Архив метки: Чаткал

Чоң-Сай каналы тазаланууда

Учурда Ак-Таш айылындагы Чоң-Сай каналы эксковатордун жардамы менен  тазаланып, кеңейтилүүдө.

Бул каналдын жалпы узундугу жети жарым чакырым болуп, былтыр төрт чакырымы тазаланып, кеңейтилген. Быйыл калган бөлүгү тазаланып, кеңейтилүүдө.

Аталган канал 1990-жылдардын башталышында эле топурак, кумга толуп, колдонулбай калган. Андан бери дээрлик жыйырма беш жылдан ашуун убакыттан бери ал жердеги сексен беш гектар жер кайракы катары пайдаланылып келген. Былтыртадан бери айыл Чаткал аймагынын аракети  менен аталган каналды кайрадан ишке берүү аракеттери жүрүүдө. акташ DSC_0407 акташ DSC_0412 акташ DSC_0421 акташ DSC_0423 акташ DSC_0425

-Чоң-Сай каналы толук тазаланып бүтсө, жалпы сексен беш гектар жер суулуу жерге айланат. Мунун отуз беш гектары элдин үлуш жерлери, ал эми элүү беш гектар жери айыл аймактын жери болуп эсептелет. Быйыл айыл аймагына тиешелүу жердин отуз гектарына беде, эспарцет, арпа жана буудайды аралаштырып септик. Калган жыйырма гектардын ар бир гектарын 1200 сомдон элге ижарага бердик. Быйыл отуз беш гектар жерге эккен арпа менен буудайды оруп алсак, келерки жылы беде менен эспарцетти оруп, тоют базасын тузөбүз.  -дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков.

Чоң-Сай каналын тазалоо иши  өтүп бараткан жуманын соңуна чейин толук бүткөрүлөт. Бул канал тазаланып бүткөн соң, андан ары дароо эле Курулуш айылына караштуу Ийри-Сай арыгын канал кылып кеңейтүү иштери башталат.  Ийри-Сай каналы ишке кирсе жүз элүү гектар жер суугат суусу менен камсыздалмакчы.

М.Эшназаров

 

Райондук спорттук иш чара болду

18-19-апрель күндөрү Чаткал районунда райондук деңгээлдеги спорттук иш чара болуп өттү.  Иш чарада алгач Айгыр-Жал айылына салынган стадиондун ачылыш аземи болуп, анда  район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, «Вертекс Голд Компани» фирмасынын өкүлү Жаныбек Кубандыков жана айыл тургундарынын катышуусунда  кызыл тасмасы кесилди.

Иш чаранын алкагында спортчулар волейбол, футбол, ордо жана чикилдек оюндары боюнча кызуу таймаш  өткөрүштү.

вертекс DSC_0015 жаныбек вертекс DSC_0039 вертекс DSC_0036 айгыржал стадиондун ачылышы DSC_0045 вертекс футбол DSC_0057 чикилдек DSC_0085 ордо DSC_0139 вертекс DSC_0148 вертекс DSC_0203 вертекс DSC_0233

Иш чаранын жыйынтыгы менен, волейбол боюнча 40 жашка чейинки спортчулар арасында 1-орунду  Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. 2-орун Жаңы-Базар командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орун  Айгыр-Жал командасына, 4- орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ал эми волейбол боюнча кырк жаштан жогоркулар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орун Каныш-Кыя-1 командасына ыйгарылды. 3- орун  Жаңы-Базар командасына, 4-орун Каныш-Кыя-2 командасына берилди.

Футбол боюнча мелдеште Жаңы-Базар-1 командасы  жеңишке жетишти. 2-орунду болсо Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал кеомандасына, 4-орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ордо оюну боюнча мелдеште Жер-Капчыгай командасы жеңүүчү аталды. 2-орунга Айгыр-Жал командасы ээ болду. 3-орунду Коргон-Сай командасы, 4-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи.

Чикилдек атуу  боюнча 1-орун Айгыр-Жал командасына ыйгарылды. 2-орунга Чакмак-Суу командасы ээ болду. 3-орун Кызыл-Токой командасына, 4-орун Чапай командасына берилди.  Тактай кетсек, бардык оюндун түрү боюнча 1-орунга 12 миң сомдон, 2-орунга 9 миң сомдон, 3-орунга 6 миң сомдон, 4-орунга 2 миң сомдон акчалай байгелер берилди.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш чара Чаткал районунда кен казуу менен алектенген  “Вертекс Голд Компани” фирмасы тарабынан каржыланды.

Аталган фирма тууралуу айта кетсек, былтыр районго 18 млн. сомго көпүрө куруп берген. Мындан сырткары, районго соцпакетке жыл сайын 10 млн. сом которуп берет жана жогорудагы сыяктуу райондогу маданий массалык жана спорттук иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүп келет.

М. Эшназаров

Малга татаал операцияларды жасаган Өмүрбек аба

Айгыр-Жал айылынын тургуну, ветеринар дарыгер Беккулиев Өмүрбек аба карыса да өзүнүн сүйгөн кесибин таштабай,  элге пайдасын тийгизип келет. Ал жыл сайын 3-4- кара малга, он чакты кой-эчкиге ар кандай операцияларды жасап, калктын колундагы төрт түлүк малынын амандыгына салым кошуп келүүдө. -Өз практикамда көбүнчө тууй албай, кыйналган уйлардын жатынына операция жасап келүүдөмүн. Бир ирет уйга ценуроз (айламбаш) оорусуна да операция жасап, айыктыргам. Козуларга да операция жасадым, бирок аман алып кала албадым. Жылкыга операция жасап көрө  элекмин-дейт Өмүрбек аба биз менен ой бөлүшүп жатып.

20180411_113227

Өмүрбек аба 1968-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү ветеринар дарыгер. Көп кырк жыл бою Чаткал районунун совхоздорунда өз кесиби боюнча эмгектенип келген. Азыркы кезде ардактуу эс алууда.

-Колдон келген жумушту аткарып келатам. Жардам сурап кайрылгандарга жок дебейм-дейт Өмүрбек аба.

Калк колунда төрт түлүктүн саны өсүп, ветеринарларга таңкыстык болуп жаткан азыркы мезгилде Өмүрбек абанын элге тийгизип жаткан пайдасын баалабай коюуга болбос.

М. Эшназаров

Райондук «Жыл мугалими-2018» кароо-сынагы болду

5-6-март күндөрү Айгыр-Жал айылындагы А. Айымбетов атындагы  негизги мектебинде райондук «Жыл мугалими-2018» кароо-сынагы болду. Сынакта Чаткал  районундагы он тогуз мектептин он алтысынан он алты мугалим ат салышты.

Эки күн бою катышуучулар саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу, интерактивдүү усулда сабак өтүү сыяктуу номерлерди аткарышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Соңунда, калыстардын чечими менен Гран Прини А. Баймырзаев орто мектебинин мугалими Гүлзина Бекмуратова жеңип алды. жыл мугалиминде DSC_0007жыл мугалими DSC_0074жыл мугалими DSC_0066жыл мугалими DSC_0055жыл мугалими DSC_0052жыл мугалими DSC_0048жыл муг DSC_0045жыл мугалими DSC_00771-орунду Исмаил уулу Матиш орто мектебинин мугалими Гүлнура Темирова ээледи. 2-орун Т. Жаналиев орто мектебинин мугалими Айнура Абылгазы кызына ыйгарылды. Ал эми, 3-орун эки катышуучуга-С. Мырзалиев орто мектебинин мугалими Зуура Абдубалиева жана Б. Камчыбеков орто мектебинин мугалими Акылай Чотбаевага берилди.

Мындан сырткары, 6 катышуучуга ар кандай номинация, 5 катышуучу «Алкыш» баракчасы тапшырылды

Ал эми, кароо-сынакты уюшкандыкта өткөрүүдө жогорку деңгээлдеги тейлөө көрсөткөн А. Айымбетов орто мектебинин жааматына  райБББ башчысы Тажибай Тынышов «Ыраазылык кат» тапшырды.

Кароо-сынактын уюштуруу ишин колго алган билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев акчалай сыйлык тапшырууда бир да катышуучу көңүл сыртында калбагандыгын билдирди.

М. Эшназаров

Тоют базасын куруу максат кылынууда

Чаткал айыл аймагында быйылдан баштап эспарцет жана беде аянттары көбөйтүлөт. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди. Анын маалымдашынча, жакынкы жылдарда тоют базасы түзулүп,  Чаткал өрөөнүндөгү беш-алты айга созулган кыш мезгилинде калктын колундагы төрт тулүктү жутка кабылтпоо чаралары колго алынмакчы. Ал үчүн отуз-кырк миң таңгак чөп батчу чатырлар курулуп, тоют ошол чатырларда сакталмакчы.

М. Эшназаров

 

Айылдык маданият үйү оңдолот

Быйыл Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди. Анын маалымдашынча, аталган маданият үйүн капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн теңдөөчү гранттан 1,5 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Жакынкы мезгилдерде  бул иштерди аткарууга тендер жарыяланмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин 2012-жылы маданият үйүнүн чатыры түрткү берүүчү гранттын эсебинен алмашылган.

 

М. Эшназаров

 

«Маалымат такталары» орнотулат

-Жакынкы мезгилдерде Жаңы-Базар айылынын ичине, ыңгайлуу жерлерге беш даана “Маалымат такталарын” орнотобуз.-деп билдирди Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков жакында Жаңы-Базар айылында өткөн элдик жыйында. Мунун максаты-Чаткал айыл өкмөтүнүн жарыя, буйруктарын жана  айрым зарыл маалыматтарды калкка тез жеткирүү болуп саналат.

“Маалымат такталарына” мындан сырткары, айыл аймактын айрым ички емыйзамдарына баш ийбей, моралдык жана маданий жактан калпыстыкка жол берип жаткан айрым тургундардын ысымдары да илинмекчи.   Б. Исабековдун белгилешинче, мындай инсандар ушундай чаралар аркылуу тартипке чакырылмакчы.

 

М. Эшназаров

 

Чаткал токой чарбасында көчөттөр сатылууда

2016-жылдын 17-июнунда КР. Өкмөтүнүн «Жашыл долбоор» долбоору жарыяланып, анын алкагында жыл сайын республика боюнча жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш чаралары массалык турдө турмушка ашырылып келүүдө. Буга кошо, жыл башында КР Өкмөтү тарабынан республикадагы шаарлардын жана калктуу конуштардын инфратүзүмүн, санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча «Таза жашоо» урааны алдында 1-марттан 31-майга чейинки мезгилди камтылган үч айлык жарыяланган. IMG-20180404-WA0022IMG-20180404-WA0025 IMG-20180404-WA0033

Азыркы кезде Чаткал токой  чарбасында жогорудагы программалардын алкагында бир топ иштер алып барылууда. Атай кетсек, экме токойлорду көбөйтүү максатында 5 га жерге эки миң даана алма көчөтүн отургузуу пландалууда. Мындан сырткары, өткөн жылдары эгилген 30 га экме токойду калыбына келтирүү максатында кошумча көчөттөр тигилмекчи.

Мындан сырткары, токой чарбасында өндүрүлгөн  мекемелерге жана жеке жарандарга алма, өрүк, кара өрүк, роза гүлү, карагай жана кызыл карагайдын көчөттөрү сатылууда. -Көчөт алууну каалагандар интернет портал аркылуу сатып алуулары тийиш-дейт токой чарбасынын токой чарба жана көчөт өстүрүү инженери Абдыракман Байдөөлөтов

М. Эшназаров

Райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болду

Бүгүн район борборундагы «Чебурашка» бала бакчасында райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болду.

Сынакка Чаткал районундагы он беш бала бакчанын он биринен келген он бир тарбиячы катышты.

Сынактын ачылышында райБББнын башчысы Тажибай Тынышов сынактын жүрүшүндө эч бир трайбализмге, бюрократиялык тоскоолдуктарга жол берилбестигин белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу, сабак өтүү, тест тапшыруу сыяктуу сынактардан өтүшүп, өздөрүнүн билим, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин калыстардын сынына коюшту.IMG-20180404-WA0002IMG-20180404-WA0008IMG-20180404-WA0053

IMG-20180404-WA0053Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Терек-Сай айылындагы «Айнуру» бала бакчасынын тарбиячысы Салиха Жылдызбек кызына ыйгарылды. 2-орун Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчанын тарбиячысы Калиса Оморовага берилди. Ал эми, 3-орунга эки катышуучу-Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлмира Эшимбетова жана Терек-Сай айылындагы «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлжамал Маматкадырова ээ болушту. Мындан сырткары, бир топ катышуучуга ар кандай номинациялар жана  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын каржылык жагы билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев билдирди.

Эркин жана улуттук күрөш боюнча мелдеш болду

31-март күнү Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш орто мектебинин спорттук залында Айгыр-Жал айылынын тургуну, маркум Алмамбет Исмаиловдун жаркын элесине арналган эркин жана улуттук күрөш боюнча райондук мелдеш болду.

Бул спорттук мелдеш маркум Алмамбет Исмаиловдун бир туугандары тарабынан 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин эркин күрөш боюнча гана мелдеш өтүп келсе, спортчулардын суроо-талабы менен быйылкы мелдешке кыргыз күрөшү да кошулган. –Бул спорттук иш чара алгач облустук денгээлде башталган. Кийинки жылдарда райондук гана денгээлде өткөрүп жатабыз. Буюрса, келечекте мелдештин программасына шахмат, стол тенниси боюнча да таймаштарды киргизип, облустук денгээлге алып чыксак деген максатыбыз бар. Мелдешти уюштурууга жалпысынан отуз миң сом акча каражаты жумшалды. “Кичи  Чаарат” фирмасы демөөрчүлүк иретинде беш миң сом акча каражатын берди. дейт маркумдун бир тууган иниси Капарбек Исмаилов.ыпын DSC_0167 ыпын DSC_0181 ыпын DSC_0190 ыпын DSC_0191 ыпын DSC_0195 ыпын DSC_0197 ыпын DSC_0218 IMG-20180401-WA0000 IMG-20180401-WA0001 IMG-20180401-WA0002 IMG-20180401-WA0003 IMG-20180401-WA0004 IMG-20180401-WA0005 IMG-20180401-WA0006 IMG-20180401-WA0007 IMG-20180401-WA0008

Мелдеш абдан жогорку уюшкандыкта жана кызыктуу деңгээлде өттү.  Мелдешке Чаткал району боюнча жалпысынан 109 балбан катышып, эркин күрөш боюнча 12 салмактык бөлүктө, ал эми улуттук күрөш боюнча 8 салмактык бөлүктө күч сынашышты. Буга кошо эле, чексиз салмакта да балбандар күч сынашып, жеңүүчүлөр акчалай байгелердин ээси болушту.

Атап айтканда, Орозбек уулу Тынчтыкбек чексиз салмактык бөлүктө атаандаштарынын баарын жеңип, “Мелдештин чексиз салмак боюнча балбаны” аталды. Ал эми, 2-орун балбан Жолдошов Муратка, 3-орун балбан Мамытов Бейшенге ыйгарылды.

Мелдештин соңунда, калыстардын чечими менен төмөндөгү балбандар байгелүү орундарга ээ болушту. (Таблицаны караңыз)

салмагы орундар ФИО Айылы
 

26

1 Кумашов Жумамидин Айгыржал
2 Дилмуратов Адилет Башкытерек
3 Байышов Эрнис Жаңыбазар
3 Марат уулу Нурбек Жаңыбазар
28 1 Шатманов Кубаныч Жаңыбазар
2 Кутбидинов Нурдөөлөт Айгыржал
3 Ибраимов Курманбек Айгыржал
3 Абдымаматов Амантур Башкытерек
32 1 Наркул уулу Исабек Айгыржал
2 Бактыбек уулу Рыскелди Башкытерек
3 Наралиев Бекболсун Коргонсай
3 Кутбидинов Нурдөөлөт Айгыржал
36 1 Кутбидинов Шамшарбек Айгыржал
2 Турсунбеков Майрамбек Канышкыя
3 Усупбеков Исхак Канышкыя
3 Токонов Кубан Жаңыбазар
42 1 Асанбеков Албан Канышкыя
2 Кубанычбек уулу Бекболсун Канышкыя
3 Кутбидинов Шамшарбек Айгыржал
3 Акбаралы уулу Раимкул Жаңыбазар
46 1 Нурлан уулу Баяман Башкытерек
2 Сапарбек уулу Мухамбет Айгыржал
3 Анаркулов Арген Айгыржал
3 Тагаев Байзак Жаңыбазар
50 1 Акматбек уулу Дастан Жаңыбазар
2 Сазанканов Темирлан Канышкыя
3 Уланбек уулу Кубан Айгыржал
3 Кошбаев Курманбек Айгыржал
 

52

1 Нарбеков Алмаз Жаңыбазар
2 Мусабеков Темирлан Жаңыбазар
3 Айтыкул уулу Осмон Жаңыбазар
3 Акышов Майрамбек Айгыржал
 

58

1 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
2 Бактыбек уулу Таалай Айгыржал
3 Бейшенбек уулу Жантур Канышкыя
3 Турсунбеков Нуркан Канышкыя
 

63

1 Ашыркул уулу Амат Канышкыя
2 Таласбай уулу Белек Айгыржал
3 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
3 Өмүрзак уулу Жумамидин Канышкыя
69 1 Тургунбеков Турат Башкытерек
2 Эшалиев Кылымбек Жаңыбазар
3 Нарбай уулу Жумадыл Канышкыя
3 Советбек уулу Нурсейит Жаңыбазар
76 1 Алтынбек уулу Айдар Айгыржал
2 Тургунбеков Турат Башкытерек
3 Алмазбеков Нурдөөлөт Канышкыя
3 Назаркулов Бекбол Башкытерек
 

Кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси

 

 

35 1 Кутбидинов Шамшарбек Айгыржал
2 Самарбеков Бекболот Канышкыя
3 Наркул уулу Исабек Айгыржал
44 1 Сапарбек уулу Мухамбет Айгыржал
2 Уланбек уулу Хантеңир Айгыржал
3 Кубанычбек уулу Бекболсун Канышкыя
48 1 Бактыбек уулу Сыдык Канышкыя
2 Ильичбек уулу Бекзат Башкытерек
3 Сүйүнбай уулу Аскар Башкытерек
52 1 Жуманалиев Залкар Айгыржал
2 Нарбеков Алмаз Жаңыбазар
3 Акышов Майрамбек Айгыржал
57 1 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
2 Бейшенбек уулу Жантур Канышкыя
3 Турсунбеков Нуркен Канышкыя
62 1 Таласбай уулу Белек Айгыржал
2 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
3 Абдыжапаров Жумадил Канышкыя
69 1 Таласбай уулу Белек Айгыржал
2 Абдысаматов Нурдөөлөт Канышкыя
3 Эшалиев Кылымбек Жаңыбазар
76 1 Алтынбек уулу Айдар Айгыржал
2 Шадыбеков Абар Канышкыя
3 Алмазбеков Нурдөөлөт Канышкыя

 

М.Эшназаров