Архив метки: 80 жылдык

80 жылдык маарекени өткөрүүдө жеке демөөрчүлөр кол сунууда

кенешме 11

Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жакындаган сайын, район аймагында бул иш чарага карата даярдык иш чаралары күч алып, анын жогорку деңгээлде өткөрүлүүсунө райондук бийлик гана эмес, катардагы карапайым жарандардын да кызыкдар боло баштагандыгы кубандырууда. Тактап айтканда, аталган облустук деңгээлдеги иш чаранын жогорку деңгээлде өткөрүлүүсүнө каржылык жана материалдык колдоо көрсөтөм деген бир топ мекенчил инсандар чыга баштады. Алардын бири-Коргон-Сай айылынын тургуну Тургуналы Токторбаев. Бул инсан райондун 80 жылдык маарекесине аз да болсо колдоо болсун-деп өз эсебинен бир баш тай берүү тууралуу оюн билдирди. Бул тууралуу өткөн жумада болуп өткөн райондун 80 жылдыгына арналган кеңешмеде айтты. –Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өз деңгээлинде өткөрүп, иш чараны көрүүгө республиканын ар тарабынан келген меймандарга районубуздун ар тараптан өнүгүп жаткандыгын көрсөтө билели, туугандар. Бул облустук деңгээлдеги иш чарага көп каражат кетээри айкын иш. Ошондуктан, баарыбыз колдон келген жардамыбызды аябай, жалпы колдоого алалы. Мен мисалы, өз жанымдан бир баш тай берем. Аны иш чаранын бир жагына пайдаланышсын-деди.
Эми кантишээр экен-деп сырттан сынап карап турбай, чын дилден колдоо көрсөткөн атуулдук сезими бийик инсандардан уучубуз куру эмес экендигине дагы бир ирет ынанып, бул инсанга дагы бир ирет ыраазылык билдире кетели.

80 жылдыкка арналган жөө жүрүш

Мындан 80 жыл мурда, атап айтканда, 1935-жылдын 8-февралында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун №8 токтомунун негизинде райондордун биригиши жана жаңы райондордун уюшулушу жөнүндө токтом кабыл алынып, токтомдун негизинде, Чаткал району түзүлүп, борбору Жаңы-Базар айылы болуп уюшулган. Тактап айтканда, өтүп бараткан айдын 8и күнү Чаткал районуна 80 жыл толду. Бул мааркелүү күнгө карата район борбору Каныш-Кыя айылында райондук жетекчилик баштаган райондогу мекеме, ишканалардын эмгек жааматтары жана район тургундары катышкан жөө жүрүш болду. Жөө жүрүштүн катышуучулары Темиркул Кошбаев атындагы борбордук кочо менен каз-катар тизилишип, “Чаткал районуна 80 жыл”, “Касиеттүү Чаткалым 80 жашта”, “Чаткалым-кичи мекеним” деген атуулдук ар намысты даңазалаган ураандарды көтөрүшүп, Кыргыз республикасынын жана райондун тууларын бийик көтөрө булгалашып, атуулдук духтагы обондуу ырларды жаңырта ырдашып, райондук өрткө каршы мекемесинен Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнө чейинки аралыкты басып өтүштү. Жөө жүрүштүн катышуучуларын райондук жалпы дарыгерлик борборунун ак халатчандары жана РИИБдин МАИ бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коштоп жүрүштү. Ал эми, КТРдин, райондук “Кыял ТВнын” жана райондук газетанын журналисттери жөө жүрүштү республиканын туш-тарабына чагылдырышты.

жөө жүрүш 15 жөө жүрүш 14 жөө жүрүш 13 жөө жүрүш 12 жөө жүрүш 11 жөө жүрүш 10 жөө жүрүш 9 жөө жүрүш 8 жөө жүрүш 7 жөө жүрүш 6 жөө жүрүш 5 жөө жүрүш 4 жөө жүрүш 3 жөө жүрүш 1

Жөө жүрүштүн соңунда, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн алдында митинг болду. Митингде район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев бүгүнкү жөө жүрүштүн себеби жана мааниси тууралуу сөз сүйлөп, райондогу акыркы жетишкендиктерге учкай токтолуу менен, катышуучуларды атуулдук бийик ар-намыска чакырды.

Андан соң, раймамадминистрациянын кызматкери Алтынай Таштанбаева чаткал районунун уюшулуу тарыхы менен катышуучуларды тааныштырды.

Мындан сырткары, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Нышанбү Оморова, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Эркинбек Кошбаев, ардагерлер Баймырза айтиев, Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүнүн алгачкы демилгечиси Мелисбай Сейталиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Митинг аяктаган соң, катышуучуларга райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт тартууланды.

концерт 1 концерт 2 концерт 3 концерт 5 концерт 6 (1) концерт 6

Бул күнү, Т. Эрматов атындагы спорттук залда райондун 80 жылдыгына карата Алыш күрөшү боюнча 5 салмактык категорияда райондук мелдеш өттү. Мелдешке райондун туш-тарабынан ар кандай салмактагы алтымыштан ашуун балбандар катышты. Мелдеш абдан кызуу таймаш менен өтүп, соңунда, 45 кило салмактык категорияда 1-орунга Ж. Жоробеков, 2-орунга А. Нарбеков, ал эми, 3-орунга Э. Соорбековдор ээ болушту. 50 кило салмактык категорияда 1-орун К. Акышов, 2-орун С. /Максымалы уулу ал эми, 3-орун Н. Дүйшөнбай уулуна ыйгарылды. 55 кило салмактык категорияда 1-орун М. Осмоналы уулу, 2-орун Д. Момунбек уулу ал эми, 3-орун Б. Азимбек уулуна берилди. 60 кило салмактык категорияда 1-орунга З. Мырзагул уулу, 2-орунга А. Нуркалык уулу ал эми, 3-орунга К Анарбек уулу ээ болду. 65 кило салмактык категорияда 1-орун Т. Абдимитал уулуна, 2-орун Т. Рустам уулуна ал эми, 3-орун М. Нурланбек уулуна ыйгарылды.

күрөш 1 күрөш 3 күрөш 4 күрөш 5

 

80 жылдыкка арналган волейбол оюну болду

7-февралда район борборундагы Т. Эрматов атындагы спорттук залда Чаткал районунун 80 жылдыгынын урматына арналган райондук деңгээлдеги волейбол оюну боюнча мелдеш болду.

Мелдештин ачылыш салтанатында район акиминин орунбасарлары Жуманалы Накетаев жана Муратбек Досматовдор сөз сүйлөшүп, мелдеш Чаткал районунун 80 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткандыгын белгилешип, спортчуларга ийгилик каалашты.

Андан соң, мелдеш башталып,ага район аймагынан жалпысы 12 команда катышып, өз ара күч сынашты. Мелдеш өз ара кыйкырык-сүрөөн менен коштолуп, кызуу жүрүп, түнкү саат 11ге чейин созулду. Соңунда, калыстардын чечими менен 1-орун өспүрүм балдар спорт мектебинин командасына ыйгарылып, 7000 смо акчалай байге тапшырылды. 2-орун Башкы-Терек командасына берилип, 5000 сом акчалай байгеге ээ болушту. 3-орунга Айгыр-Жал командасы илинип, 3500 сом акчалай байге берилди ал эми, 4-орун Башкы-Терек-2 командасына берилип, 2500 сом акчалай байгенин ээси болушту. Мындан сырткары, аталган жеңүүчү командалардын машыктыруучуларына да 200 сомдон акчалай байге берилди.

Белгилей кетчү нерсе, спорттук мелдешти каржылык жактан колдоп, раймамадминистрация тарабынан 10000 сом, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 7000 сом акча каражаттары берилген. Мындан сырткары, айрым мекенчил атуулдар да акчалай демөөрчүлүк көрсөтүшүп, жалпы 33970 содук акчалай демөөрчүлүк көрсөтүлдү.

волейбол  6 волейбол 1 волейбол 2 волейбол 3 волейбол 4 волейбол 5 волейбол 8 волейбол 9 волейбол 10 волейбол 11 волейбол 12

Дебат-сынак болуп өттү

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан дебаттык-сынак өткөрүлдү.

Сынактын максаты-жаштардын арасындагы ынтымакты чындоо, бири бири менен байланышууга шарт түзүү, изденүү жана биргеликте иш алып барып, коомчулук алдында оюн эркин айтууга, эл алдында эркин болууга, так жана маанилүү сүйлөөгө, болуп жаткан окуяларга өз көз карашын билдирүүгө, салыштыра билүүгө үйрөтүү.
Дебатка “С. Байдөөлөтов”, “А. Баймырзаев”, “Исмаил уулу Матиш” жана “Т. Жаналиев” орто мектептеринин окуучуларынан, ар бири 3 кишиден турган 8 команда катышып, 3 баскыч менен өткөрүлдү.
Алгач командалар эки группага бөлүнүшүп, чек тандоонун жыйынтыгы менен эки экиден бири бири менен жарышып, 4 беттеш өткөрүлдү.
Дебатта интернеттин пайдасы жана зыяны, спорттун коомго болгон оң жана терс таасирлери, чет жерде иштеп жүргөн кыргыз жарандардын кайтып келүүсүнүн канчалык зарылдыгы, Кыргыз болуу маселеси. Дин багыттары. Улуттук баалуулуктар. Азыркы учурдагы жаштар. Жаштар кайсы жол менен келечекке багыт алуусу керектиги жана анын күнгөй- тескейи катышуучулар тарабынан кызуу талкууланды.
Дебат сынактын соңунда, калыстардын чечими менен Кубок өз позицияларын ишенимдүү коргой алган “С. Байдөөлөтов” орто мектебинин командасына ыйгарылды. Мындан башка бир топ катышуучулар ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул дебат сынак райБББ жана райондук жаштар кеңешинин колдоосу менен өткөрүлдү. “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин мүчөлөрүнүн маалымдашынча, мындай сынактар мындан ары жыл сайын өткөртүлүп турмакчы.