Архив метки: өрт коопсуздугу

Жайкы өрт коопсуздугун сактайлы

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда.

Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. ЖоЖайкы өрт кооптуу Жайкы өрт кооптуу кандай өтүп жатат.

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда.

Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. Жогорудагы өрт кырсыктары этиятсыздыктан улам келип чыгып, көпчүлүгү Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун аймактарында катталган.

Жогорудагыдай кургак чөптөрдөгү өрттөрдү алдын алуу максатында   Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте айыл тургундарынан ыктыярдуу өрткө каршы кошундарды түзүү, аларды өрт өчүрүүчү шаймандар, өрт өчүрүүгө ыңгайлаштырылган техникалар менен камсыз кылуу, чарбалык обьектилердин аймагын, жол четтерин кургак чөптөрдөн тазалоо, өрт кооптуу жайларда соколуу тракторлор менен атайын тосмолорду айдоо, тоют топтоого, эгин жыйноого катышуучу техникалардын абалына өзгөчө көңүл буруу сыяктуу жайкы өрт кооптуу мезгилдеги өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иш алып барууда.

Учурда, тоолуу келген Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондорунун жана  Кара-Көл шаарынын тоолуу аймактарындагы кургак чөптөрдө, токойлордо ири өрт кырсыктарынын чыгып кетүү коркунучу сакталат.    

Өрткө каршы кызматы  жайкы өрт кооптуу мезгилде кургак чөптөрдө катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында облус тургундарын ачык отту пайдаланууда, тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.

 

Каныбек Маматкулов, Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик  кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн   улук инспектору, улук лейтенант 

 

 

Түшүмдү өрттөн сактайлы

Үстүбүздөгү жылдын май, июнь айлары жаанчыл болгону менен учурда жайдын ысык аптабы жердин бетин акырындап тегерек четтеги чөп-чарларды куурата баштады. Ушул кезде кичине эле учкун болсо дүрт этип алоолонгон жалынга айланчу өрт коркунучу күчөп турган убак.

Учурдагы эң маанилүү өнөктүктөрдөн болгон тоют топтоо, кылкандуу дан эгиндерин оруп-чабуу иштерди баштоо алдында турабыз.

Ошондуктан, мына ушундай өрт чыгуу коркунучу күчөп турган мезгилде жыйналган тоюттарды, эгин аянттарын өрт кырсыктарына алдырбоо үчүн тийиштүү кам көрүүнү унутпасак. Эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбагандыктан жыл сайын көп сандаган эгин аянттары жана  тоюттар бөөдө күлгө айланууда.

Ошондуктан жергиликтүү айыл аймак  башчылары өрткө каршы тийиштүү чараларды көрүү менен, фермер, дыйкандар менен биргеликте өрт коопсуздугунун эң жөнөкөй болгон эрежелерин эстеринен чыгарбай, алардын так аткарылышына аракет кылуулары зарыл.

Ар бир үймөктүн аянты 150 чарчы метрден ашпай, бири-биринен аралыгы эң кеминде 20 метрден кем болбоосу тийиш. Үймөктөрдү жуп-жубу менен үйүүгө болот. Бирок, мында бир жуптагы үймөктөрдүн аралыгы 6, ал эми кийинки жуп 30 метрден кем болбоосу керек.

Тоют топтолгон жайлар электр зымдарынан 15 м, жолдордон 20 метр, имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылуусу талапка ылайык.

Тоют жана түшүм жыйноого катышкан бардык тракторлор, автоунаалар жана комбайндар учкун өчүргүчтөр, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен талапка ылайык жабдылуусу зарыл. Ал эми бул өнөктүктө иштеген адамдар өрт коопсуздугу боюнча атайын нускоодон өтүп, эрежелерди так сактоосу көзөмөлгө алынып турулуусу керек.

Бышып жетилип калган эгин аянттарынын жол менен кесилишкен жерин 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан 4 метр кеңдикте айдатууну унутпоо керек, анткени бул өрттүн жайылып кетишине чоң бөгөт болот.

Чабыла баштаган эгин аянттарынын жанында соколуу трактор турганы шартка ылайыктуу. Ошондой эле, эгин аянттары өтө эле чоң болсо алар комбайндын бир күндүк нормасы боюнча участокторго бөлүнүп, ортолорун 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан соко менен айдатуу зарыл.

Дагы бир өтө маанилүү нерсе – бышып жетилип калган эгин аянттарын, тоют сакталган жайларды кайтарууну унутпоо керек.

Ар бир тоют сакталган жай милдеттүү түрдө өрткө каршы шаймандар жана суунун запастары менен камсыз болунуп, өрткө каршы катуу тартиптин сакталышы такай көзөмөлгө алынып турулуусу зарыл.

Акырында айтаарыбыз, элибиздин эң негизги байлыгы болгон наныбызды «тилсиз жоодон» сактоо – бул жалпыбыздын  ишибиз. Ошондуктан, бул маанилүү кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо өнөктүгүнө мейли жетекчи, дыйкан болсун, жетишээрлик маани берип, өрттөн сактаналы.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант

Эс алуучу жайларыбыздын коопсуздугун сактайлы

      Районубуздун суктандырган кооз эс алуучу жайларыбызды өрт кырсыктарынан алдын алуу багытында өрт коопсуздук эрежелерин сакташыңыздарды эсиңиздерге салабыз.  

Бүгүнкү күндө окуучулардын лагерлерин жайкы эс алуучу мезгилине карата кызуу даярдап жаткан учур. Андыктан ремонт учурунан пайдаланып жатаканалардын туура эмес курулган эшиктерин сыртка ачыла турган кылып куруу керек. Лагердин имараттарына тартылган электр зымдарын чыңалуудан өткөрүп, жараксыз жерлерин жаңылоо зарыл. Лагердин айланасын кургак чөптөрдөн тазалап, өрт кокустугуна каршы суу сактагычтарды ремонттон өткөрүп, аларга сууларды толтуруп, өчүрүү шаймандары туруучу калканчаларды толуктоо керек. Лагердин айланасына өрт кокустугун эскертүүчү белгилер «От менен ойнобо», «Тамеки тартпа» деген сыяктуу эскертүүчү белгилердин илинүүсү тийиш. Телефондук байланыш ар убак оң абалда болуп, көрүнүктүү жерге «өрт кокустугу болгон кезде 101-ге кабар кылыңыз» деген жазуу илинүүгө тийиш. Лагердин кире бериш дарбазасына өрт кокустугуна каршы курулган суу сактагычка баруучу багытты көрсөткөн белгилери илинип турушу зарыл.

Ал эми токойлуу тоолордо жана башка эс алуучу жайларда эс ала тургандарга: эс алуучу жайларга жеңил автоунаа менен же жөө бара жатып, өчүрүлбөгөн тамекини туш келди таштабай, жагылган отторду унутпастан өз убагында өчүрүп, өрт коопсуздугун эскертүүчү белгилерге көз сала жүрүүңүздөрдү эскертебиз.

  А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору. лейтенант

 

Өрт коопсуздугу эрежелери эске алынса

                                     

өрт коопсуздугу 1

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында аймагында турак-жай, короо-жайлар жана автоунаалардын өрттөнүүсү көп катталып, адам өмүрлөрүн алып жаткан учурлар болуп жатканы баарыбызга маалым. Жаз айларынын келиши менен айлана чөйрөнү таштандыдан арылтуу максатында ар кандай иш-чаралар уюшулуп,ошону менен бирге эле автоунааларды ,айыл чарба техникаларын ремонттоо иштери башталган учурда төмөнкү өрт кырсыгын алдын алуу эрежелерин эсиңиздерге салабыз:

—   Айлана чөйрөнү тазалоо жана таштандыларды өрттөө учурунда үйдөн, короодон алысыраак жерге атайын таштанды төгүүчү чуңкурларга өрттөп, аны кароосуз калтырбаңыздар;

— Тал-теректерди бутаган же жыккан учурда электр мамычаларына жана электр чубалгыларына этият болуңуздар;

—   Айыл чарба техникаларын ремонттоодо кыймылдаткычтарды аккан майлардан тазалап, электр чубалгыларынын кабыкчаларынын желип калуусуна жол бербей, автоунаада   өрт өчүргүч (огнетушитель) болуусу талапка ылайык.

Дагы бир айта кете турган зарыл маселе районубуздагы баардык мекеме-уюмдарда өрт өчүрүүчү каражаттар(өрт калканы) менен толук камсыз болуусу керек.

Урматтуу районубуздун тургундары тилсиз жоого жол бербей, эмгек менен жаралган мүлкүбүздү сактайлы.

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары,

лейтенант