Архив метки: Чебурашка

Райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болду

Бүгүн район борборундагы «Чебурашка» бала бакчасында райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болду.

Сынакка Чаткал районундагы он беш бала бакчанын он биринен келген он бир тарбиячы катышты.

Сынактын ачылышында райБББнын башчысы Тажибай Тынышов сынактын жүрүшүндө эч бир трайбализмге, бюрократиялык тоскоолдуктарга жол берилбестигин белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу, сабак өтүү, тест тапшыруу сыяктуу сынактардан өтүшүп, өздөрүнүн билим, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин калыстардын сынына коюшту.IMG-20180404-WA0002IMG-20180404-WA0008IMG-20180404-WA0053

IMG-20180404-WA0053Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Терек-Сай айылындагы «Айнуру» бала бакчасынын тарбиячысы Салиха Жылдызбек кызына ыйгарылды. 2-орун Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчанын тарбиячысы Калиса Оморовага берилди. Ал эми, 3-орунга эки катышуучу-Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлмира Эшимбетова жана Терек-Сай айылындагы «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлжамал Маматкадырова ээ болушту. Мындан сырткары, бир топ катышуучуга ар кандай номинациялар жана  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын каржылык жагы билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев билдирди.

Балдар бакчалары оңдолду

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан өтүп бараткан жыл ичинде бала бакчаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзулдү. Токтоло кетсек, Кайын-Суу участогуна былтыр курулуп баштаган бала бакчанын курулушунун уланышына жыл башында тендер өткөрүлүп, тендердин жыйынтыгы менен бул иштерди аткарууга 10745,0 мин сомго келишим түзулгөн эле. Бүгүнкү күндө, бала бакчанын курулуш иштери аяктап, ишке берилүү алдында турат. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчанын курулушун аягына чыгарып, колдонууга берүү үчүн жыл башында 1600,0 мин сом каралган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 2176,3 мин сомго келишим түзүлүп, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчага кошумча кошумча корпус курууга 1800,0 мин сом акча каражатын жумшалуусу аныкталып, бала бакчаны айылдык аймакта кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Аскар Тоо Кен” компаниясы тарабынан ишке ашыруу максат кылынган эле. Бакчанын курулуш иштери бүгүнкү күндө аяктоо алдында турат. “Чебурашка” балдар бакчасынын имаратынын 1-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн айыл аймактын жергиликтүү бюджетинен жана түрткү берүүчү гранттан жалпысынан 4582,1 мин сомго, ал эми, “Наристе” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 4401,3 миң сомго долбоор даярдалып, КР каржы министрлиги тарабынан долбоор жактырылып, каржыланууга коюлган эле. Аталган эки бакчанын оңдоп-түзөө иштери өз мезгилинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

М. Эшназаров

КР. Жогорку Сотунун төрайымы Чаткалга келди


Бүгүн, май айынын жыйырма алтысында КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун материалдык-техникалык абалы менен жакындан таанышуу максатында жумуш сапары менен Чаткал районуна келди. IMG_20160526_144305 IMG_20160526_144252 IMG_20160526_144528 IMG_20160526_144319 IMG_20160526_144604 IMG_20160526_144435 IMG_20160526_144618 IMG_20160526_145451 IMG_20160526_145434IMG_20160526_144921 IMG_20160526_145651
КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жумуш сапарынын жүрүшүндө Чаткал райондук сотунун ички иштөө шарттары жана имаратынын абалы менен таанышты. 
Мында,тактай кетчү нерсе, район борбору Каныш-Кыя айылында жайгашкан райондук сот бир нече мезгилден бери өз алдынча ылайыктуу шарты бар имаратка ээ болбой, «Чебурашка» балдар бакчасы менен бир имаратта жайгашып иш жүргүзүп келүүдө. Быйыл бул маселе чечилүүнүн алдында, тактап айтканда, райондук сотко өзүнчө имарат салууга райондук мамлекеттик администрация жер тилкесин бөлүп берген. 
КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева райондук сотко салынчу имараттын долбоору жана ага бөлүнгөн жер тилкеси менен атайы барып, таанышты.

М. Эшназаров