Архив метки: SPRING

SPRING долбоорунун алкагында кызыктуу жана пайдалуу иш чара өттү

Бугун 28-март күнү  район борбору Каныш-Кыя айылындагы «Бакыт Ордо» ресторанында райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмү тарабынан 1000 күн мүмкүнчүлүк  терезеси, ЖГЭЭ, кошумча тамактандыруу, аз кандуулук,колду жууш жана таза дааратканалар темалары боюнча иш чара болуп өттү.спринг 29598018_176213446358305_2262595325534731748_n спринг 29542172_176218969691086_6561507414141254813_n

спринг 29542460_176221149690868_4521568115135071788_n спринг 29542771_176221883024128_5968579044579710131_n спринг 29542927_176228729690110_8714498459347290687_n спринг 29570302_176212129691770_4366551355720721350_n спринг 29571018_176213226358327_3614887138673029329_n

спринг 29542771_176221883024128_5968579044579710131_n спринг 29542460_176221149690868_4521568115135071788_n

 

Иш чарага кош бойлуу аялдар,  активистер Айылдык Ден-соолук Комитеттеринин мүчөлөрү жана ата-энелер катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө,  SPRING долбоорунун облустагы координатору Динара Боронбаева жана ЖДПБнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Жайна Нарынбетова баштаган адистер наристелердин туура тамактануусу боюнча кеп-кеңештерди беришти. Буга кошо эле, баланын туура тамактануусу боюнча аталар жана чоң энелер арасында кызыктуу суроо-жооп оюндар болуп, жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Иш чара учурунда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн жана балдардын райондук музыкалык мектебинин өнөрпоздору катышуучуларга ыр, бийлерден тартуулашты.

 

Жалпы 63 катышуучу болду.

Иш чара Spring долбоору менен биргеликте өткөрүлүп, каржыланды.

М. Эшназаров