Архив метки: Чаткал айыл аймагы

Чаткал айыл аймагында жакырчылыктын деңгээли кыскарууда

2017-жылдын биринчи кварталында  Чаткал айыл аймагында жакырчылыктын деңгээли 2,2 пайызга азайып, 50,7 пайызды түздү. Бул тууралуу аталган айыл аймактан билдиришти.IMG_6281

Маалыматка ылайык, бул аралыкта айыл аймагы тарабынан 8 жаранга 50500 сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми, айыл аймактагы “Темир мал” фондунан 7 жаранга 2 баш уй жана 29 баш эчки берилген.

М. Эшназаров

Таштанды төгүүчү жайлар бөлүнүп берилүүдө

SAM_3326

Быйыл Чаткал айыл аймагы тарабынан айылдардагы санитардык жактан тазалыкка чоң көңүл бөлүнүүдө. Атап айтканда, ар бир айылдын чет жагына атайы таштанды төгүүчү жайлар берилүүдө. Мындан ары, тургундар таштандыларын атайы автоунаа менен ушул жайларга гана төгүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан аталган айыл аймакта өткөрүлгөн элдик жыйындарда маалым болду. Мында белгилүү болгондой, мындан ары таштанды төгүү үчүн белгиленген жайдан сырткары төккөн учурда, аны төккөн автоунаанын айдоочусуна айыл аймагы тарабынан эки миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы. Мунун себеби, таштандынын ээси автоунаага жүктөп койгон соң, айдоочулар каалаган жерине төгүп салып, кете берген учурлар көп. Кыскача айтканда, бул жагымсыз жагдай жогорудагыдай чечим чыгарууга түрткү берүү менен, коюлган айып пулдун баасы элдик жыйында бир добуштан кабыл алынды.

М. Эшназаров

Курулуш айылындагы жаңы конушка электр жеткирилет

IMG_6770 (2)

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылындагы жаңы конушка электр энергиясын жеткирүү ишке ашырылмакчы. Бул иштерге Чаткал айыл аймагынын бюджетинен 100 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров Курулуш айылында болгон элдик жыйында  маалымдады. Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө, аталган жаңы конушка электр жеткирүү боюнча долбоор даярдалууда. Долбоордун алкагында Чаткал өрөөнүнүн баш жагынан электр таянычтарына ылайыктуу карагайларды алып келүү да каралаган.

М. Эшназаров

Айрым үлүш жерлер кайрадан инвентаризацияланат

IMG_6850 IMG_6857 IMG_6879

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын айрым тургундарына тиешелүү үлүш жерлер кайрадан инвентаризациялоодон өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Буга себеп, жакында Курулуш айылында болгон элдик жыйында жергиликтүү калк тарабынан буга чейин үлүш жерлердин башка жактарга мыйзамга ылайык эмес жылдырылышына байланыштуу кызуу талаш-тартыш орун алган эле. Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров талаштуу маселеге чекит коюу максатында элдик жыйында айтылган үлүш жерлерге тиешелүү адистердин катышуусунда кайрадан инвентаризациялоо жүргүзүлөөрү тууралуу билдирген. Мында, негизги маселе Курулуш айылынын Ийри-Сай участкасында экендиги да элдик жыйында айтылган.

М. Эшназаров

Арис Ак-таш айылына мал жуут курууну паландаштырууда

IMG_1480 (2)Буга чейин Чаткал айыл аймагындагы калктын колундагы төрт түлүк малды ар кандай ооруларга каршы дарылоочу жуут маселеси жетишээрлик чечилбей келген. Быйыл бул маселе АРИС программасы тарабынан чечилиши күтүлүүдө. Тактап айтканда, аталган программанын каражатына Ак-Таш айылына жуут курулушу максат кылынууда. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти. Бул долбоор ишке ашып калса, калк колундагы малдын ветеринардык бир топ маселеси чечилээри талашсыз.

М. Эшназаров

Экотехинспекция жайыт пайдалануучулар менен иш алып барат

IMG_6770 (2) IMG_6875

Буга чейин Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар жана Курулуш айылдарынын жайыт пайдалануучулары же, жөнөкөйлөтүп айтканда, малчылары ижарага алган жайыттарын кантип пайдаланып жаткандыгы экотехинспекция кызматы тарабынан текшерилип келген. Быйыл бул маселеге тыкыр көңүл бурулуп, экотехинспекция кызматы тарабынан  Ак-Таш айылындагы жайыттарды пайдалануунун абалы да текшерилет. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери малчылар жайлап жаткан жайлоолорго барышып, алардын жайлоолорду талапка ылайык таза пайдаланып жатышына жана жайлоолордун экологиясына келтирип же, келтирбей жаткандыгына баа беришет. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ш. Атабаев билдирди.

М. Эшназаров

Кулактандыруу!!!

100_3679

Чаткал айыл аймагы бош муниципалдык кызмат орунуна конкурс жарыялайт!
Квалификациялык талаптар:

ВУС адистиги боюнча:
конкурска катышуу учун арыз,

-дипломдон көчүрмө (нотариус аркылуу тастыкталган),

-эмгек китепчеден көчүрмө,

-паспорт,

-аскердик билет,

-өмүр баян,

-резюме,

-2 даана сүрөт,

Сурап билүү үчүн тел: 0777160193. 03749 60193

Кулактандыруу!!!

100_3679

Урматтуу Чаткал айыл аймагынын тургундары!
Чаткал айыл аймагынын 2016-жылдын 6-январындагы № 4 буйругу менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын штаб түзүлүп, иштеп жаткандыгын билдиребиз. Чаткал айыл аймагындагы мекеме, ишканаларда жана калк арасында коррупциялык аракеттерди байкаган болсоңуздар, штабдын 03749 6 0193, 3749 6 02 76, 0777 76 40 36 номерлүү ишеним телефондору аркылуу маалымдооңуздарды эскертебиз.
Урматтоом менен, штабдын төрагасы Н.Мырзаяров

Курулуш айылына электр жеткирүү маселеси чечилет

чаткал а.о 1

Жакында Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылында өткөн элдик жыйында айыл четине салынып жаткан жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү маселеси көтөрүлүп, райондук жетекчиликке жана райондук электр тармагы ишканасына суроолор коюлду. Айтылган маселеге жооп берген район акими Канжарбек Эшалиев былтыр жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү үчүн токой чарба агенттиги менен сүйлөшүү аркылуу Чаткал өрөөнүнүн башындагы карагайлардан зым карагайларды даярдоо маселеси чечилип ал тургай, зым карагайлар жетээрлик даярдалгандыгын билдирди. Болгону, зым карагайларды ташып келүү маселеси жергиликтүү калк тарабынан колго алынуусу керек. Ал эми, зым карагайларды орнотуп, зымдарды талаптагыдай тартуу иштери райондук электр тармагы ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Былтыр КСДП саясий партиясы тарабынан айылдагы жаңы конуштарга коюу үчүн жетиштүү кубаттуулуктагы трансформатор маселеси чечилген.

 

Элдик жыйында бул маселе боюнча сөз алган Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров зым карагайларды ташып келүү айыл өкмөтү тарабынан колго алынаарын маалымдады.

М. Эшназаров

Жаңы-Базар айылында бир топ иштер аткарылууда

чаткал а.о 1

Жаз айлары келээри менен Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу иштери башталды. Тактап айтканда, айылдын борбордук көчөсүнө түнкү чырактар орнотула баштады.

тунку жарыктар 2

Мындан сырткары, айылдын таза суу түтүктөрү да оңдолуп, түзөө иштери башталуу алдында турат. Айта кетчү нерсе, айылдын таза суу түтүктөрүн оңдоого Кичи Чаарат фирмасы 1 млн. сом акча каражатын берген.

Изображение 108

Ал эми, таза суу түтүктөрүн “Скай” ишканасы ишке ашырмакчы. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров маалымдады.

М. Эшназаров