилген талапкерлердин
тизмеси
№ | Участкалык шайлоо комиссиясынын | Ф.И.О. | ||
Х | номери | аталышы | ||
1 | 2291 | Чакмак-Суу | Жуманазаров Сапар Омурбекович | |
Кайназарова Жаркын | ||||
Анаркулова Нуржан Назаркуловна | ||||
2 | 2292 | Башкы-Терек | Осконалы кызы Айтурган | |
Исмоилова Орзигул Ювашбой кызы | ||||
Кочкоров Бакытбек | ||||
Курманалиева Жазайым | ||||
Турганбаева Элизар | ||||
Онорбаева Мееримбу | ||||
Замирбек уулу Алберт | ||||
Айталиев Кубан | ||||
Жайлобаева Зуура | ||||
3 | 2293 | Коргон-Сай | Токторбаев Маратбек Манасович | |
Эркинбек уулу Бегимкул | ||||
Таласбаев Чынарбек | ||||
Аракеева Назгул | ||||
Кайыпназарова Гулзат | ||||
Нуржан кызы Делбирим | ||||
4 | 2380 | Кайын-Суу | Эргешова Гулбар | |
Тукушов Иманбек | ||||
5 | 2294 | Каныш-Кыя | Назалова Мира | |
Сулайманова Гулгакы | ||||
Осмонкулов Асисбек | ||||
Субанова Самара | ||||
Карабаева Жаныл | ||||
Анарбеков Толкунбек | ||||
Суйунбаева Элнура | ||||
Нурланбек к Айтегин | ||||
Советбек к Айчурок | ||||
Аширова Нестан | ||||
Нарматова Жазгул | ||||
Ашырбекова Суусаркан | ||||
6 | 2402 | Кара-Булак | Чоюнов Кутманалы | |
7 | 2295 | Айгыр-Жал | Эргешова Гулназ | |
Конокбаева Эльмира | ||||
Мамашов Максат | ||||
Мусаева Айсулуу | ||||
Анаркул уулу Жаныбай | ||||
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы: Н.Жолдошев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 9 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынан “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна кеңсе салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1”Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Ала-Бука филиалынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынан “Айыл Банк” ААКсынын Чаткал районунун калкына кызмат көрсөтүү үчүн кеңсе салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелр, айыл чарбасы,өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 10 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Балдарды аралыктан окутууга шарт түзүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын райондун аймагында коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабынын коронавирус эпидемиясына каршы райондук фонддун эсебиндеги 336511,77 сом акча каражатын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине которулуп берилип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына аралыктан окуусуна шарт түзүү үчүн уюлдук телефондор жана телевизорлор менен камсыз кылуу боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине которулган 336511,77(үч жүз отуз алты миң беш жүз он бир сом жетимиш жети тыйын) сом акча каражатынын ичинен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына аралыктан окутууга ыңгайлаштырып, уюлдук телефондорду жана телевизорлорду алып берүү боюнча иш алып баруу жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Козубаевге тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 11 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Айыл чарба жерлерине суугат иштерин жакшыртуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айдоо аянттарына суу баруучу Кайың-Суу, Түлөберди- Ноо-Арык, Чоң-Тескей каналдарын реконструкциялоо боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айылынын тургундарынын каналдарды реконструкциялоо боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын Кайын-Суу, Түлөберди-Ноо-Арык, Чоң-Тескей суугат каналдарын реконструкциялоо үчүн долбоорлук сметасын даярдоо жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Каналдардын долбоорлук сметасын түздүрүүгө жана оңдоодон өткөрүүгө керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2020-жыл ичиндеги үнөмдөлгөн акча каражаттарынан бөлүнүп берилсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Козубаевге тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 12 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Депутат А.Кудайкуловдун арызын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун депутаты Кудайкулов Айбектин мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө арызын карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Айбек Кудайкуловдун арызы канааттандырылсын.
2.Депутат А.Кудайкуловдун мандатын тапшыруу боюнча сунушу жана кезектеги округдук депутаттык кандидатураны кароо жагы Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 13 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя Өкмөтүнүн бюджетинин 70823 разделинен 3111 статьясынан 6018800 сом акча каражатын жана 70911разделинен 5141000 сом акча каражатын айыл Өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 70111 разделинин 3111 статьясына жылдырып берүүгө ошондой эле атайын каражат эсебинен (спец.средства) 70911 разделинен 1199100 сом акча каражатын кыскартып башкаруу аппаратынын 70111 разделине жылдырып берүү боюнча айыл Өкмөтүнүн катынын негизинде Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя Өкмөтүнүн каты эске алынсын.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя Өкмөтүнун бюджетинин 70823 разделинен 3111 статьясынан 6018800 сом акча каражатын жана 70911 разделинен 5141000 сом акча каражатын айыл Өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 70111 разделинин 3111 статьясына жылдырып берүүгө, ошондой эле атайын каражат эсебинен (спец средства) 70911 разделинин 22181100 статьясынан 1199100 сом акча каражатын кыскартып башкаруу аппаратынын 70111 разделинин 22154900 статьясына жылдырып берилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү № 120 инд:721700 тел:03749 60232. |
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын № 14 токтому
27.08.2020-жыл Каныш-Кыя айылы
Айылдык маданият үйүнүн кошумча иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылындагы жаңы курулуп жаткан маданият үйүнүн атайын түзүлгө комиссиянын актысынын негизинде аныкталган долбоорлук сметасына киргизилбей калган жетишпестиктерине кошумча каражат бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылдык маданият үйүнүн курулуш иштери боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Коргон-Сай айылдык маданият үйүнүн курулушундагы долбоорлук сметасында көрсөтүлбөй калган жетишпестиктерди жеринде барып тактоо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлсүн.
3.Депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Коргон-Сай айылдык маданият үйүнүн долбоорлук сметасына киргизилбей калган кошумча иштери боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына ылайык 1 150412 (бир миллион бир жүз элүү миң төрт жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: Ж.Бегалиев