Архив метки: эрежесиз эр уруш

Чаткалдык жаш спортчу эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

Чаткалдык жаш спортчу Артурбек Мамыров 22-июлда Талас шаарында өткөн Кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында чемпиондукту жеңип алды. IMG-20160724-WA0013

IMG-20160724-WA0003 IMG-20160724-WA0009

 

Артурбек спорттун бул түрү менен машыкканына аз гана убакыт болсо да, көзгө толоорлук ийгиликтерди жарата алды. Айта кетсек, өткөн жылдын 2-февралында болуп өткөн эрежесиз эр уруш боюнча республикалык мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында  үчүнчү орунду багындырган эле. Быйыл минтип, эл аралык мелдеште жеңүүчү болду.

Артурбек КР. Дене тарбия жана спорт академиясында үчүнчү курста окуйт.  Келечектүү жаш спортчуга албан ийгиликтерди каалайбыз.

М. Эшназаров

Чаткалдык эрежесиз эр уруштун чебери зор ийгиликтерди багындырууда

Бүгүнкү күндө Чаткалдан чыккан спортчулар республикалык жана эл аралык бийиктиктерди багындырып жатканы кубандырат.

Алардын бири-Баяман Жолдубеков жыл жаңыргандан бери эле республикалык жана эл аралык мелдештерде жеңишке жетишти. Алсак, март айында эрежесиз эр уруш боюнча республикалык турнирде чемпион болсо, 23-24-апрелде 57 кг салмактагылар арасында жеңүүчү болуп, байгеге коюлган «Тойота Виндом» автоунаасына ээ болду. IMG_20160523_153023_89 IMG_20160523_152805_45 IMG_20160523_152702_2420160521_081747 IMG_20160523_152654_23

Ал эми, 8-9-май күндөрү Ош шаарында өткөн «Акжар» кубогу үчүн профессионалдар арасында болгон республикалык таймашта да 1- орунду жеңип алды.

Баяман спорттун бул түрү менен машыкканына эки жылдай убакыт эми болсо да спорттун жиу-житсу түрү боюнча спорттун чебери болууга жетишкен.

Чаткалдык жаш спортчунун мындан ары да ийгиликтери арта беришине тилектештигибизди билдиребиз.

М. Эшназаров