Аким

Эшалиев Канжарбек Жаныбекович. 1978-жылы 14-ноябрда Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында төрөлгөн. Улуту кыргыз. Билими жогорку. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин токой чарбасы бөлүмүн аяктаган. 2001-2004-жылдары Чаткал токой чарбасында башкы токойчу, 2004-2008-жылдары Чаткал токой чарбасында директор, 2008-2010-жылдары Жалал-Абад областтык токой экосистемасын өнүктүрүү боюнча башкармалыгында башкы адис, 2010-2013-жылдары Чаткал районунда жайгашкан “Беш-Арал” мамлекеттик коругунда директор болуп эмгектенген. 2013-жылдан бери Чаткал райондук мамлекеттик админисмтрация башчысы-акими болуп иштеп келет.