Жарыя!

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:

 

1) – адис 1 (бир) бош орун;

 

Квалификациялык талаптар:

 

Адис.

 

Кесиптик билими:

 

-жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык).

 

Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:

 

— иш стажына талаптар коюлбайт;

 

Тийиштуу тармактагы ченемдик укуктук актыларды билуусу:

 

КРнын «Жарандык Кодекси», КРны «Жер Кодекси», КРны «Эмгек Кодекси», КРны «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамы, «Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдарын

 

Билгичтиги:

 

— жогору жактагы жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

 

— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

 

— тиешелүү чөйрөдөгү  ата мекендик жана чет өлкөлүк  тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

 

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

 

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана жоопторду даярдоо;

 

— мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

 

— командада иштөөсү;

 

Көндүмдөрү:

 

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды  практикада колдонуу;

 

— компютердик жана уюштуруу техникалары, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү:

 

Сынака катышуу үчүн документтер:

 

— бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурсттук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен);

 

— кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

 

— резюме, сунуш каттары, өмүр баян;

 

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),

 

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

 

Керект\\ документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаныздар болот:

 

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап бил\\ телефондору (03749) 60310, 60030 .

 

Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.