Архив метки: Чаткал оттору

Аткарылбагандан аткарылганы көп

IMG_6324

(Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын башчысы Момунов Расулбек Раимбекович менен маек.)

-Расулбек Раимбекович, райондо салык топтоонун абалы кандай болууда?

-2015-жылдын 12 айында 659 739,6 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 1601257,3 миң сомго, же план 2,4 эсеге аткарылган. Пландан ашыкча бюджетке 941517,7 миң сомдук салык жана салык эмес төлөмдөр кириштелген. Мындан республикалык бюджетке 543559,5 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 1472313,1 миң сомду түзүп, же план 2,7 эсеге көп аткарылган. Жергиликтүү бюджетке 116180,2 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 128944,3 миң сомго же план 111,0 пайызга аткарылган.

2015-жылы бюджетке кириштелген салык жана салык эмес төлөмдөрдүн 2014-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 4,2 эсеге көп болгон жана бюджетке 1222237,9 миң сомдук ашыкча салыктар кириштелген.

Ал эми 2016-жылдын эки айында жеткизилген  план тапшырма 39498,1 миң сом болсо 55707,9 миң сомго же 141,0 пайызга аткарылган.

Ошол эле убакытта жергиликтүү салыктардын (жер, транспорт, мүлк, патент, жана башка салыктары) салыктык көзөмөлү 2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 52,1  беренесинин негизинде толугу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктар берилгендигин маалымдап коюу зарыл деп эсептейм. Салыктык көзөмөл бир гана бул салыктарды жыйноо гана эмес рейддик текшерүүлөр жана анын жыйынтыгы менен салыктык карыздарды мажбурлоо жолу менен өндүрүү, административдик чара (штраф салуу) колдонуу укуктарына ээ дегенди билдирет.

Райондо салыктардын кээ бир түрлөрүнүн жеткирилген план-тапшырмаларынын аткарылбай калганы бар да?

-Райондо жер алдындагы кен байлыктары менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалар бар. Алтын өндүрүүчүлөрдөн кирешесинин алынуучу салыкка 23825,3 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 14629,3 миң сом болуп, план 61,4 пайызды түздү.

Сатуудан алынуучу салыктын түрүнө 34222,1 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 33232,5 миң сом болуп, 97,1 пайыз болгон.

Роялти салыгына 20569,8 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 14884,5 миң сомго, же 72,4 пайызга аткарылган.

Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө чегерүү 2 пайыздык салыкка 134702,0 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 29825,4 миң сомго, же 22,1 пайызга аткарылган.

Жогорку салыктардын 2015-жылдын башынан эң ири өлчөмдө төлөгөн биздин райондогу алтын өндүрүү менен ишмердүүлүк жүргүзгөн жалгыз гана ОсОО “Вертекс Голд Компании” ишканасы 2015-жылдын июль айынан баштап алтын өндүрүүсү токтоп калгандыктан август, сентябрь, октябрь, декабрь айларына бул салыктардын отчетторун нөл менен берип келгендиги негизги себеп болгон.

-1-мартта юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады. Райондо бул декларациянытапшырууга милдеттүү канча юридикалык жак бар жана алар толугу менен тапшырууга жетише алдыбы?

—  1-мартта БСД тапшырууга милдеттүү болгон 139 юридикалык жактардын 134ү тапшырган. Мен бул сурооңузга кошумчалап райондук салык кызматынан каттоодон өткөн жеке жактарды  2016-жылдын 1-апрелине чейин активдүү түрдө кеч калбастан бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга чакырып кетет элем.

Андан сырткары декларацияларды, маалыматтык эсептерди жана отчетторду электрондук түрдө салык кызматынын  sti.gov.kg  сайты аркылуу салык кызматына келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы бир жолу калың элге айтып коюу ашыктык кылбас деп ойлойм.

Жакында республикалык салык мекемелеринин жетекчилери менен КРнын премьер-министринин болгон жолугушуусунда Темир Сариевдин берген суроосуна жооп бере албай калган учурду  КТРК каналынан көрсөттү эле. Сиз салык кызматында көп жыл иштеген адамсыз. Суроого жооп бере албай калганыңыздын себеби эмнеде болду?

-Бул сурооңузга жооп буга чейинки жооптордун өзүнөн келип чыгат. Анткени Премьер-министр мени биринчи суроо-жоопко которгондон баштап сиздер телевизордон көргөн маалга чейин бир топ суроолорго жооп берүү учурунда көп убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу регламент сактоо максатындабы же башка жагдай боюнчабы белги берилгендигине байланыштуу болгондугун актануу үчүн эмес, калың элде салык кызматы жөнүндө жакшы пикир бузулбасын деген ниетте жооп бердим. Ал эми теледен көрсөткөнү менин жооп берип жаткан убактымды эмес, ошондой абалды көрсөтүп салган. Ар бир жыйналыштарда ыңгайына жараша учурлар болот да.

Маектешкен: Б. Дилдебаев

Карышкыр менен чөө атсаң, акысы бар

карышкыр IMG_1875

КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө токтомунун жобосуна ылайык, карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысын, мезгилин жана убактысын күбөлөндүрүү, алардын жашын, ошондой эле көрсөтүлгөн терилердин түрдүк таандыгын аныктоо, аларга белги салууну ишке ашыруу, олжолоо жөнүндө актыларды тариздөө үчүн 2016-жылдын 14-мартында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде райондо курамы беш адамдан турган комиссия түзүлдү.

Комиссияны раймамадминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектеп, курамында раймамадминистрациясынын сектор башчысы, ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин райондогу егери, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү кирген. Ошондой эле буйрукка ылайык комиссиянын иштөө графиги 21-март, 11-апрель, 25-апрель, 10-май, 25-май, 10-июнь, 24-июнь, 11-июль, 25-июль, 10-август, 25-август, 9-сентябрь, 26-сентябрь, 10-октябрь, 25-октябрь, 10-ноябрь, 25-ноябрь, 9-декабрь, 23-декабрь күндөрү болуп бекитилген.

Ал эми карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн (бир башка эсептегенде) карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынан бөлтүрүк) 1500 сом, чөө үчүн  2000 сом белгиленген.

Б. Дилдебаев «Чаткал оттору»

Бакчалар ысык суу менен камсыздалууда

IMG_4575 IMG_4584 (2)  IMG_4612

Айгыр –Жал  айылындагы “Алтын-Бешик” бала бакчасы азыркы заманбап жабдуулар  менен  жабдылып, бакчанын ички шарты улам  жакшырууда. Тактап айта кетсек,  быйылкы жылдын эсебинен   “Алтын Бешик” бала бакчасына ысык суу киргизилип  азыркы учурда толугу менен иштеп жатат. Бала бакчада  негизинен 65 бала тарбияланып, анда 17 кызматкер эмгектенет.  МерсиКО  уюму тарабынан бала бакчага  200 метр аралыктагы булактан суу алынып келинип, 2 тайпага 5 жерге, ашканага 2 жерге жана кир жуучу жайга 2 жерге ысык суу киргизилди.   Азыркы убакта тарбиялануучулардын тазалыгын өз деңгээлде кармаганга  жана кызматкерлер идиш аяк ж.б. зарыл нерселерди жууганга ысык суу пайдаланышууда.

Аталган иштерге МерсиКО уюму жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан жалпысы болуп 267818 сом жумшалды-дейт  бала бакча башысы  Сабира  Алымкулова.

Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»

Чаткалда “Түшүм майрамы” белгиленди

 

IMG_4673 IMG_4664 IMG_4666 IMG_4667 IMG_4650 IMG_4651 IMG_4652 IMG_4697 IMG_4708 IMG_4741Жыл сайын күз айларында районубуздун төрт айыл аймагында кезек менен “Түшүм майрамы”   белгиленип келет. Аталган майрам быйыл Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Салтанатта район акими К. Эшалиев, Чаткал айыл аймагынын башчысы Н. Мырзаяровдор баштаган райондук бийлик өкүлдөрү, алдыңкы айыл чарба кызматкерлери куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон инсандарга райондук, облустук деңгээлдеги сыйлыктар жана “Ардак Грамоталар” тапшырылды.

Мында, көрүнүктүү дыйкан-фермерлер Г. Таирова, Н. Молдобеков, Н. Курбанов, Э. Аширбеков, Н. Кудайбердиев,  Г. Мырзабекова, С. Исматов, Д. Нышанбай кызы, Т. Чоңатаев, И. Айталиев ж.б. бир топ айыл чарба ишмерлери райондук жана облустук деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушту.

Маарекенин расмий бөлүгү аяктаган соң улуттук спорт оюндарына кезек берилип, таш билек спортчулар арасында улак тартыш, эр оодарыш, улуттук күрөш боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Мында өзгөчөлөнгөн нерсе, бул жолку маарекеде кыз-келиндер арасында эр оодарыш  болуп, төрт балбан кыз-келиндер ат үстүндө эркектерден кем калышпай билек кармашып, күч сынашып, элдин кыйкырык, сүрөөнүн жарата алышты.

Мындан сырткары, маарекеде райондогу дыйкан-фермерлер тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болуп, анда ишкер дыйкан-фермерлер өздөрү өндүргөн ар түрдүү айыл чарба продукцияларын сатыкка чыгарышты.

Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»

Кулактандыруу!

 

“Кыргызалтын” АККнун Терек-Сай кен иштетүү филиалы төмөнкү бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

  1. Кен байытуу фабрикасына- жетекчи
  2. Кен байытуу фабрикасына- жетекчинин орун басары
  3. Кен байытуу фабрикасына- электромеханик
  4. Кен байытуу фабрикасына- сменный мастер

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

Билими: жогорку

Иш стажы  3 жылдан кем эмес;

Кесиби: инженер-кен байытуучу; инженер-металлург; инжинер- электрик

  1. өздүк баракча
  2. Резюме
  3. 3-4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
  4. өмүр баяны
  5. Паспорт.
  6. Эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын)

Керектүү документтер жарыя Чаткал райондук “Чаткал оттору” газетасына чыккан күндөн төмөнкү даректе кабыл алынат:

Чаткал району, Терек-Сай айылы, “Кыргызалтын” ААКнун Терек-Сай кен иштетүү филиалы

                             Тел. (0312) 96-20-14; факс 03749 6-02-06 E-mail: F-tsr @ mail. ru

Документтер 2015-жылдын  25-июлуна чейин кабыл алынат.

Сурап билүү телефондору:                     770 90-49-17, 0770 90-01-06

Кулактандыруу!!!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:
1.Башкы адис – 1 орун
Квалификациялык талаптар:
— Жогорку билимдүү, жашы 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик актыларын билүүсү;
— мамлекеттик кызматта бир жылдан кем эмес же өз кесиби боюнча үч жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
— компьютерде иштей билүүсү
— соттолбогондугу тууралуу тактама;
Конкурс өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй документтерди өткөрүүсү зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
2. Өздүк баракчасы, сүрөтү менен;
3. Резюме;
4. Сүрөт 3х4 өлчөмундө (2 даана)
5. Жеке карточка сүрөтү менен;
6. Өмүр баян;
7. Паспорттун көчүрмөсү (ОМС менен);
8. Эмгек китепчесинин жана дипломдун толук көчүрмөсү (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);
9. Документтерди конкурс райондук «Чаткал оттору» газетасына жарыяланган күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде тапшыруу зарыл.
Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаңыздар болот:
Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү телефондору (03749) 60310
Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

Кутман курак кут болсун, Кудайым берген Чаткалым

80 жылдыкка шакафтар 
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылынын маданият үйүндө Шекафтар №8 китепканасында китепканачы Кансулуу Мадалиеванын уюштуруусу астында Чаткал районунун 80 жылдыгына карата
Кутман курак кут болсун,
Кудайым берген Чаткалым” аттуу тегерек столу болуп өттү.
Бул тегерек столго Гагарин орто мектебинин ардагер мугалими Абдубали Касымбаев, Чаткал районунун ардактуу атуулу Койлубай Тургунов, Шекафтар мектеп-интернатынын ардагер тарбиячысы Сабыржан Машрапов жана мектеп-интернатынын тарбиячысы Ашырбүбү Карабаева баш болгон окуучу-тарбиялануучулар жана башка меймандар келип катышышты.
Адегенде китепканачы Кансулуу Мадалиева тарабынан аудиторияга Чаткал жергеси тууралуу көркөм окуулар тартууланып, Чаткал районун тарыхы баяндалды.
Андан соң сөз кезеги жолугушуунун ардактуу меймандары А.Касымбаевге, С.Машрапбаевге К.Тургуновго келди. Алар учурунда Чаткал районунун тарыхы жана өздөрүнүн билгендери, көргөндөрү жана Чаткал районунун түптөлүшүнө, келечегине кам көрүп эмгектенип иштеген.
Чаткал жергесинин чыныгы уулдарынын бири болгон Темиркул Кошбаевдин Чаткал жергесинин, Чаткал районунун өсүп-өнүгүшүнө, келечегине кошкон салымдары, иштери, эмгектери жана Чаткал жергесинин ажайып кооздугу, байлыктары тууралуу окуучуларга баяндама беришти.
Ошондой эле аксакал меймандар окуучулар тарабынан узатылган суроолорго кеңири жоопторду, түшүнүктөрдү беришти. Аксакалдар, тегерек столдун ардактуу меймандарынын Чаткал районунун, Чаткал жергесинин кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси, келечеги жөнүндө болгон аңгемелери, баяндамалары, эскерүүлөрү тегерек столдун жалпы катышуучулары үчүн, өзгөчө окуучулар – Чаткал районунун келечек кадрлары үчүн кызыктуу жана пайдалуу кырдаалда өттү. Жакшы тартип, жакшы окуу, ата-энени кадырлап сыйлоо, өз мектебин, өз жерин сүйүү менен келечекте районубуздун алдыңкы инсандарынан, алдыңкы кадрларынан болуштарына аксакалдар акыл сөздөрүн окуучуларга насаат кылып айтышты.

Аксакал меймандар Кансулуу Мадалиеванын уюштуруусу менен өткөрүлгөн
“Кутман курак кут болсун,
“Кудайым берген Чаткалым” тегерек столуна ыраазы болушуп, ага “рахматтарын” айтышты.
Б.Исаков «Чаткал оттору»