Архив метки: Чаткал айыл аймагы

Кулактандыруу!

Чаткал айыл аймагынын айыл өкмөтү бош муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

  1. Курулуш айылына айыл башчы кызмат ордуна
  2. Ак-Таш айылына айыл башчы кызмат ордуна

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;

-мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү,

-муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча атайын орто кесиптик билими же, жалпы орто билими,

-жалпы мыйзамдарды жана тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү,

-компьютерде иштей билүүсү,

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат;

-жеке арызы, кадрларды каттоого алуу баракчасы, өмүр баяны, 2 даана сүрөт

-паспортун же, өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтердин көчүрмөсү, (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

-зарыл кесиптик билимин, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын)

Сынакка катышуу үчүн жогоруда айтылган документтерди кулактандыруу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап 15 күндүн аралыгында Чаткал айыл өкмөтүнүн катчысына тапшырууңуздар зарыл.

Сынак өтө турган күн талапкерлерге сынак болоордон 3 күн мурда маалымдалат.

Сурап билүү тел: 0778 97 13 21

Заманбап спорт комплекси курулууда

Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылына “Консолидат Аурум” фирмасы тарабынан заманбап спорт комплекси курулууда.

спорт комплекси 2 спорт комплекси 1спорт комплекси 3

Бүгүнкү күндө, аталган спорт комплексинин көпчүлүк курулуш каражаттары алынып келип, кураштырылууда. –Бул спорт комплекси темирден куралып, тургузулгандыктан, азырынча, комплекстин чатыры куралып бүткөн. Эми, калган бөлүктөрү кураштырылып, тургузулган соң, калган иштери бүткөрүлөт. Бул спорт комплекси быйыл пайдаланууга берилет.-деп билдирди Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров

12 млн. сомго көпүрө курулууда

Өткөн жылы “Бустер” тоо кен фирмасы Чаткал айыл аймагындагы Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарын кесип өткөн Чаткал дарыясына көпүрө куруу ишин колго алып, курулуш иштери кыш келгендигине байланыштуу токтогон эле. Быйыл жаз чыгаары менен көпүрөнү куруу иштери кайрадан жанданып, учурда дарыянын эки тарабына тосмо куруу иштери колго алынууда.

акбулак копуросу 2 акбулак копуросу 1Узундугу 56 метр, туурасы 7 метрдей бул көпүрөнү куруу чыгымы 12 млн. сом деп эсептелинген.

-Жаңы-Базарлыктардын үлүш жерлеринин сексен пайыздан ашууну Чандалаш тараптагы Ак-Булак участкасында жайгашкандыктан, ушул көпүрөнү куруу маселеси келип чыккан. Көпүрө быйыл бүтүп, ишке берилмекчи-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров.

Демөөрчүлөр тарабынан айыл мечити оңдолууда

жаны мечит 1 жаны мечит 2 жаны мечит 3Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы көптөн бери оңдоло элек мечит демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Учурда мечиттин көпчүлүк иштери аяктап калган. Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяровдун маалымдашынча, мечиттин оңдоп-түзөө иштерине 2 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалууда. Анын маалыматына ылайык, бардык чыгымдар демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда.

Мечитти оңдоп-түзөө иштери быйыл аяктап, ишке берилмекчи.

Жашылдандыруу-көрктөндүрүү мезгилине карата

лесхоз 2лесхоз 2
Чаткал райондук токой чарбасы тарабынан апрель айында райондогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мезгилине карата Чаткал айыл аймагына 100 даана кызыл карагайдын, 270 даана кара өрүктүн, 600 даана өрүктүн жана 50 даана айланд гүлүнүн көчөттөрү берилди. Каныш-Кыя айылына болсо, 80 даана карагайдын, 100 даана кызыл карагайдын, 65 даана алманын, 484 даана өрүктүн, 280 даана кара өрүктүн көчөттөрү таркатылып берилди. Мындан сырткары, ар түрдүү гүлдөрдүн уруктары да берилди. Буг кошо эле бүгүнкү күндө, ,алма, өрүк жана кара өрүктүн көчөттөрү райондогу мекеме, ишканаларга жана район калкына сатылды.
Мындан сырткары, тянь-шань карагайы менен кызыл карагайдын көчөттөрү токой чарбасы тарабынан түзүлгөн питомниктерге тигилди.