Архив метки: Чаткал өрөөнү

Чаткалдын эли, жери үчүн тоодой эмгеги сиңген

 

SAM_4185 Калк тааныган адамдын, өткөн көп жылдар арасындагы үзүрлүү эмгеги элдин жана коомчулуктун көз алдында болуп келген жетекчинин өмүр таржымалы  жөнүндө маалымдалып келген. Саматкул  Максымбеков Чаткал, Ала-Бука райондоруна, областка, республикага таанымал инсан, ишти  уюштура  билген жөндөмдүү жетекчи, Кыргыз  Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер.305385

 

Адамды эл эмгегинен тааныйт, эмгегинен сыйлайт эмеспи. Анын сыңарындай, акылмандарыбыздан болгон Ж.баласагын “Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаң ишинен бил”-деп бекеринен айтып кетпесе керек. Жакшыны эмгегинен, аракетинен, ишинин натыйжалуулугунан эл баалайт. С.Максымбеков Кыргызстандын айыл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн салмактуу салымын кошкон, өзгөчө Чаткал районунун район болуп түптөлүшүнө алгачкы жандуу аракеттерин, демилгелерин багыттап келген. Буга аргументтер жана фактылар бар.

Чаткалдын район болуп түптөлүшүнө алгачкы аракеттер, алгачкы кадамдар С.Максымбековдун Чаткалдын өнүгүшүнө, келечегине  багытталган ошол мезгилдеги көз караштарынан, ой жүгүртүүлөрүнөн, тийиштүү инстанцияларды жана чогулуштарда айткан далилдүү, перспективалуу ой-сунуштарынан, демилгелеринен башталат.

Ал төмөнкүдөй:

1971-жылы Кыргызстан КПБК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин кошмо Токтому чыгат. Кошмо Токтомдо Чаткап өрөнүн кылымдар бою айдалбай  жаткан дың жерлерин өздөштүрүү жана элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, мал-чарба продукциясын көбөйтүү маселеси  көтөрүлөт. Токтомдун негизинде Чаткал машиналаштырылган мал чарба станциясы уюштурулат (Чаткал МЖС). Бул Токтомдун аткарылышы боюнча Чаткал МЖСне кадр тандоо болот. Ала-Бука райком партиясы, Ош обком партиясы Саматкул Наркулович Максымбековду Кыргызстан БКга Чаткал МЖСне директорлук кызматка сунуш кылат жана бекитет. Анан МЖСти өнүктүрүүгө, ага тоют базасын кеңири түзүүгө, калктын тамак-ашка карата болуп жаткан талабын канаттандырууга, кыштактар аралык катнашты жакшыртуу үчүн шарт түзүүгө, Жаңы-Базар, Башкы-Терек, Киров жолдорун жакшыртууну жүзөгө ашырууга аракеттерин жумшай баштайт. Ошондой эле “Бизге, МЖСке иштөөгө келгиле, жаштар!”-деген үндөө менен жаштарды ишке чакырат. 1500 гектар айдалбай жаткан жер өздөштүрүлөт.

309

Башкы-Терекке 416 тонна үрөн, анын ичинен 32 тонна буудай, 61 тонна эспарцет, арпа жана башка үрөндөр жеткирилет. Чаткалдын  оор, катаал шарттарында, кыйын жолдорунда С.Максымбеков өзү башында болуп, жолдо, белде, талааларда түнөшүп, кар баскан үйлөрдө жатышып, 2 Урал автоунаа, 2 бульдозер жеткирилет. Ошондой эле 1972-жылы 6 “ДТ-75, 8 “К-700” тракторлору,  5 “Т-74” бульдозерлери жана башка техникалар, үрөн сепкичтер жеткирилет. “Ийгилик издегенге ийилет”-деп айтылгандай С.Максымбековдун жөндүү иш-аракеттери, демилгелери, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү менен МЖСте иш кызуу жүрө баштайт. Директор ишке механизаторлорду жана ар түрдүү кесиптеги жумушчуларды тартуу боюнча демилге көтөрөт. Натыйжада 30 механизатор, 70ке жакын ар түрдүү кесиптеги жумушчулар ишке тартылып эмгектене башташат. Алардын иштөөсү үчүн жакшы шарттар түзүлөт.

Жаңы иштер пландаштырылат. Ал мезгилде Чаткалдан жол туш тарапка башталган.

Жаңы-Базар-Башкы-Терек-Киров таш жолу салына баштайт. Бул жолдор 15 миң гектар жерди толук өздөштүрүүгө жол ачат. Ак-Таш, Айгыр-Жал, Каныш-Кыя кыштактарын бири-бири менен байланыштыра баштайт. Бул кыштактар Чаткал дарыясынын өйүз-бүйүзүндө болгондуктан аларга көпүрө салуу пландаштырылат. Чаткал жемдин базасына айланат.

Чандалаш, Коргон-Төбө, Чакмак сыяктуу көптөн бери айдалбаган жерлерге арык казуу иштери башталат. Чаткал байлыкты көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүгү болуп калат. С.Максымбеков жетекчилик иши менен, эмгеги менен элге көрүнө баштайт. Тактап айтканда 1972-жылы пландаштырылган 1500 гектар жер толугу менен өздөштүрүлөт. 1300 гектар жерге арпа, 200 гектарга буудай, 600гектарга эспарцет айдалат. Өндүрүлгөн дан эгиндери ошол мезгилдеги Ала-Бука, Жаңы-Жол райондорунун колхоз, совхоздоруна жеткирилип турган. 1973-жылы Чаткал өрөөнүндө 2600 гектарга эгин айдалат. Жыл өткөн сайын өндүрүлгөн эгинди көп алуу үчүн С.Максымбеков башында турган жаңы жердин азаматтары катуу күрөшө баштайт. Алардын күрдөөлдү күрөшү ийгиликтерди жаратып, айыл чарба майданында жакшы жетишкендиктерге, жаңы жеңиштерге жеткирет. С. Максымбеков өзү эскерип айткандай, бул жетишкендиктерге Ала-Бука, Жаңы-Жол, Ноокат райондорунан, ошондой эле Өзбекстандан, Казакстандан келип иштешкен жаштардын салымы чоң болгон.

SAM_4179

МЖСтин борбору болгон Башкы-Теректе иш жаңыдан башталганда курулушу, имраты жок, ээн жерде С.Максымбеков жетектеген жумушчу топ, адистер алгач чатырларда, вагон үйлөрдө туруп башташкан иштеринин натыйжасында Башкы-Теректин көрүнүшү кийинчерээк таптакыр башкача боло баштайт.

Ал жерде үйлөр, жатаканалар, чабандар үчүн үйлөр, кашарлар курулат. Вагон-үйлөр орнотулат. Мунун бардыгы жетекчинин иштин көзун билгендигине, ишти уюштура билүүсүнө, анын камкордуктуу жана перспективалдуу иш-аракеттерине, анын оптимизмине байланыштуу болот эмеспи.

Бир сөз менен айтканда, С.Максымбеков 1971-1978-жылдар арасында өзүнүн алгачкы уюштуруу иштери жана демилгелери, сунуштары менен чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, Ала-Бука райком партиясынын, Ош обком партиясынын, Кыргызстан БКнин Бюросунун ишенимин актап, Чаткалды өздөштүрүүгө, Чаткалдын инфраструктурасын көтөрүүгө өзүнүн жетекчилик салмактуу салымын кошкон. “Эр жигит эмгегинен абийир табат” эмеспи. Анын Чаткалды өздөштүрүүдөгү ийкемдүү ийгиликтери, жетишкендиктери, ишинин натыйжалуулугу учурунда өз жемишин берген.

1978-жылы Чаткал МЖСнин базасында уюштурулган Башкы-Терек совхозунун директору болуп иштеген. 1980-жылдан 1983-жылга чейин эл депутаттарынын Чаткал райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп элге кызмат кылган. “Эр эмгегин эл эстен чыгарбайт” демекчи, 1971-1983-жылдар аралыгындагы  Чаткал өрөөнүн өздөштүрүүгө, анын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңешинин биргелешкен Токтомунун негизинде 2006-жылы “Чаткал районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган. Эң башкысы ишиндеги жоопкерчиликти, эл ишенимин ыйык сезген, элдин кызыкчылыгын көздөгөн, Чаткалдын келечегине көз жүгүрткөн, Чаткалды өздөштүрүүгө салмактуу салымын кошкон зирек жетекчи болгон.

Саматкул Наркулович Максымбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы жараткан ийгиликтери, күжүрмөн жана үзүрлүү эмгеги үчүн 1999-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына  эмгек сиңирген кызматкер “Жогорку наамынын ээси болгон. Ошондой эле бир нече мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болуп келгендигин айтпай кетүүгө болбойт. Атай кетсек:  “Ардак белгиси” ордени, “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, “Юбилейный”, “Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү-1973” төш белгилери жана башка бир топ баалуу белектер, эстелик буюмдар менен сыйланган.

Саматкул Максымбеков 4

Мунун баарысы С.Максымбековдун күжүрмөн, үзүрлүү эмгеги, жандуу аракеттери, демилгелери, сунуштары, кызматы элге, мамлекетибизге, Кыргызстандын айыл чарбасынын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналып, багытталып келгендигинен кабарлап турат.

М. Эшназаров, Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү

Сандык теле көрсөтүү иштей баштады

100_3679 (2)

Ноябрь айынын башынан баштап Чаткал өрөөнүндө сыналгы аркылуу сандык теле көрсөтүү көрсөтүлө баштады. Учурда 8 канал, тактап айтканда КТРК, ЭлТР, Баластан, Маданият, 7-канал, 5-канал жана Пирамида каналдары көрсөтүүдө.

Ал эми райондук “Телеком” АКунун директору Э. Ашырбеков 2016-жылдын жарымынан баштап санариптик көрсөтүү Чаткал өрөөнүңдө 35 каналдан көрсөтүлө тургандыгы пландалып жаткандыгын кошумча маалымдады.

Б. Курманбеков «Чаткал оттору»

“Кыз-Булак” жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы оңдолмокчу

SAM_3321 кызбулак 3 кызбулак 3 кызбулак 4 кызбулак 5 кызбулак 6

“Кыз-Булак” жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы Чаткал өрөөнүнүн кире бериш жериндеги Чаткал-Ала-Бука унаажолу кесип өткөн, табияты кооз жерде орун алгандыктан, бул жайга ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токтошуп, андагы суусу таза, муздак булактан суу ичишип, аз да болсо эс алып өтүшөт. Мындан сырткары, чаткалдыктар келген меймандарды ошол жайдан тосуп алышып, кайра эле ошол жайдан узатууну адатка айлантышкан. Ал эми, жаңы үйлөнгөн жаштар да ал жерге барышып, эс алышып, кооз табияттын койнунда сүрөткө  түшүшүп дегендей, эс алып келишет.

Мында өкүнүчтүү жери, эс алуу жай көптөн бери кароосуз калып, тозулуп бараткандыгы жашыруун эмес. Антсе да, быйыл бул эс алуу жайын оңдоп, ал жерге маданияттуу эс алууга ылайык шарттар түзүлүп, түнкү чырактар орнотулуп, заманбап түргө келтирүү иштери колго алынып жаткандыгын кубануу менен айткыбыз келет. Бул тууралуу жакында болуп өткөн элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев маалымдады. Анын маалымдашынча, бул ишти райондук токой чарба мекемеси токой чарба агенттигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырмакчы. Ал эми, эс алуу жайына электр жеткирүү маселеси райондук жетекчилик тарабынан колго алынмакчы.

М. Эшназаров

Чаткалдык акын Равшанбек Жунусбековдун поэзиядагы «Күттүргөн жазы» менен таанышыңыз

IMG_1035
Чалкып жаткан кереметтүү Чаткалдан дагы бир акын чыкты. Бул акын кыргыздын поэзия дүйнөсүнө өзүнүн айыл жыттанган, айыл калкындай жөнөкөй, жасалмасыз, ошону менен бирге эле нукура ырлары менен кирип келди. Анын ырларын окугандар ырларынын жөнөкөй тил менен жеткиликтүү жазылгандыгын белгилешип, ырларындагы айтылган ойлордун ар бир жөнөкөй окурманга жеткиликтүү экендигин айтышууда. Кепти көп созо бербейин, бул акын Чаткалдын Ак-Таш айылынан чыккан, учурда борбор калаада жашап жаткан Равшанбек Жунусбеков аттуу агабыз экендигин айткым келет.
Акын агабыздын быйыл жыл башында чыккан “Күттүргөн жаз” аттуу китеби колума тийди. Китепти алгач ачып, окуганда эле мага да дароо жогорудагыдай ойлор келди. Атап айтканда, ар бир ырында айтайын деген ою жөнөкөй тил менен жеткиликтүү берилген. Ырларын окуганда да кыйналбайсың. Чындыгында, айрым акындардын ырларын окуганда кадимкидей чайналып, айтайын деген оюн араң түшүнөсүң. Ал эми, Равшанбек агабыздын ырлары кыргыздын айылдык жөнөкөй жана таза тили менен жеткиликтүү жазылгандыгы менен айырмаланып турат.
Китептин баш сөзүн жазган чаткалдык белгилүү акын агабыз, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын ээси Атантай Акбаров өз сөзүндө белгилегендей, буга чейин анын акындык сезимталдыгы, поэзиянын адамы экендиги сыртынан көпчүлүккө билинбегени менен, акын агабыз ырларын жан дүйнөсүндө миң толгонуп бышырып, даярдап жүргөндүгү эми дайын болуп олтурбайбы!….
Мынакей поэзиянын анык жоокерине татыктуу чыдамкайлык!
Равшанбек агабыз эр ортону элүүгө барып, поэзия дүйнөсүнө шашылбай кадам таштагандай сезилгени менен, ал буга чейин жан дүйнөсүндө ырларын бышырып, жеткиликтүү даярдап, анан кыргыз журтуна тартуулап олтурат. Ал өзүнүн поэзиясынын окурман кыргыз журтуна чыкчу жазын ичтен күтүп, ал жаздын удулу эми келгендигин жан дүйнөсү менен сезип, ага жараша эбактан бери бышып жетилип келаткан ырларын бир топтомго келтирип, ал топтомго “Күттүргөн жаз” деген символикалуу аталыш берип, анан тартуулады деп ойлойм.
Анда эмесе, акын агабыз Равшанбек Жунусбековдун “Күттүргөн жаз” аттуу ырлар топтому менен кеңири таанышып, Чаткалдын табиятын, мында жашап жаткан карапайым, дили таза элдин жашоо-турмушун акын агабыздын сезимтал, нукура поэзиясынын көзү менен бир карап көрүп, Чаткал жергебиздин кайталангыс кооз табияты, жадагалса, ар бир кокту-колоту, ар бир жөнөкөй жараны чыныгы акындар үчүн бүтпөс ыр экендигин чын дилибизден сезели демекчимин.
Анда эмесе, акындын айрым ырларынан назарыңыздарга сунуштайбыз.
КҮНӨӨ КИМДЕ
Мен өзүмө суроо таштап кеп кылам,
Кыргызымдан кудай куту кеткенби.
Эл башчылар талгак болуп акчага,
Кайра кайра басат жаткан кетменди
Мумкун күнөө бизде болуп жүрбөсүн,
Шайлоолордо тандай албай башчыны ,
Мүмкүн биз да алданбыкпы акчага,
Кээ бирлердин бизге жакпай актыгы.
Эли кандай, падышасы ошондой,
Деген сөздүн мааниси да бар окшойт.
Карап көрчү канча жолу алдандык,
Эстеп көрчү өткөндөрдү мага окшоп.
Ант бергенден столуна жеткенче,
Кече кийген чокой чыгат эсинен.
Колдоп турган элин эстен чыгарып,
Сатып кирет элин,жерин четинен.
Ажо болуп шайлангандан башталат,
Айтылган сөз,кылган иши башкача.
Сатуу деген дайым турат эсинде,
Кандай жумуш кандай ишти баштаса.
Бийлик келсе дароо менчик кылышат.
Жылуу жерде жакындарын жылытат.
Көз тунарып эч бир нерсе көрүнбөй,
Эл алдында ант бергенин унутат.
Ажолордун келерине кеп айтам.
Сабак болсун мурдагылар жеп качкан.
Омур бою чокой чыкпай эсинден,
Сөзүн уккун айтылганын эл жактан.
КОШ АПАКЕ
Биз коштоштук акыр маек курбадык,
Сиз жаттыныз нечен күндөр кыйналып.
Сүйлөшүүгө жетпей калдым апаке,
Жетип бардым создүн баарын ыйга алып.
Күйүтүмдү кошуп алдым арманга,
Өкүнөмүн бир аз жетпей калганга,
Жеткенимде мүмкүн «кош» деп айтмаксыз,
Мүмкүн анда муктаж элес жардамга.
Кош апаке карааныңдан айланам,
Мындан ары жолукпайбыз кайрадан.
Өмүр бою жүрөмүн мен өкүнүп,
Сиз жатасыз мүрзө болуп айланаң.
Калды көрксүз боздогондой там дагы,
Боздоп ыйлап калды кыздар, балдарың.
Угуп калам кээде бакта олтуруп,
Шыбырашып ыйлаганын алманын.
Оту күйбөй калды түтөп тандырың.
Оозу ачылбай калды эски сандыгың.
Жылдап айлап тырмаланып топтогон.
Калды маарап өзүң тапкан жандыгын.
Омур бою тартып келген азабын,
Алмаштырбай кузу менен жаз айын,
Куну туну кайнат турган буркулдап,
Соолуй тушту отто турган казанын.
Коро албадын балдарындан убайын.
Сизди ушундай жаратканбы кудайым.
Жаралгандан кызмат кылып оттунуз,
Эми жайлуу болсун жаткан бул жайын.
Кыйын экен уйдо сиздин жоктугун,
Сезип келем сиздин орун боштугун,
Эх апаке арга жоктон айтмакмын,
Туболуко кош демекмин кош бугун.
Ыйлап ыйлап тошогунду уйпалап,
Таппай калдым жаткан жерин сыйпалап,
Эстегенде кеткенинди апаке,
Журок сыздап орттоп кирет куйкалап.
«Олум ак дейт» айткандар бар билемин,
Жеткире албай апа ыйдын илебин,
Озунузго куран окуп ар куну,
Бейишинен берсе экен деп тилеймин!!!!!!!
АПА МЭЭРИМИ
Болсо да мээриминиз тизмек тизмек,
Азыр жок мен аларды журом издеп.
Сезилбейт башкалардан таппай келем,
Мээримди тогулгонун бала кыз деп.
Озундун омурундон озун кесип,
Аз аздан бизге бердин болуп кешик.
Биз учун кылган мээнет туйшукторун,
Биз мене журот азыр аалам кезип.
Эми жок билбейм кайда бараарымды,
Сагындым чууркап чыкчуу караанынды.
Байкасам келбес жака кетиптирсиз,
Билбепмин сизди издеп каларымды.
Эскерип уйдо олтурган элесинди,
Сагындым кундо айтчуу керезинди.
Суранам таягынды колго кармап,
Бир жолу уйго кирип келесинби.
АЛДОО ЖАНА АЛДАМАЙ
Кораблдин курсу башка кайда сузуп баратат.
Алдоо менен кун батырып,алдоо менен тан атат.
Алдоо менен келатабыз жыйырма жыл ичинде,
Алдоо менен жашаптыпбыз биз арт жакты карасак.
Алдоо,алдоо,дагын алдоо,тубу такыр корунбойт.
Алдоо менен жашагандын барар жери олум дейт.
Келечеги бар элдердин иши да бир,созу бир,
Айткан созу,кылган иши тук экиге болунбойт.
Алдайт бизди призиденти,министири,депутат.
Бизди алдап жатса алардын ооздорунан кеп учат.
Максатына жетип алып кайра баштайт алдоону,
Алдаганын салмактасан которо албай эки уч ат.
Кундо алдайт губернатор,окумоту,акими.
Алдайт баары,жардамчысы,калды дейсин да кими.
Алдайт алар коз коруноо, карап турурп алдашат,
Алдап журуп тажатты го кыргыз элди ар кими.
Алдайт дагын жалган жазып гезиттери бут алдайт.
Алдагандан ашса ашар журналдары тук калбайт.
Аны алдайт,муну алдайт,алдай берет баарысын,
Алдаганын бул дуйнодо оз мойнуна тук албайт.
Алдайт кундо ун алгысы жана алдайт сын алгы.
Тушунбойсун алдагандан ким биринчи,ким алды.
Бир биринен озуп чуркап балырашып алдашат,
Алдап жатып чыгарат го оз ийнине жылаанды.
Баары алдайт,баарын алдайтаны алдайт,муну алдайт.
Эл башчылар жалган айтып алдамайын тура албайт.
Конуп калды,алар алдап,эли дагын алданып,
Жалган айтып алдамайын бул дуйнодо журо албайт.
Алдоо,алдоо дагы алдоо ал кулака жанырат
Суйлоп жатса куру создор дайра болуп агылат
Алдап жатып алдаганга озу дагын берилип
Озун озу алдаганга озу дагын багынат
Бизде гана болот окшойт бири бирин алдамай.
«Жакшы жашоо курамын»деп кызыл тилди жалдамай,
Кече алдады,азыр алдайт,эртен алдайт кыргызды
Айта берет,айтып келет кызыл тилди жалдап ай.

Өсүмдүктөр жашоо булагы, ден-соолуктун байлыгы

02
Чаткал өрөөнүндө күн жылымдап кар эрип, жерге дем келе баштады. Кар кетери менен айланабыз жашыл шиберге айланып, түркүн түрдүү чөп өсүмдүктөрү өсүп чыгып, кызыл сары гүлдөр ачылып, айланабыз көз жоосун алган кооздукка айланат. Өсүмдүктөр биздин жашоо булагыбыз. Ошондуктан жайнаган ар түркүн өсүмдүктөрүбүздү табигый абалда сактап, керектөөбүзгө үнөмдөп пайдалануу ар бирибиздин милдетибиз.
Жаратылышка көмөк көрсөтүү менен анын байлыгын пайдалануунун бирден бир жолу аарычылыкты өнүктүрүү. Бал аарылар өсүмдүктөрдүн нектарын эле жыйнап тим болбостон, аларды чаңдаштырып, урук байлоосуна чоң жардам көргөзөт. Чаңдашуунун негизинде чөп өсүмдүктөрдүн өсүүсү жана көбөйүүсү жогорулайт. Балчылыктын кенен өнүктүрсө ушул өрөөндөрдүн эли бал менен камсыз болуп, балды сырткары жактарга сатууга жетерлик даярдай алышат. Чаткал өрөөнүндө өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсүп жана дары чөптөр көп кездешкендиктен Чаткалдын балы да баалуу, базарда өтүмдүү. Айыл чарбасында элдин көпчүлүгү балчылыкка багыт алып, балчылыкты өркүндөтсөк элдин дагы экономикасы көтөрүлүп, жаратылышка дагы чоң салым болмок.
Өрөөндүн токойлуу бөлүктөрү ар түрдүү жемиш бактарга жана балдарга бай. Бул байлыктарды пайдаланууда жапайы жемиштерди терүүдө үч эреженин сакталышы милдеттүү шарт болушу керек. Биринчиден – ал өсүмдүктөрдүн урук таштоосун, экинчиден ушул өсүмдүктөн азыктанган жапайы жаныбарлар жана канатуулардын шыбагасын эске тутуу. Үчүнчүдөн, айрыкча жашыруун келип алгандар бадалдардын, дарактардын бутак-шактарынын сынып-бүлүнгөнүнө карап отурушпайт. Жыл сайын опсуз сындырылган өсүмдүк сополдонуп, түшүм берүүсү азаят же оорууга чалдыгып куурап жоголо берет. Мына ушул өсүмдүктөргө чычырканак, ит мурун, карагат, бөрү карагат сыяктуу көптөгөн бадал-дарак өсүмдүктөрү кирет. Алардын мөмөлөрүн этияттап терип өз пайдабызга пайдалансак.
Чаткал өрөөнүнүн кен талааларында көптөгөн чөп өсүмдүктөрү менен кошо дары чөптөрдүн көп түрлөрү өсөт. Алардан адырашманга токтоло кетсем анын бийиктиги 20-25 см. Кыргызстанда өтө көп таралган өсүмдүк. Адырашман чөбүн эрте жазда орок богок байлаган мезгилде жерден 5-10 см жогору кыркып алыш керек. Өсүмдүктү кол менен жулууга болбойт. Уругун кутучасы ачыла баштаган мезгилде жыйнайт. Кутучаны кездемени жазып күнгө же бастырмага кургатат. Өсүмдүктүн курамындагы олголоит алгач борбордук нерв системасынын кыймылдаткыч борборлорун жандандырат. Кандын басымын төмөндөтөт, жүрөк кан тамырын кеңейтет. Өттүн жана ичегилердин иштешин жакшыртат. Адырашманды биз өтө ыйык тутуп үй-жайды, бала-чаканы, короо-малды, техникаларды аластап келебиз.
Бака жалбырактын жалбырагы жайында гүлдөгөн мезгилде кол менен үзүп алынат. Бастырмага жука жайып кургатылат. Бака жалбырактын жалбырагы суук тийгенге каршы, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу болуп саналат. Жалбырактарды демдеп ичеги сезгенгенде жана бронхит, какырыкты жумшартуу үчүн демдеп ичет. Уругун ич катканда демдеп ичсе ичти жумшартат. Ириң чыгарууга пайдаланат. Кургатылган жалбырактан бир чоң кашык бир стакан (чоң) 20-30 минут демдейт, андан кийин пайдаланылат. Биздеги дары чөптөрдүн түрлөрүн таанып-билип жана аяр мамиле жасап пайдасын көрсөк.
Мындан тышкары бозунач, кадимки өгөй эне, долоно, шилби, чычырканак, карагат, ит мурун, мекеир ж.б. тамак ашка пайдаланган өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү витаминдерге өтө бай келип иммунитетти көтөрүүчү, денени калыптандыруучу, ар кандай оруулардын алдын алуучу катары чоң жардам көрсөтөт. Бул чөптөрдүн бир жагынан баалуулугу бар болсо, экинчи тараптан алганда жайыттар үчүн оттоо чөп болуп эсептелет.
Республиканын Улуттук Академиясына караган токойчулук боюнча институту, Агрардык академия атайын адистерди бөлүп, ар кайсы дары чөптөрдүн тараган орундарын жана запасын аныктап, сунуштарын (рекомендацияларын) берсе андан кийин республиканын фармация системасы кабыл алууну жана өз сырьебуздан көбүрөөк дары жасоону уюштурса, же ишкерлер коңшу республикалардын тиешелүү тармактары менен алака түзө алышса, жумушу жок айыл эли дары чөптөрдү даярдоого катышып, өздөрүнө да жайыттарга да пайда келтиришет эле. Чөп бышкан кезде чабылып, ордунда кургатылып жыйналса, чөптүн урук таштоосу да жакшырат.
Коруктардын, токой чарбасынын жана элдин керектөөсүнө жеткидей бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүү үчүн питомниктерди, айрыкча “токой жана токой-мелиоративдик” жана “жемиш бак” багытындагы питомниктерди уюштуруу бардык тараптан пайдалуу болор эле. Дыйкан чарбалар, жалпы эле жергиликтүү жашоочулар бак дарактарды тигүүнү көбөйтүүнү колго алуусу керек. Муну менен көптөгөн зарылчылыктар канаттандырылар эле. Талаа четтерине коргоо тилкеси катары тигилген бак-дарактар ал талаанын микроклиматын жакшыртса, жол жээктерине жана короо жайга тигилген бактар ал жайларга көркөмдүктү камсыз кылып кооздукту тартуулайт.
Жемиш бактар тигилсе түшүмүн берет. Андан ар кандай сок-сироптор, вареньелердин түрлөрү, жемиш кактар жасалып пайдаланылат. Акыры жүрүп жетилген учурунда ошол эле бак-дарактар арзан курулуш материалдары же отун болот. Айрыкча бадал өсүмдүктөрү же акация өңдүү өсүмдүктөр менен кошо талааны коргоо тилкесине тигилген мырза терек, кара жыгач же көк талдар курулуш материалы катары тез жетилүүчү дарактардан болуп эсептелет.
Аскасы бой тиреп, башынан ак кар кетпеген тоолордо токойлор анда өскөн өсүмдүктөр сулуулуктун белгиси эмеспи, токой байлыгын коргоо, аны көбөйтүү биздин асыл милдетибиз.
Жайнагүл Алчинбекова, Беш-Арал мамлекеттик коругунун кенже илимий кызматкери

Кырчындай өмүрлөрү кыйылгандар

41-45 

Бул төмөндөгү маалыматтар ар кайсыл архивдерде сакталган документтер аркылуу интернет булактарынан жана китептен, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Таласбай Жаналиевдин жана Чотон Иманалиевдин өздүк архивинен алынууда. Ошондуктан төмөндөгү тизмедегилердин аты-жөнүнүн жазылышында каталыктар болсо орус тилине ылайыкталып жазылгандыгын эске алып же булардын арасында курман болгон деп катталып бирок, согуштан тирүү келгендер болсо ошол апаат мезгилдеги катачылык экендигин эске алууңуздарды суранабыз. Анткени, согушта өлгөн деп тизмеде катталгандардын арасында согуштан айрым аман келгендер да кезигип калууда.
Деги эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын тизмесин тактоодо көптөгөн кыйынчылыктар жаралууда. Анткени, райондук аскер комиссариатынын берген маалыматы боюнча 1941-1945-жылдары аскерге чакырылгандар Чаткал өрөөнүнөн, Талас аскер комиссариатынан да чакырылган экен. Ал эми Сумсар, Терек-Сай айыл аймактарындагылар Ала-Бука аскер комиссариатынан чакырылгандыктан аларды тактоо кыйынчылыкка турууда. Элдин айтымында 1942-жылы Чаткал өрөөнүнөн 300 чамалуу адам согушка бир чакырылган деген маалыматтар да бар. Биздин максатыбыз-район боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын баарынын тизмесин тактап, газетага чыгарып, алардын атын өчүрбөй сактап калуу максатында тийиштүү жерлерге такталган тизмелерди берүү болууда. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгы белгиленгенге чейин айыл аймак кызматкерлеринин жана жалпы коомчулуктун жардамы менен элибиздин жыргалчылыгы үчүн жанын аяшпаган аталарыбыздын тизмесин тактап, аны кийинки муундарга сактап берүү биздин милдетибиз деп билелик. Аны азыркы муундар муну эске алганыбыз абзел. Анткени, биз алардын балдары, неберелери, жакын туугандары катары жакшы билебиз. Уламдан жылдар алмашкан сайын бул согушка катышкандарды билгендер да мезгил менен жарышып, жуурулушуп бара жатат. Газетага жазылып чыккан тизмелердин арасында жазылбай калгандар чыгып, сиздер билгендер болсо биздин редакциянын 6-00-69, 6-03-24 (факс), 3-00-52 (факс) телефондоруна же chatkal_ottoru@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз.
“Чаткал оттору” газетасынын редакциясы

Алюмбеков Юмагул (Алимбеков Жумагул) 1915-жылы К.Маркс колхозунда туулган. 199-аткычтар дивизиясында кызмат кылган.1943-жылы 7-августа курман болгон. Сөөгү Смоленский областынын Ельня районунун Рысачы кыштагынын түндүк жагында коюлган.
Абылаев Сарпек 1924-жылы Каганович колхозунда туулган. 68 ОШР 4-армиясында кызмат өтөгөн.1944-жылдын 12-апрелинде курман болгон. Кишинев областынын Рыжка Оргеевск районунун Слободка айылында сөөгү коюлган.
Аликуров Марал 1916-жылы Коргон-Сай айылдык Советинде туулган. 304-аткычтар дивизиясынын 804-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. 1944-жылдын 15-декабрында курман болгон. Польша Краков согуш талаасында Красно районундагы Моердза айылында сөөгү коюлган.
Айдаров Нурмат 1906-жылы Каныш-Кыя айылдык Советинде туулган. 333-аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1943-жылдын 18-мартында курман болгон.Сталинский областынын Краснополье айылындагы “бир туугандык көрүстөнүндө” сөөгү коюлган.
Ахматов Ормош 1910-жылы Маданият колхозунда туулган. Аткычтар бригадасынын 93-бөлүгүнүн батареясынын 4-бөлүгүндө кызмат кылган.1943-жылдын 11-январында курман болгон. Сталинград фронтунун түштүк-батышынын 1 чакырым аралыгында сөөгү коюлган.
Аширбаев Сатыбалды (Алтубаев Сатын-Алда) 1924-жылы Маданият колхозунда туулган.Батыш Прибалтика фронтунун НКВДнын 220-чек ара полкунда кызмат кылган. 1944-жылдын 7-августунда курман болгон. Смоленск обласынын Персечтинск районундагы Подгейск көрүстөнүндө сөөгү коюлган.
Абдурахманов Жамбек 1923-жылы Ленин колхозунда туулган. 1-гвардиялык аба десант бригадасында кызмат кылган. 1943-жылдын 27-августунда туберкуллез ооруусунан өлгөн.Шуя шаарындагы Троицкое көрүстөнүнө көмүлгөн.
Асланов Сулейман 1899-жылы Ворошилов колхозунда туулган.123-аткычтар дивизиясынын 2-гвардиялык бригадасында кызмат кылган.1944-жылдын 10-майында курман болгон. Крым АССРинин Севастополь районундагы Кача кыштагында №15 көрүстөндүн түштүк-батыш тарабынын айланасында коюлган.
Аширбаев Мамедкул 1924-жылы Сары-Булак айылдык Советинде туулган.112-аткычтар дивизиясында кызмат кылган.1943-жылдын 16-мартында Курск областынын Хомутовск районунун Погт айылында сөөгү коюлган.
Аралов Жофар (Жапар) 1918-жылы Буденный колхозунда туулган. 18-аткычтар армиясында кызмат кылган.1942-жылдын 16-октябрында курман болгон. Красноярск крайынын Шаумянск районунда сөөгү коюлган.
Айтаков Шаржанут (Шаршенкул) 1908-жылы Чандалаш айылдык Советинде туулган. 265-аткычтар дивизиясынын 450-аткычтар полкунда кызмат кылган.1943-жылдын 22-январында курман болгон. Ленинград областынын Мценский районунун Пустошки кыштагынын батыш тарабынын аймагына сөөгү коюлган.
Алишбеков Коңурбай (Алимбеков) 1923-жылы туулган. 1943-жылдын 12-ноябрында курман болгон. (Кайсы бөлүктө кызмат кылып, кайсыл жерге сөөгү коюлганы белгисиз)
Анарбеков Кадыр 1925-жылы Ворошилов колхозунда туулган. 357-аткычтар дивизиясынын 1190-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 30-октябрында курман болгон. Калинин областынын Невельск районунун Кармалинец кыштагынан 300 метр аралыкта түштүк-чыгыш тарабында сөөгү коюлган.
Арыкбаев Абдулды (Абдылда) 1899-жылы Ворошилов колхозунда туулган.1942-жылы аскерге чакырылган. 220-аткычтар дивизиясынын 653-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 10-июнунда курман болгон.Смоленск обласынын Сафоновск районунун Базняковок кыштагынан 300 метр аралыкта сөөгү коюлган.
Арыстанбеков Оросбек 1903-жылы Айгыр-Жал айылдык Советинде туулган. 4-гвардиялык кавалердик дивизияда кызмат кылган. 1943-жылдын 1-декабрында курман болгон. БССРинин Калинаовск районунун Б. Автюки кыштагында сөөгү коюлган.
Акылбеков Кушубек 1916-жылы Киров районунда туулган. 4-гвардиялык кавалердик дивизияда кызмат кылган. 1943-жылдын 15-мартында курман болгон. Сумской областынын Ромашенко кыштагында сөөгү коюлган.
Атабаев Тажикул 1912-жылы Ворошилов колхозунда туулган. 415-аткычтар дивизиясынын 1326- аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылы курман болгон. Сөөгү коюлган жери белгисиз.
Асанов Дасав 1924-жылы Чаткал айылдык Советинде туулган деген божомол бар. 1943-жылдын 4-февралында жараттан курман болгон. Воронеж областынын Сталин колхозунда сөөгү коюлган.
Айдунаев Жумабек 1902-жылы Ак-Ташта туулган. 4-гвардиялык механикалык корпустун 61 -механикалык бригадасында кызмат кылган.1943-жылдын 19-январында курман болгон. Ростов областына сөөгү коюлган.
Алимбеков Караш1900-жылы Чандалаш айылдык Советинде туулган. 4-гвардиялык механикалык корпустун 61-механикалык бригадасында кызмат кылган.1943-жылдын 19-январында курман болгон. Ростов областына сөөгү коюлган.

Андармиев Анаркан 1922-жылы туулган. Туулган жери боюнча так маалымат жок. 36-аткычтар бригадасында кызмат өтөгөн.1943-жылдын 28-декабрында курман болгон. Витебск областынын Мозненск районундагы Моклани кыштагында сөөгү коюлган.
Алимов Сапарали 1925-жылы туулган. Туулган жери боюнча так маалымат жок. 376-батыш полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 5-апрелинде оорудан көз жумган. Колтубовка станциясында сөөгү коюлган.
( «Чаткал оттору гезитинен» алынды. уландысы бар)