Архив метки: Чаткал району

Чаткал району өткөн тогуз айда

IMG_3786 IMG_3681 IMG_3970 IMG_4649

Чаткал районунда 2015-жылдын 9 айында эл чарба тармактарынан 2607803,0 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 169,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 151,9 пайызга же 890658,2 мин сомго көп аткарылды.

Айыл чарбасында   9 айдын жыйынтыгы менен 974932,7 мин сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 114,5 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 113,1 пайызга өсүү темпи  камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан  2243,0 тонна эт, 6801,0 тонна сүт, 103,0 тонна жүн, 1664,0  миң  даана жумуртка өндүрүлдү.

Өнөр жай тармагында 1225627,5 миң сомдук продукция өндүрүлүп,  ал эми 2014-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2,8 эсеге көп аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 217,6 пайызга аткарылды.

Ал эми калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 9 айдын жыйынтыгында 21536,0 миң сом болуп, план 95,1 пайызга, өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 112,7 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.

Капиталдык салымдардын көлөмү 28565,8 миң сомду түзүп, план 54,6 пайызды, 2014-жылдын  9 айына салыштырмалуу өсүү темпи 46,0 пайызга аткарылды.

Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 357141,0 миң сомду түзүп,  план 112,5 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 108,5 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.

2015-жылдын 9 айында райондун  экономика, социалдык тармактарына  жалпысынан 186340,3 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,7 пайызды камсыз кылды. Анын ичинен 88750,0 миң сом айыл чарбасына, 51827,7 миң сом социалдык тармака, 16950,7 мин сом өнөр жай тармагына жана 28811,9 миң сом ар кандай тармака тартылган.

Райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 127138,5 миң сом кичи жана орто кредиттер берилилген.

Бюджеттин киреше бөлүгү салыктар жана жыйымдар район боюнча 177775,0 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 133,0 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 150,5 пайызга камсыз кылынды. Анын ичинен республикалык бюджетке 76720,1 миң сомдук план белгиленсе 71438,0 миң сомго аткарылып,  план 93,1 пайыз, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызды түздү. Себеби, алтын өндүрүүчүлөрдөн алынуучу салыктардын божомолу негизсиз жогору берилүүдө. Анкени эң ири өлчөмдө салык төлөп келе жаткан ОсОО “Вертекс Голд Компани” июль айынан баштап алтын өндүрүүсүн токтотуп, август-сентябрь айларынын салыктык отчетторун “0” менен берүүдө. Андан сыркары райондун аймагындагы кен байлыктарды иштетүүгө лицензия берүүгө аукциондордун болбогондугуна карабастан бонус    ( бир жолку төлөм) салыгы боюнча божомол негизсиз жеткизилүүдө.

Жергиликтүү бюджетке 56938,6 миң сом план белгиленсе, 106337,0 миң сом топтолуп, план 186,8 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 189,5 пайызга көп топтолгон. Райондогу  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгүн атайын каражаттар  жана  трансферттер  менен алганда  пландагы 77326,2 миң сомдун  ордуна 125988,2 миң сомго аткарылган, план 162,9 пайызга же 48662,0 миң сомго ашыкча аткарылган.

 Б. Дилдебаев  

Райондогу жол тейлөө ишканасы кышка даяр

карабуура ашуусундагы снайпер көпүрөсүSAM_3056 чапчыма ашуусу

Чаткал  районунун № 27 Жол тейлөө ишканасынын   башкы инженери Т. Субаналиевдин  айтымында  райондо алдыдагы  кыш мезгилине  карата даярдыктар  90 пайыз  аткарылды.  Быйылкы жылы мекеме жаңы техникалар менен  камсыз болгон. Чаткал-Ала-Бука унаа жолдорунун коопсуздук чаралары көрүлүп, кышка карата бир топ даярдык алдын ала көрүлдү. Тактап айтканда, Чаткал–Ала-Бука авто унаа жолунун  60-80 км чакырымында  2 даана оор техника  даяр турат. Ал эми, аталган унаа жолунун  80-180 чакырым аралыгында   2даана автожүктөөчү   жана  1 даана  жол тазалоочу  техникалар ишке даяр.  Аба ырайынын катаалдыгы эске алынып,  2500 тонна күйүүчү, майлоочу май  даярдалган.  Негизи, районго 1 жылга  болжол менен 50-60 күйүүчү, майлоочу май  керектелет.  Учурда Ак-Таш айылына  кеткен негизги унаа жолун кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн  ДТ-75 авто  унаасы  оңдолуп жатат. Буга кошо эле, аталган унаа жолун    жер көчкүлөрдөн  тазалоо айыл көпүрөсүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Кабарчы Т Алмарсбек кызы

Район мектептеринде кыш мезгилине карата даярдык жакшы

         IMG_4547 IMG_4638 (2)

Район аймагындагы дээрлик бардык мектептер жана мектептке чейинки билим берүү уюмдар кышка даяр. Бул тууралуу райондук билим берүү уюмунун башчысы Т. Тынышов билдирди. Анын билдиришинче, мектептерге  342 тонна  көмүр, 147 куб  жыгыч  отун алынып берилген.    Тактап айта кетсек, Б. Камчыбеков орто мектебине  40 тонна, Ж. Ташкеев мектебине  22 тонна, А. Баймырзаев орто мектебине 25 тонна көмүр бөлүнуп берилген. Ал эми бала бакчалардан -Сумсар бала бакчасы 15 тонна,Байчачекей бала бакчасы 18 тонна көмүр менен камсыз болгон. Райондогу мектептерде  кадр жетишпестиги  эске алынып, быйылкы жылдын эсебинен 7 жаш мугалим ишке тартылган.  Көпчүлүк жаш кадрлар  информатика,физика,география предметтеринен учурда   эмгектенип жатышат.  Окуу жылы башталгандан тарта мектептерде мугалимдер жетиштуу жана мурунку жылга караганда  кадр жетишпестиги  толугу менен жоюлган. өткөн окуу жылында  район аймагында мектеп окуучуларынын  өз ара пикир келишпестиги  чыр-чатактары  билим беруу  мекмесине  бир топ  ынгайсыз абалды  түзгөн. Мындай  окуяларды алдын алуу боюнча  бир топ иш чаралар  аткарылып , райондук ички иштер  башкармалыгынын  кызматкелери  жана  социалдык  педагогдор иш алып барууда  дейт райондук билим беруу  башкармалыгынын башчысы Т. Тынышев.

Кабарчы Т Алмарсбек кызы

Чаткалга белгилүү ишкер, фармацевт Зыяда Азикеева

 

 

Ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү аны менен кошо жоопкерчилиги болот эмеспи. Кесипти сүйүп, аны өркүндөтүп, өстүрүү кесиптин ээсинин колунда.  “Мөмө дарагын канчалык баксаң, сага ошончолук мөмөсүн берет”- демекчи өз кесибин сүйүп, жан дүйнөсү менен иштеп, бүгүнкү күндө да талыкпай эмгектенип, эл үчүн кызмат кылып келе жаткан районубуздагы көрүнүктүү ишкерлерибиздин бири Зыяда Азикеева.

зыяда эже 1

Элдин жүрөгүнөн уя тапкан ишкерибиздин чынында эле эл үчүн эмгеги чоң баага ээ. Анткени сыркоологон элдин ден-соолугуна аба менен суудай керек болгон дары-дармектерди элге жеткирип, камсыз кылып келет. Ишкердин өмүр жолуна кылчайсак, ал 1960-жылы 18-октябрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасында төрөлгөн. 1967-77 жылдары Ала-Бука районундагы Жданов атындагы мектепти аяктап,1977-жылы Ташкент шаарындагы фармацевтикалык иниститутуна тапшырып, 1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, ушул эле жылдан баштап,1998-жылга чейин Чаткал райондук борборлоштурулган дарыканада провизор-технолог жана дарыкананын башчысы болуп эмкгектенген.Тактап айтканда, бул  жумушта 16 жыл эмгектенген. Ал эми, 1998-жылдан тартып, Каныш-Кыя айылындагы №567 дарыканада иштеп келүүдө. Күндүр-түндүр дары-дармектерге муктаж болгондорго дарыкананын эшигин кенен ачып, элдин талабын орундатып, ыраазычылыгын алып келүүдө.

зыяда эжеIMG_4182 Анын күжүрмөн эмгектери өз учурунда жогору бааланып, 2013-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы   тарабынан “Жылдын мыкты ишкери”номинациясына ээ болгон. 2014-жылы болсо,   калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылууда кошкон чоң салымы үчүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча провизор жана фармацевттер ассоциациясынын “Диплому” менен сыйланган.

зыяда эжеIMG_4187 (2) IMG_4186 (2) зыяда эжеIMG_4184

 

зыяда эжеIMG_4193 (2)

 

 

2009-жылы  райондук салык кызматы тарабынан 1-июнь салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Чаткал элине көрсөткөн ак эмгеги жана иштеги ийгиликтери, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда кошкон салымы үчүн “Ардак Грамотага” арзыган.  Ал эми, 2012-жылы “Адилет-Фарм” фармацевттер ассоциациясы тарабынан фармацевтика тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн “Ардак Грамотага” ээ болгон.

Эл адамы Зыяда эже үй-бүлөсүндө бактылуу эне жана өмүрлүк жолдошунун сүйүктүү жубайы экендигин да кошумчалай кетүү ашыкча кылбайт.

Өмүрлүк жубайы экөө эки уул эки кызды тарбиялап эрезеге жеткирип, учурда чоң уулу Муктар Ош шаарында Финка банкында кзыяда эжеIMG_4192редиттик специалист болуп иштейт. Экинчи уулу Бакыт ички иштер кызматында эмгектенет. Ал эми, эгиз кыздары Апел менен Үпөл экөөсү тең англис тили боюнча мугалимдик кесипти аркалашат. Уул-кыздарынын баары үй-бүлө очогун куруп калышкан.

 

зыяда эжеIMG_4190зыяда эжеIMG_4191

Учурда каарманыбыз төрт неберенин кубанычтарын тең бөлүшүп, чоң ата, чоң эне жана таята, таене болуп бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келишет.Эл кызматындагы эженин мындан ары да иштерине ийгиликтер кошулуп, журт арасында бар болсун демекчибиз.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер  кошунунун мүчөсү   

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата район калкын куттуктоосу

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)

Ардактуу меймандар!

Кымбаттуу Чаткал районунун тургундары!

Баарыңыздарды быйылкы 2015-жылы Чаткал районунун район болуп уюшулгандыгынын 80 жылдык юбилейи менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын ниетим менен куттуктайм.

Кутман жерибиздин атайын өзүнчө район болуп түзүлгөнүнө мына быйыл 80 жыл толду. Элибиз мына ушул тарыхый күндү белгилеп жатып, алды менен кут даарыган Чаткал жергебиздин тарыхына кайрылсак өзүнчө бир айтып бүткүс дастан сыяктанат. Ала Тоого курчалган жергебиз нечендеген кылымдарды карытып, нээ деген адамдардын тагдырын өз койнуна сактаганы кеп аңыздарында, тарыхый жазма булактарда сакталып келүүдө. Мына ушул жаратылыштын төрт мезгилин тең бирдей кудум өзүндөй тартуулап, жашыл төргө чүмбөттөлгөн жергебизди касиеттүү Ыдырыс пайгамбарыбыздын качандыр бир убактарда байырлаганы, Күлбөс хан менен Жанчар хандын отурукташканы, өз кезинде Чаткал шаар болгону,  нечендеген журтчулугубузга белгилүү жана белгисиз болуп калган адамдардын жашап өткөнү бул тоо шартында ата кануштун очогун өчүрбөй өмүр кечирип келе жаткан биз кийинки муундар үчүн сыймык.

Ал эми элибиздин бактысына куш конуп, өз алдынча район деген статуска ээ болгон күн 1935-жыл болгон. Мына ошол жылдан баштап элибиздин жашоо шарты жаңы нукка бурулуп, жергебиздин өнүгүү мезгили башталган. Айыл чарба, билим берүү, медицина, маданий жана социалдык тармактарда алга карай өсүш башталган. Элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кыла турган мекемелер ачылып, бир топ кыйынчылыктар жеңилдетилген, жергиликтүү жашоочу калктын саны өскөн. Элдин кат сабатсыздыгы толугу менен жоюлган.Элди тамак-аш, медицина менен тейлөө жакшыра баштаган. Чаткал жергеси айыл чарбасына ылайыктуу болгондуктан айыл чарба багытына бөтөнчө маани берилип, чарбаларда төрт түлүк малдын башы көбөйгөн. Жаңы жолдор ашар жолу жана техниканын күчү менен салынып, алгачкы техникалар келип, дың жерлер өздөштүрүлгөн. Айыл, кыштактардын баарына электр линиялары тартылып, “Илич шамы” жеткирилген.Аэропорт салынып, учак менен адамдарыбыз башка жактар менен катташа башташкан. Күн санап алга карай жылыштар болуп отуруп, калкыбыздын арасынан эмгек алдыңкылары, илимдин адамдары, ар кесиптин ээлер  өсүп чыккан. Аларга Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты  Ташбай Айдаровду, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Байыс Айтназарованы, СССР Жогорку Советинин депутаты Бегалы Нарматовду, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты Ороскүл Барпиеваны, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, коомдук ишмер Темиркул Кошбаевди, ал эми биология илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Биймырза Токторалиевди, биология илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Сатымкуловду кошууга болот. Мындан тышкары Чаткал жергесинен чыккан бир нече  медицина, экология, гиология-минералогия, химия, биология, филология, философия, физика-математика илимдеринин кандидаттары бар.

Ал эми биздин элибиздин арасынан эл керегине жарап, мамлекеттик кызматтарда иштеген бир топ инсандар өсүп чыккан жана чыгууда. Аларга Барпы Рысбаев, Роба Абдысаматова, Жумагүл Эгембердиева, Ыманберди Досбаев, Абдыкайым Оморов жана башкаларды кошууга болот.

Район уюшулгандан берки 80 жыл аралыгында жергебиз мурдагы калпынан таанылгыс өзгөрүп-өсүүгө карай багыт алды. Баардык тармактарда күн санап жаңылануулар болууда. Жашообузду сивилизациялуу жолго түшүрүүгө аракеттер көрүлүп, инфраструктура өзгөрүлүп, шартыбызга жараша жаңы имараттар,  заманбап жаңы мектептер, спорттук залдар, клуб, балдар бакчалары, көпүрөлөр курулуп, алды пайдаланууга берилүүдө.  Республикалык маанидеги спорттук оюндар районубузда өткөрүлө баштады. Жолдорубузга асфальт төшөлүп, айылдарда түнкү жарыктандыруулар коюлууда.

Жергебиздин жер алдындагы  кен байлыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылып, инфесторлор тартылып, натыйжасында жаштарыбыз жумуш менен камсыз болуп, кен байлыктарын иштетип жаткандардын эсебинен районубузга киреше келе баштады. Дотацияда отурган айыл аймактардын алды өзүн-өзү каржылоого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Акыркы кезде жашоону жаныча көз караш менен караган билимдүү жаштарыбыздын жаңы муундары өсүп келе жатат. Мунун өзү келечектен көптү үмүттөндүрүп келет.Алардын жаратмандыгынын касиети менен Чаткал көптү суктандырган чөлкөмгө айланарына элибиз ишенет.

Чаткал районунун район болуп уюшулгандыгынын 80 жылдык юбилейи областтык деңгээлде жергебизде белгиленип жаткан кезде баарыңыздарга бакубат жашоо, ынтымак, ден соолук каалап, районубузда жакшы жетишкен ийгиликтер жарала беришине тилектешмин.

Канжарбек Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

кулактандыруу!!!

чаткал аймактык шайлоо комиссиясыIMG_3902

Урматтуу районубуздун тургундары!

Район аймагында 7-сентябрдан баштап «Мен тизмеден өзүмдү билги келет» аттуу иш чаранын алкагында Чаткал районундагы  бардык шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялык тестирлөөдөн өткөрүү жүрүп жатат. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар алдыдагы шайлоого ишенимдүү баруу үчүн шайлоочулардын тизмесинде бар же, жок экендигине карабастан,  өздөрүн бир ирет тестирлөөдөн өткөрүүлөрү тийиш.

Иш чара 12-сентябрга чейин уланат.

 

кулактандыруу!!!

 

Терек-Сай  айыл  аймагы 1 (бир орун)  адис административдик  мамлекеттик  кызмат орунга конкурс  жарыялайт.

Адис  административдик  кызмат  орунуна  төмөнкүдөй квалификациялык  талаптар  белгиленет:

  1. Кесиптик билим  деңгээли:
  • Муниципалдык кызмат орундарынын  профили боюнча кайра даярдоодон  өтүү менен  орто  билим.
  1. Иш стажы  жана тажрыйбасы:
  • Стажына талап   коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү  билүүсү  керек:

  • Жалпы Мыйзамдарды, о. э. тиешелүү  тармактагы  мыйзамдарды;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн  зарыл  болгон  көлөмдө мамлекеттик  жана  расмий  тилдерди  билүүсү;

Көндүмдөр:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын  сапаттуу аткаруу;
  • Кызматтык милдеттерине ылайык  өзүнүн  ишин  натыйжалуу  пландоо;
  • Жарандардын кайрылууларын  карап чыгуу  жана  ал боюнча  жоопторду даярдоо;
  • Мамлекеттик жана расмий  тилдерде  ишкердик  кат  алышуу;
  • Командада иштөө.

Ыктуулук:

  • Мыйзамдар жана  башка ченемдик  укуктук  актылар  менен иштөө  жана  аларды  иш жүзүндө  колдонуу.
  • Компьютердик жана   уюштуруу  техникасын,  зарыл  болгон программалык  продукттарды  колдоно  билүү

Талап  кылынуучу  документтер:

  • Арыз
  • Өздүк баракча
  • 3 х 4 өлчөмүндөгү  2 даана  сүрөт
  • Паспорттун же өздүгүн  күбөлөндүргөн  башка  документтердин көчүрмөсү
  • Жогорку же  атайын  орто билим  жөнүндөгү  дипломдун көчүрмөсү

(күбөлүк, сертификат ж.б. документтердин  көчүрмөлөрү.

  • Эмгек  китепчесинен  көчүрмө
  • Резюме
  • Өмүр баян

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  массалык  маалымат каражаттарына  жарыялангандан  кийин  эки  жуманын ичинде  төмөнкү  дарек боюнча  жүргүзүлөт.

Дареги :   Чаткал  району  Терек-Сай   айыл  аймагы

                  Байланыш  телефону:   (37-49)  6-01-97

Квалификациялык  талаптарга  жооп берген  талапкерлерге  конкурс өткөрүлүүчү  күнү  маалымат   берилет.

Колу жеңил, ак пейилдүү киндик эне

       айша нурбаеваIMG_3777 (2)    

Дүйнө жүзүндө бир күндө миңдеген наристелер жарык дүйнөгө келишет, алардын жарык дүйнөгө келиши ата-энесин гана эмес, мээрман киндик энелерди да чоң кубанычка бөлөшөт. Умай энелердин алтын колдору менен наристелер коомубузду шаңга бөлөп, келечекке жол алышат, алардын эмгектерине баа жеткис, түйшүктүү жана өтө жоопкерчиликтүү. Ошондой өз кесибин сүйүп, талыкпай иштеп келе жаткан мээрман энелерибиздин бири жүздөгөн ымыркайлардын киндик энеси Айшабү Нурбаева болуп эсептелет.

нурбаева айшаIMG_3776 (2)

Айшабү Нурбаева 1962-жылы 5-январда Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган.1979-жылы орто мектепти аяктаган соң, Жалал-Абад медициналык окуу жайынын акушердик бөлүмүнө тапшырып,1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң, алгач эмгек жолун Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Жеңил колдору жана ак пейили менен болочок энелерге жылуу мамиле жасап, ал тургай  төрөтү оор болгон, өмүрү кылдын учунда турган энелерди да аман-эсен көз жардырып, нечендеген энелер гана эмес анын бардык жалпы үй-бүлөсүнүн алкышына татыды. Далай жолу күндү-күн, түндү түн дебей уйкусуз атырган күндөрү да болгон.

нурбаева айшаIMG_3773

Албетте, айтып олтурсак мээрман умай энебиздин энелерге кылган камкордугу айтып бүткүс. Ушундай ак эмгегинин жемиши менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алкыштарга жана ондогон “Ардак Грамоталарга” ээ боло алды.

нурбаева айшаIMG_3765нурбаева айшаIMG_3760

Алсак,  2009-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Ж.Эгембердиева тарабынан райондун социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен,  2010-жылы Жалал-Абад мамлекеттик администрация башчысы губернатор К.Масиров тарабынан көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип,чоң ийгиликтерди камсыз кылгандыгы үчүн ”Ардак Грамотасы” менен,

нурабаева айшаIMG_3762айша нурбаеваMG_3757нурабаева айшаIMG_3763

2013-жылы Чаткал райондук аялдар кеңеши тарабынан медицина тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Ардак Грамота” жана ушул эле жылы областтык саламаттык сактоо координатору М.Миянов жана областтык ССККБК төрагасы Э. Исмаев тарабынан калктын ден-соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Ардак Грамотасы” ошондой эле, 2015-жылы саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы,жогорку кесипкөйлүгү үчүн  КР. Саламаттыкты сактоо министри Т. А. Батыралиев тарабынан “Ардак Грамотага” ээ болгон.

нурбаева айшаIMG_3766

“Элге кызмат кылып, журтка жарандуу, өлкөгө керектүү болуу-эбегейсиз бакыт, улуу дөөлөт”-демекчи, киндик эненин кызматына миңдеген алкыш сыйлыктарды ыйгарсак да анын эмгегин жеткире баалай албаспыз. Айшабү Нурбаева учурда да Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнүн акушерка-гинеколог кызматын аркалап, жаш кызматкерлерге өзүнүн мыкты тажрыйбаларын үйрөтүп, энелерге жана наристелерге кам көрүп, талыкпай эмгектенип келүүдө. Киндик эне айша Нурбаева алгач иштей баштаганда өзүнүн жеңил колдору менен жарык дүйнөгө алып келген ымыркайлар бүгүнкү күндө өздөрү ата-эне болуп калган кездери. Алар киндик энеге чексиз ыраазы экендигин жашырышпайт.

Түйшүктүү кесипти аркалаган биздин каарман, айыл элинин бел туткан умай энеси, жети баланы тарбиялап чоңойтуп, беш неберени эркелетип,жолдошу менен бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келет. Эл үчүн, энелер үчүн талыкпай эмгектенген Айшабү Нурбаева мындан ары да ата-энелердин кубанычын арттырып,  наристелердин күлкүсүнүн улам жаңырып турушуна себепкер киндик эне болуп жүрө берсин демекчибиз.

Гүлмайрам Ташбаева КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү

Статистика тармагына ат көтөргүс эмгек сиңирген

 

 

Күнү кече эле арабызда жүрүп, пенсия курагында болсо да жаштардан кем калышпай иштеп, өзгөлөргө өрнөк болуп жүргөн агабыз, бир бөлмөдө бетмаңдай отурган Токобаев өскөнбай агабыздын арабыздан кеткенине билинбей эле эки айга чукул убакыт өтүп кетиптир. Ал киши көзү тирүүсүндө райондогу статистика тармагына дегеле, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ат көтөргүс эмгек сиңирип, ошонусу менен элдин кадырлоосуна жетишкен инсан эле. Мындай инсанды эл алдында дагы бир ирет эскере кетсем, артыкбаш кылбас деп ойлойм.

ө токобаевКопия 20150828_141417

 

Токобаев Өскөнбай  1951-жылы туулган, билими жогорку, экономист Кыргыз Агрардык Академиясынын агрардык өндүрүштүн экономикасы  жана башкаруу адистигин алган.

ө ТОКОБАЕВ20150828_142247

Ал өзүнүн  алгачкы эмгек жолун 1968-жылы  Ала-Бука районунун  Чаткал совхозунда жумушчу болуп  иштөөдөн баштаган. 1973-1988-жылдары  Чаткал мал чарба  станциясында, Башкы-Терек  совхозунда экономист жана  башкы экономист  болуп эмгектенип, райондун түптөлүшүнө көрүнүктүү салым кошкон.

ө токобаев20150828_140558

Мында иштеген жылдары тууралуу ошол кезде аны менен бирге иштешкен Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер Саматкул Максымбеков да Өскөнбай Токобаев тууралуу жылуу пикирин айтып келет.

ө токобаев20150828_141046

Ал андан соң, 1988-1995-жылдары  Каныш-Кыя совхозунда  башкы  экономист  болуп иштеп, 1995-жылдын  май айынан  өмүрүнүн акырына чейин  экономист, башкы адис,  жетекчинин  орун басары   болуп  Чаткал райондук  мамлекеттик статистика  бөлүмүндө  үзүрлүү  эмгектенип  келген.

ө токобаев20150828_141417

Өскөнбай Токобаев 1979-89-99-2009-жылдардагы  Эл каттоолордо  жана  2002-2003-жылдардагы  айыл чарба каттоосунда  инструктор, бөлүм  башчы, жетекчинин  орун басары   катары  иш алып  барган. Ал эми азыркы мезгилде  башкы  адис  болуп  иштеп келген.

Башкы-Терек, Каныш-Кыя   совхоздорунда  иштеп жүргөн мезгилдеринде райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымдары ошол кездеги мамлекеттик бийлик органдары тарабынан эске алынып, бир нече жолу совхоз  дирекциясы,  райондук  партиялык  комитети  тарабынан “Ардак  Грамоталарга”  татыктуу  болгон.  Тактап айтканда, Чаткал  райондук   мамлекеттик  администрациясынын  эки жолу,  Жалал-Абад  облустук  мамлекеттик  статистика  башкармасынын,  Жалал-Абад облустук  мамлекеттик  администациясынын  жана Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  статистика  комитетинин  “Ардак  грамоталары”  менен  сыйланган.

ө токобаев20150828_141801

Ал эми, 2010-жылы  көп жылдык  үзүрлүү эмгеги үчүн  Кыргыз  Республикасынын  статистика  кызматынын  отличниги  төш  белгисине  татыктуу болгон.  2012-жылдын  жыйынтыгы  менен  Өскөнбай Токобаевге Жалал-Абад областынын  аймагындагы  райондук, шаардык  мамлекеттик  статистика  бөлүмдөрүнүн  арасындагы  мелдештин   шарттары боюнча 2012-жылдын  “Эң  мыкты  кесипкөй башкы  адиси” наамы  ыйгарылган.

Токобаев  Өскөнбай  басып өткөн  эмгек  жолунда такшалган  тажрыйбалуу  экономист,  жөндөмдүүлүгү  жогору  инсан,  адис катары  иш алып  барды.   Тапшырылган  ар кандай   иштерди  жогорку  жоопкерчиликти  сезүү менен өз  убагында  так жана сапаттуу аткарууга жетишкен.

Мамлекеттик  жана  коомдук  иштерге  активдүү  катышуу  менен райондук  деңгээлде жана өз коллективинин арасында  кадыр баркка ээ жана  коллективде  жаш адистерди  тарбиялоодо мыкты   насаатчы  эле.

Анын аткарган иштери, жүрүш-турушу көпчүлүгүнө асыресе, өсүп келаткан жаш кадрларга үлгү болгон. Өскөнбай Токобаевди калк өтө принципиалдуу, көп нерсеге көзү жетик жана өз ишинин майын чыгарган жана аткарган иши үчүн эч кимге милдет кылбаган ак жүрөк инсан катары билишчү десем жаңылышпайм.

Чындыгында, райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн мыкты билген мындай тажрыйбалуу экономист райондо сейрек экендиги талашсыз.

ө токобаев20150828_141644

 

 

Айрыкча, анын пенсияга чыкса да, арыдым, карыдым-дебей, жаштардан кем калышпай иштеп, райондук статистика бөлүмүнүн кызматкерлерине гана эмес, райондогу бир топ мекемелердин эсепчилерине билгенин үйрөтүп, аларга жол көрсөткөн мыкты насаатчы катары иштеп келгендиги мактоого гана татырлык.

Мамлекеттик  кызматтын  1-класстагы   инспектору  болгон.

ө токобаевКопия (3) 20150828_141644

7 баланы  тарбиялап  чоңойткон. 16 неберенин чоң атасы жана таятасы. Уулдарынын ичинен кичүүсү Бекболсун ата жолун жолдоп, экономист-бухгалтер кесибин аркалап келүүдө. Ал азыр борбор калаадагы жеке фирмалардын бирине башкы эсепчи болуп эмгектенип жаткан кези.

Чаткал районунун акими К. Эшалиев 2013-жылдын  ардактуу атуулдары О. Токобаев. П. Балташев. С. Мамбеткулов менен. 31-август. 2013-жыл 1

Өскөнбай Токобаевге көп  жылдык  үзүрлүү  эмгеги жана райондун  социалдык-экономикалык  жактан  өнүгүүсүнө  кошкон  бараандуу  салымы   үчүн  “Чаткал  районунун  Ардактуу  атуулу”  наамы ыйгарылган.

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев айткандай, мындай жетик инсандардын көзү өтүп кетсе да, жасаган эмгеги албетте, элдин эсинде түбөлүк сакталып кала бермекчи.

А. Стамбеков, райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси

 

31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Канжарбек Эшалиевдин район калкын куттуктоосу!

ipp

Урматтуу районубуздун калайык калкы! Кадырлуу ата-эне, ага-ини, эже-карындаштар!

Убакыт өтүп, жыл айланып, минтип,  мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн чоң салтанат менен белгилөөчү күн да кирип келди.

Бул күндү көрүүнү эңсеп, ата-бабаларыбыз эчен кылымдап кан төгүп, жан берсе да, улуттук ар намысын бийик тутуп жашап келишкен. Эгемендүүлүк мезгили минтип, биздин доордун шыбагасына туш келип, аны жыл сайын белгилеп келебиз.

Мамлекетибиз эгемен болгонуна быйыл жыйырма төрт жыл толуп олтурат. өткөн жыйырма төрт жыл ичинде жаш Кыргыз мамлекети канчалаган саясий, экономикалык оош-кыйыштарды башынан өткөрүп, ага карабай өз эгемендүүлүгүн сактап, ага жараша башка мамлекеттерге демократиялык принциптеринен тайбаган эркин өлкө катары белгилүү болуп келе жаткандыгы кубандырат. Башка чоң мамлекеттер Кыргызстандын эгемендүүлүүлүгүн таанып, мамлекетибиз алар менен теңата ар кандай саясий-экономикалык жана аскерий алакаларды түзүп, ошонусу менен эл аралык деңгээлде өз аброюн сактап келет.

Урматтуу районубуздун тургундары!

Кадырлуу журтташтар!

Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоого ар бир кыргызстандык өз салымын кошуусу тийиш. Бул үчүн өз мекенин сүйгөн чыныгы атуул катары мамлекеттүүлүгүбүздү мамлекеттин ичинде да, сыртында да сактай билип, ага шек келтирбей, тетирисинче, кайда болсок да атуулдук бийик парзыбызды унутпай жүрсөк, ошол биздин мамлекетибиздин чыңдалышына кошкон зор салымыбыз-деп ойлойм.

Ошондуктан, ар бирибиз эгемен мамлекетибиздин алдында өз милдетибизди так билип, ага жараша чыныгы атуул катары мамлекетибиздин мындан ары чыңдалышына өзүбүздүн ар тараптуу салымыбызды кошо билели демекчимин.

Урматуу ага-ини, эже-карындаш жана бир туугандар!

Баарыңыздарды кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен өзүмдүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан кызуу куттуктап, жалпыңыздарга ден соолук жана чексиз бакыт каалап кетмекчимин.

К. Эшалиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким