Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:
1) Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси ( бир) бош орун;
Мамлекетик кызматчыларга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- Мамлекеттик жарандык кызмат үчүн -21 жаштан жогору;
1.Кесиптик билими:
— жогорку билим — Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2.Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:
- — иш стажына талап коюлбайт;
Квалификациялык талаптар:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
- “Билим берүү жөнүндө”;
- “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” ;
- “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
3. Сынака катышуу үчүн документтер:
— бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурсттук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен);
— кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;
— резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгон соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),
Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.
Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаныздар болот:
Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү телефондору (03749) 60310, 30048 .
Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.