Архив метки: үрөн

«Коомдук үрөн фонду» түзүлдү

Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын мындан ары ар кандай үрөндөр менен камсыздоо максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” алдында “Коомдук үрөн фонду” түзүлдү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди. Бул фонд мындан ары, жогоруда белгилегендей, ар кандай дан жана тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн көбөйтүп, керектөөчүлөргө таркатуу менен алектенет.

IMG_20190212_111418

Эскерте кетсек, район тургундары бүгүнкү күнгө чейин керектүү үрөндөрдү Ош, Чүй облустарынан ташып келип, айрым учурларда үрөндөрдүн сапаты начар чыгып калып, чыгашага учураган мезгилдер болгон. Эми, жаңыдан түзүлгөн “Коомдук үрөн фонду” мындан ары талаптагыдай иштеп турса, район калкы үрөн маселесинде кыйынчылык тартпай калаары шексиз.

 

М.Эшназаров

Калкты керектүү үрөн менен камсыздоо максатында

Чаткал айыл аймагында жыл өткөн сайын буудай аянттарын кеңейтүү колго алынууда. Буга дыйканчылыкка жарамдуу,  суулуу жерлердин көбөйүшү себеп болууда. Мисалы, былтыр айыл аймак боюнча кырк гектар гана буудай себилсе, быйыл буудай аянты жалпы жетимиш гектарды түздү. Келерки жылы мындан да көбөйтүлмөкчү. -Быйыл айыл аймакка караштуу отуз гектар жерге буудай септик. Келерки жылдан буудай аянттарын дагы көбөйтүп, элди өзүбуз жогорку сорттогу керектүү үрөн менен камсыздоону максат кылуудабыз. Себеби, дыйкандарыбыз райондон сырткары алыс жактардан үрөн алдырышып, түшүм начар болгон жылдары аракеттери актабай калып, кыйынчылыкка туш болууда.-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков

М.Эшназаров