Архив метки: Чаткал райондук

Кулактандыруу!

«Чаткал районунун өнүктүрүү фонду» мекемеси төмөнкү ваканттык бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

1. Куруучу-долбоорлоочу (строитель проектировщик)

2. Юрист

3. Финансист

4. Саламаттыкты сактоо тармагынан

5. Билим берүү тармагынан

6. Эколог

7. Маданият тармагынан

Квалификациялык талаптар:

Жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын жараны болуусу,

КР мыйзамдарын жана нормативдик актыларын билүүсү,

Өзүнүн тармагындагы иш стажы 3 жылдан кем эмес болуусу,

Иш кагаздары менен иштөө жөндөмү,

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

1. Байкоочу кеңештин төрагасына арыз,

2. Резюме,

3. Өмүр баяны,

4. Паспорттун көчүрмөсү (ОМС менен),

5. Дипломдун көчүрмөсү,

Документтер сынак тууралуу кулактандыруу Чаткал.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарекке тапшырылуусу зарыл: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Байланыш тел: 0779 833667

Эскертүү: Жогорудагы бош орундар айлык төлөнбөгөн кызмат орду болуп эсептелинет.

 

“Ден соолук кербени” район калкын кыдырмакчы

ГКЧП 2016 IMG_5640

Райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун медкызматкерлеринин тобунан турган “Ден соолук кербени” жакынкы мезгилдерде айылдарды кыдырмакчы. Бул тууралуу Чаткал райондук ЖДПБнын директору Санжарбек Таиров маалымдады. Ал маалымдагандай, бул тууралуу райондук жетекчилик менен сүйлөшүлгөн.

Азырынча, “Ден соолук кербенинин” айылдарды кыдырууга качан чыгаары али белгилене элек, айылдарды кыдыруу мезгили район калкына алдын ала кабарланмакчы.  –“Ден соолук кербенинин” райондун ар бир айылында бир күндөн иш жүргүзөт, биздин максат-айыл калкынын ден соолугун бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп, ооруларды жеринде аныктоо болуп саналат.  “Ден соолук кербенинин” курамында тийиштүү медкызматкерлер болот-дейт С. Таиров.

Т. Алмарсбек кызы

Чаткалга белгилүү ишкер, фармацевт Зыяда Азикеева

 

 

Ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү аны менен кошо жоопкерчилиги болот эмеспи. Кесипти сүйүп, аны өркүндөтүп, өстүрүү кесиптин ээсинин колунда.  “Мөмө дарагын канчалык баксаң, сага ошончолук мөмөсүн берет”- демекчи өз кесибин сүйүп, жан дүйнөсү менен иштеп, бүгүнкү күндө да талыкпай эмгектенип, эл үчүн кызмат кылып келе жаткан районубуздагы көрүнүктүү ишкерлерибиздин бири Зыяда Азикеева.

зыяда эже 1

Элдин жүрөгүнөн уя тапкан ишкерибиздин чынында эле эл үчүн эмгеги чоң баага ээ. Анткени сыркоологон элдин ден-соолугуна аба менен суудай керек болгон дары-дармектерди элге жеткирип, камсыз кылып келет. Ишкердин өмүр жолуна кылчайсак, ал 1960-жылы 18-октябрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасында төрөлгөн. 1967-77 жылдары Ала-Бука районундагы Жданов атындагы мектепти аяктап,1977-жылы Ташкент шаарындагы фармацевтикалык иниститутуна тапшырып, 1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, ушул эле жылдан баштап,1998-жылга чейин Чаткал райондук борборлоштурулган дарыканада провизор-технолог жана дарыкананын башчысы болуп эмкгектенген.Тактап айтканда, бул  жумушта 16 жыл эмгектенген. Ал эми, 1998-жылдан тартып, Каныш-Кыя айылындагы №567 дарыканада иштеп келүүдө. Күндүр-түндүр дары-дармектерге муктаж болгондорго дарыкананын эшигин кенен ачып, элдин талабын орундатып, ыраазычылыгын алып келүүдө.

зыяда эжеIMG_4182 Анын күжүрмөн эмгектери өз учурунда жогору бааланып, 2013-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы   тарабынан “Жылдын мыкты ишкери”номинациясына ээ болгон. 2014-жылы болсо,   калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылууда кошкон чоң салымы үчүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча провизор жана фармацевттер ассоциациясынын “Диплому” менен сыйланган.

зыяда эжеIMG_4187 (2) IMG_4186 (2) зыяда эжеIMG_4184

 

зыяда эжеIMG_4193 (2)

 

 

2009-жылы  райондук салык кызматы тарабынан 1-июнь салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Чаткал элине көрсөткөн ак эмгеги жана иштеги ийгиликтери, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда кошкон салымы үчүн “Ардак Грамотага” арзыган.  Ал эми, 2012-жылы “Адилет-Фарм” фармацевттер ассоциациясы тарабынан фармацевтика тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн “Ардак Грамотага” ээ болгон.

Эл адамы Зыяда эже үй-бүлөсүндө бактылуу эне жана өмүрлүк жолдошунун сүйүктүү жубайы экендигин да кошумчалай кетүү ашыкча кылбайт.

Өмүрлүк жубайы экөө эки уул эки кызды тарбиялап эрезеге жеткирип, учурда чоң уулу Муктар Ош шаарында Финка банкында кзыяда эжеIMG_4192редиттик специалист болуп иштейт. Экинчи уулу Бакыт ички иштер кызматында эмгектенет. Ал эми, эгиз кыздары Апел менен Үпөл экөөсү тең англис тили боюнча мугалимдик кесипти аркалашат. Уул-кыздарынын баары үй-бүлө очогун куруп калышкан.

 

зыяда эжеIMG_4190зыяда эжеIMG_4191

Учурда каарманыбыз төрт неберенин кубанычтарын тең бөлүшүп, чоң ата, чоң эне жана таята, таене болуп бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келишет.Эл кызматындагы эженин мындан ары да иштерине ийгиликтер кошулуп, журт арасында бар болсун демекчибиз.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер  кошунунун мүчөсү   

 

Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата райондук аялдар кенешинин төрайымы Гулбарчын Акылбекованын куттуктоосу

 

Чаткал райондук аялдар  кеңешинин төрайымы Гүлбарчын Акылбекова (2)

Урматтуу Чаткалдык жердештерим!

Ардактуу Чаткал элим!

Жалпыңыздарды Чаткал районунун  80 жылдык  маарекеси менен райондук аялдар кенешинин атынан кызуу куттуктайм !  80 жыл айттууга оной болгону менен  баштан өткөргөн адамдарга  чоң тарых экендиги маалым.  Чаткал  району башынан чон таарыхты оркорду. өткөн 80 жыл ичинде  райондо кандай окуялар болгондугу тарыхта маалым. Тарыхты адам түзөт демекчи, Чаткал районунун  райондук дээңгээге  жеткирип, аны  биздин муунга  өткөрүп берген аталарыбызга  ар дайым таазим этүүгө тийишпиз.  Чаткал районунун  түптөлүшүнө  аял заттынын  ролу да  чексиз  болгон деп ишенимдүү айта алам . Аял заттынан чыккан  көптөгөн  жетекчилер  жогорку  жооптуу кызматта иштешип, өз ысымдарын  район тарыхында калтыра алышты.     Алардын айрымдарын атай кесем  Жумагул Эгембердиева, Роба Насырова, Жамила Рыспаева, Нарбу Мамбетова, Гулжамал Рысбекова жана башкалар. Бул инсандар эркектер менен тең  тайлаш  күнү-түнү  элге кызмат кылып  көптөгөн жаш муундарга үлгү боло алды. Бүгүнкү күндө да  ондогон аял заттынынын өкүлдөрү   районубузда  билим берүү, саламаттыкты сактоо  жана  маданият  жаатында эмгектенип , райондун сациалдык- экономикалык  өнүгүүсүнө  өздөрүнүн зор салымын  кошууда.  Бир кылымга жакын тарыхы бар  районубузда бүгүнкү күндө да  чоң-чоң  алга жылуулар  болуп жаткандыгына күбө болуудабыз.Чаткалга жараткан кооз жаратылышы  менен  бирге  асты толо кен берген экен.  Бүгүнкү күндө ошол кендерди  иштетип жаткан  ишканалар менен кызматташууну  колго алган  азыркы райондун жетекчилигине  райондун  инфрактрурасын  өнктүрүү  менен бирге  эле, башка райондорго  үлгү болоорун  ишенимдүү  айта алам. Бул аракеттер  Чаткал районунун  80 жылдык маарексин татыктуу  тосуп алууга  болгон  аркеттер  деп билүүгө болот.  Жалпыбыз мааракени таттыктуу тосуп  алалы!

Чаткалдын бейтапканалары жаңы меджабдыктар менен толукталмакчы

минздрав Батыралиев 1

Быйыл Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна баасы 3 млн. сомдук сандык рентген аппараты алынып берилмекчи. Бул тууралуу КР. Саламаттыкты сактоо министри З. Батыралиев жакында районго келген иш сапарында маалымдаган. Ал мындан сырткары,  район борборуна жаңыдан курулуп жаткан лабораторияга да баасы 100 млн. сомдук меджабдуу бөлдүрүп берээрин билдирген.

Буюрса, быйыл район калкы саламаттыкты сактоо жаатында бир топ жаңы шарттар менен камсыздалмакчы.

М. Эшназаров  

Ден соолук күнү белгиленди

санепид 1 санепид 3 санепид 2 санепид 4 санепид 5Жакында 7-апрель-Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата райондук маданият үйүнүн чоң залында Чаткал райондук ооруларды алдына алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Акылбеков Гүлбарчын Токторумбетовнанын демилгеси менен “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго райондун акими К. Эшалиев, айрым мекеме жетекчилери, айыл аймактарынын кызматкерлери, айыл башчылары, медицина жана ветеринария кызматкерлери, жергиликтүү кенештин депутаттары, мектеп директорлору, бала бакча башчылары, жеке ишкерлер катышышты. Тегерек столдун алгачкы сөзү райондун акими К. Эшалиевге берилип, ал өз сөзүндө бүгүнкү биз күнүмдүк жеп жаткан тамак-аштын айрымдарынын сапатсыз болуп жатканын белгилеп, алардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдөн келип жаткан продуктыларда кездешип жатканын белгиледи. Ошондой эле сапатсыз тамак-аштардын келечек муундарга тийгизип жаткан таасирине тынчсызданып, шашке чай берилип жаткан мектеп окуучуларын тендерден утуп алып, азык-түлүк менен камсыз кылып жатышкан ишкерлерди алып келип берилип жаткан продуктылардын сапатына көңүл бурууларын тапшырды. Мындан тышкары ашканаларда тамак жасап сатып жатышкан ишкерлердин столдорунун, идиш-аяктарынын тазалыгы кардарларды канаттандырбай зээн кейитип жаткандыгын айтып, ар кандай жугуштуу ооруулардын чыгып кетпешин эскертти. Мындан тышкары медицина кызматкерлери бир гана ушул тегерек стол менен чектелбестен практика жүзүндө айтылгандарды аткарыш керектигин белгилеп, санитардык талапка жооп бербеген ашканаларды жабып салуу зарылчылыгын айтты. Андан кийин райондук оорууларды алдына алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Г. Акылбекова “туура тамактануу адамдын ден-соолугунун эң биринчи жолу” деди. -Оорулардын көбү жетишсиз тамактануудан пайда болот. Адам начар тамактангандыктан салмагы аз, сүйлөөсү жай, ой жүгүртүүсү начар жана узакка созулган инфекциялык ооруга алып келет. Туура тамактануу ар кандай ооруларга туруштук берүүгө жардам берет жана бейтаптын сакайып кетишине шарт түзөт. Жакшы тамактануу жана таза тамак менен азыктануу чың ден соолуктун эң мыкты кепилдиги. Эгерде сиз бир аз гана акчаңыз болсо жана балаңызды дени сак өстүргүңүз келсе, момпосуй менен таттуу суусундуктарды сатып бергендин ордуна эки даана жумуртка же бир ууч жаңгак сатып бериңиз. Эгерде ар бирибиз өзүбүздү туура тамактанууга, үйүбүздү, айылыбызды тазалыкка сактоого жана балдарды өз убагында эмдөөгө аракет кылсак жана тамак-аштын тазасын гана жесек, анда биз көптөгөн оорууларды болтурбай кое алабыз. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу үчүн мындан мурун тамак-аш азыктар үчүн ар бир жеке ишкерге сертификат берилсе, эми анын ордуна мындан ары техникалык регламент берилет же мурунку санитардык эрежелер жана нормалар үчүн азыр техникалык регламент кабыл алынган. Ошондой эле быйыл Чаткал району үчүн өзгөчө жыл болуп, райондун 80 жылдык мааракеси белгиленгени жатканда районго сырттан меймандардын келүүсү күтүлүп жаткандыктан башкы дарыгер Г. Акылбекова жеке ишкерлерди жеке ишкерлерди тамак-аш менен тейлөөдө тейлөө этикасы, ички-тышкы тазалыгы, ажатканаларды таза кармоого чакырды. Андан кийин райондук ОААжМСЭКБнүн кызматкери Н. Орозбаева эт азыктары жана алардан жугуучу ылаңдар боюнча маалымат берди. Андан кийин райондук ОААжМСЭКБнүн кызматкери Г. Акылбекова сүт жана сүт азыктарынан адамга жугуучу ооруларга токтолду. Ал сүт жана сүт азыктарынын алынган тамак-аштын адамдын организмине пайдасы жана андан жуктуруп алуучу жугуштуу оорулар туурасында айтып, бүгүнкү күндө адамдарда көп кездешип жаткан брусселез оорусун жуктуруунун негизги булагы сүттө болуп жатканын айтып берди. Тегерек столдун катышуучуларына райондук ОААжМСЭКБнүн кызматкери А. Тойчубеков ботулизм боюнча түшүндүрмө берди. Ботулизм-тамак-аштан уулануучу курч мүнөздөгү оору. Негизинен борбордук нерв жана вегетативдик нерв системалары жабыркайт. Ботулизмдин козгогучу өтө кыймылдуу, грамотрицателдик таякча. Катуу анаэроб болгондуктан жаратылышта көп кездешет. Андан сактануу үчүн тамак-аштын мөөнөтүнө жана талапка ылайык сакталышына көңүл буруу керек. Айрыкча үй шартында консерваларды даярдоо жолдорун билүү зарыл. Ал эми райондук мамлекеттик ветборбордун кызматкери М. Мырзабаев малдан адамга жуккан ооруларга токтолуп, адам ашканалардан тамактанып жатканда эт таза болду бекен деп ойлонуш керек деди. Анткени эттен, ичеги карындардан көп оорулар жугат. Ошондуктан малдын ээси өзү ветеринардык дарыгерлерге кайрылып, колундагы малдарын убагы менен эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга милдеттүү экендигин айтты. Ошондой эле медицина кызматкери Ж. Нарымбетова адамдын организмине зыян алып келип жаткан өнөкөт болгон насвай жана тамекинин зыяндуулугу жана алардын жасалуу жолдору боюнча видео тасма көрсөтүп, кеңири түшүндүрмө берди. Тегерек столдун катышуучулары тийиштүү адистерге камтылган теманын тегерегинде суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты. Тегерек стол Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө арналып өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу катышуучуларга кофе брейк берилип, концерттик программа тартууланды.

Б. Дилдебаев “Чаткал оттору”

Кулактандыруу!!!

Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасы
Конкурс жарыялайт
Улук инспектор – 1 орун
Квалификациялык талаптар:
а) Ветеринардык врач, жогорку жана атайын орто билимдүү адистер
б) Компьютерде иштей билүү жөндөмү
Талап кылынуучу документтер:
1.Конкурска катышууга арыз
2.Дипломдун көчүрмөсү
3.Эмгек китепчесинен көчүрмөсү
4.Паспорттун көчүрмөсү (ИНН)
5.Өздүк баракчасы, резюмеси, сүрөт (3-4) 2 даана
6.Өмүр баян
Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруу жарыя гезитке жарыялангандан баштап эки жуманын ичинде Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармасына тапшыруу керек.
Конкурс Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат боюнча агенттигинин Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен Ала-Бука райондук мамлекеттик админстрациясынын кеңсесинде өткөрүлөт.
Эскертүү: Улук инспектор Терек-Сай, Сумсар айыл аймактарында иш жүргүзөт.
Тел: 03749 – 6 – 02 — 37

таңуу бөлмөсү 1 таңуу бөлмөсү 2 таңуу бөлмөсү 3 таңуу бөлмөсү 4Демөөрчү инсандар көп болсун
Азыркы тартыш мезгилде, ким бизге кол кабыш кылат-деп кол куушуруп олтурбай, айрым мекемелер жеке демөөрчүлөрдү таап, кээ бир маселелерин чечип алып жаткандыгы кубандырат.
Мындай көз кубанткан окуя жакында райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда болду. Атап айтканда, Чаткал райондук ДЭП-27 ишканасынын башчысы Муратбек Жоошевдин жеке демөөрчүлүк каражатына оорукананын хирургия бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүмдүн таңуу бөлмөсүн оңдоп-түзөп алышты.
-Мурда бул таңуу бөлмөсүнүн дубалдары көчүп, полунун сыры кетип, абдан начар абалда болчу. Демөөрчү болуп берүүсүн суранып кайрылганыбызга жок дебей, Жоошев Муратбек агабыз беш миң сом акчалай жардамын берген. Ал каражатты жумшап, таңуу бөлмөсүн оңдоп алдык. Эми, бөлмөнүн полун эле эмес, дубалдарын да кадимкидей жууп, тазалап турабыз, анткени, дубалдары заманбап шыбалып, жууп турганга ылайыкташтырылды. Жоошев Муратбек агабызга чын дилибизден ыраазылык билдиребиз-дейт хирургия бөлүмүнүн улуу медайымы Наргиза Чурнабаева.
Биз да ылайым эле, кыйынчылыкта кол сунган демөөрчүлөрүбүз көп болсун демекчибиз.
М. Эшназаров