Архив метки: Чаткал

Пенсиялар кайра эсептелинүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн «2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо тууралуу» жана «2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу» токтомдоруна ылайык 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоо жүргүзүлүп же пенсиялар кайра эсептелинип жатат. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү 2018-жылдын 1-октябрынан тартып индексацияланат.

Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү 2017-жылдагы пенсионерлердин жашоо минимумунун (ПЖМ) өлчөмүнөн төмөн болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2017-жылы ПЖМ 4393 сомду тузот.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы №347 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнундө» КР мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды инлексациялоо тартибинин 8-пунктуна ылайык пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо бир учурда жургузулсо, биринчи пенсиянын базалык бөлүгү андан соң пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланары каралган.
« 2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү откон жылдагы ПЖМ өлчөмүнөн төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, жалпы өлчөмү 2017-жылдагы пенсионерлердин жашоо минимумунунун өлчөмүнөн төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгү 2017-жылдагы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата 105,5% га өлчөмүнө же 100 сомго индексацияланат.
« 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнун өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнун өлчөмдөрү 1,07 индексациялоо коэфициентине, бирок жалпы өлчөмү 4393 сомдон ашпаган пенсиялар учун 250 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4394 сомдон ашкан пенсиялар учун 370 сомдон кем эмес өлчөмүндө индексацияланат.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү базалык бөлүктү, кошумча акыларды жана электр энергиясы учун компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.
1-мисал: Эрмекбаев Э.Т. – курагы боюнча пенсия алат, ОАЭ 3120сом, 1-октябрга карата пенсиянын өлчөмү 3423сом, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү – 1780сом, ЖЭ1-436сом80; , ЖЭ2-1006сом, электр энергиясы үчүн компенсация 200 сом 2018-жылдын 1-октябрынан тартып индексация төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлот:

Индексацияга чейин
2018-ж 1-октябрынан тартып индексациялангандан кийин

Базалык бөлүк
1780сом
1780+100=1880 сом

ЖЭ1
436,80
436,80

ЖЭ2
1006
1006

(ЖЭ1+ЖЭ2)
436,80+1006=1442,80
1442,80*1,07=1543,8 сом

Электр энергиясы үчүн компенсация
200 сом
200 сом

2018-ж 1-октябрдан тартып индексация.н өлчөмү
__
1543,80-1442,8=101 сом бирок 250 сом кошулат.

Төлөнө турган пенсиянын жалпы өлчөмү
3422,80 сом
3772,80 сом (1880+1442,8+250+250)
2-мисал
Иванов.В.М- курагы боюнча пенсия алат. 2018-жылдын 1-октябрына карата пенсиясынын жалпы өлчөмү 25851 сомду тузот, анын ичинен пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом, ЖЭ1-3450сом, ЖЭ2-20621 сом. Пенсиянын өлчөмү 2017-жылдагы ПЖМ (4393сом) өлчөмүнөн жогору болгондуктан, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланбайт, 1780 сом өлчөмүндө калат, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү төмөнкүдөй тартипте индексацияланат:

Индексацияга чейин
2018-ж 1-октябрынан тартып индексациядан кийин

Базалык бөлүк
1780 сом
1780 сом

ЖЭ1
3450 сом
3450 сом

ЖЭ2
20621 сом
20621 сом

(ЖЭ1+ЖЭ2)
(3450+20621)=24071
24071*1,07=25756 сом
25756-24071=1685 сом

Төлөнө турган пенсиянын өлчөмү
25851 сом
27536 сом
(1780+24071+1685)

3-мисал
Алиев.К.Н- курагы боюнча пенсия алат. 2018-жылдын 1-октябрына карата пенсиясынын жалпы өлчөмү 3965 сомду тузот, анын ичинен пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом, ЖЭ1- 295 сом, ЖЭ2 – 367 сом, пенсиялардын мурда жүргүзүлгөн, кайра эсептөөлөрүнүн суммасы- 1281 сом, электр энергиясы үчүн компенсация-242 сом, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү төмөнкүдөй тартипте индексацияланат.

Индексацияга чейин
2018-ж 1-октябрынан тартып индексациядан кийин

Базалык бөлүк
1780 сом
1780 сом+100 сом = 1880 сом

ЖЭ1
295 сом
295 сом

ЖЭ2
367 сом
367 сом

Пенсиялардын мурда жүргүзүлгөн кайра эсептөөлөрүнүн суммасы
1281 сом
1281 сом

ЖЭ1+ЖЭ2+кайра эсептөөлөр суммасы 2018-ж 1-октябрынан тартып индексациянын өлчөмү
295+367+1281=1943 сом
1943*1,07=2079 сом
2079-1943=136 сом 250 сомдон аз болгондуктан,250 сомдон кошулат.

Электр энергиясы үчүн компенсация
242 сом
242 сом

Төлөнө турган пенсиянын жалпы өлчөмү
3965 сом
4315 сом

(1880+1943+250+242)

Кыргыз Республикасына сиңирген озгочо эмгеги учун пенсия алган адамдарга пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жалпы негиздерде индексацияланат.
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жонундо» КР Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык эсептелген толук эмес иш стажында жана 1,2 жана 3 топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү мыйзам чегинде индексацияланат.
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча (СПК) пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү багуусундагылардын санына жараша жүргүзүлөт: багуусундагы 1 балага- 50% өлчөмүндө, 2 балага 90% өлчөмүндө, 3 балага 120% өлчөмүндө жана 4 жана андан ашык балага 150% өлчөмүндө.
Райондогу бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган адамдардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо райондук коэфициенттерди колдонбостон жүргүзүлөт.
Пенсияны индексациялоо менен бир учурда пенсионерде башка негиздер боюнча кайра эсептөө укугу келип чыкса (ЖЭ2 боюнча, стаж, эмгек акы, 80 жаш куракка толгондугу жана башка тууралуу кошумча маалыматтар), анда алгач ушул негиздер боюнча кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп, андан кийин пенсиянын базалык жана камсыздандыруу стажы жонундо кошумча документтер берилген учурда индексациялоонун өзгөртүлүүго жатпайт.
Жогоруда белгиленгендей мамлекет тарабынан пенсионерлердин жашоо шартын жакшыртуу, социалдык абалын чындоо жана пенсиянын өлчөмүн пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнөн жогорку денгээлде жеткирүү боюнча иш аракеттер көрүлүүдө. 2018-ж 1- октябрынан тартып орточо пенсиянын көлөму 5733 сомго жетиши күтулүүдө.
Азыркы учурда пенсияларды кайра эсептөө иштери аягына чыгып калды, же октябрь айынын пенсиялары кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин тийиштүү өлчөмдө көбөйтүлгөн кошумча суммалары менен төлөнуп жатат.
Ал эми райондо социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык маселелер боюнча биздин райондук Социалдык фонд башкармасына же 0772-29-41-28, 0774-23-76-47, 0776-86-86-13 телефондору аркылуу байланышып, маалымат алсаныздар болот.
А. Эшикулов, Чаткал райондук Социалдык фонд
Башкармасынын башчысы

Курулуш айылына жаңы спорттук зал курулууда

Курулуш айылына жаңы спорттук зал курулууда. Курулуш иштери Кичи Чаарат фирмасы тарабынан каржыланып, 16 млн. сомго бааланган.

IMG_20181101_125643

— Спорттук зал келерки жылда бүткөрүлмөкчү. Быйыл дубалы тургузулуп, чатыры жабылуусу тийиш -деп билдирди Чаткал айыл аймагынын башчысы Б. Исабеков

М. Эшназаров

«Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун » колдоосу менен

Чаткал айыл аймагында «Чаткал районунун өнүктүрүү фондуна » жазылган долбоорлор аркылуу бир топ жумуштар аткарылууда. Атай кетсек, Жаңы-Базар айылындагы  » Байчечекей » балдар бакчасы 1 млн. 74 миң 31 сомго оңдолууда.IMG_20181101_144654 IMG_20181101_144607

2 млн. 885 миң сом каражатка Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин жылытуу тутуму жаңыланды.IMG_20181101_141025

1 млн. 339 миң 348 сом каражатка Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасынын чатыры жаңыланууда. Ал эми, аталган бакчанын ичи айыл аймактын эсебинен оңдолууда.

IMG_20181101_113644

— Чындыгында, «Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун каражаттары айыл аймактагы бир топ жумуштарды бүткөрүүгө зор өбөлгө түздү. Бул жумуштардын ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн район акими Канжарбек Эшалиевге Чаткал айыл аймагынын тургундарынын атынан ыраазылык билдирем — дейт Бакытбек Исабеков

 

М. Эшназаров

Ийри-Сай арыгы каналга айландырылууда

Курулуш айылынын маңдайындагы Ийри-Сай арыгы тереңдетилип казылып, каналга айландырылууда. Бул жумушка Чаткал айыл аймагы тарабынан 283 миң сом каралган. Ал эми, жумуш жеке ишкер Асылбек Дозонов тарабынан ишке ашырылууда.

-Арыктын узундугу 4300 метрди түзөт. IMG_20181101_123609 IMG_20181101_123141Ал канал катары кеңейтилип, казылып бүтсө жалпы 160 гектардан ашуун  эгин аянтына кайрадан суугат суусу жеткирилет. Бул аянттын 22 гектары айыл өкмөттүн балансында, ал эми калган жерлер калктын үлүш жерлери болуп эсептелет-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков.

Эскерте кетсек, аталган арык  тээ Союз мезгилинен бери алгач оңдолуп жатат.

М. Эшназаров

«Чаарат Заав» ЖАКу менен Чаткал раймамадминистрациясынын ортосунда 2018-жылга «Кызматташтык меморандумуна» кол коюлду

 «Чаарат Заав» ЖАКу (Компания) Чаткал районундагы Чаарат кенинде он жылдан ашык убакыттан бери геологиялык чалгындоо иштерин  жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта аткарып келет. Район элинин муктаждыктарын эске алып, Компания жылына социалдык көйгөйлөрдү жоюуу максатында райадминистрация менен макулдашып соцпакеттин алкагында каражат бөлүп турат. 23-июлда үстүбүздөгү жылга карата кызматташтык келишимине кол коюлуп, анда социалдык маселелерге жана райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 14 400 000 сом каралды.  чаарат заав урал 1 чааратзаав урал чааратзаавурал 2

«Компания биздин аймактын алыстыгына жана климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу катаал шарттар менен жакындан тааныш болгондуктан дайыма өз жардамын үзбөй келет. Албетте, биз ортобузда орногон өнөктөштүк менен компаниянын социалдык жоопкерчилик принциптерин сакташын баалайбыз, — деп белгиледи Чаткал районунун акими Эшалиев Канжарбек, — Мына, 2018-жылга карата түзүлгөн меморандумдун алкагында дагы бир катар маанилүү иштер аткарылганы турат. Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарындагы жолдорго алфальт төшөлөт, Каныш-Кыя айылында көпүрө курулат. Башка дагы өзгөчө маанидеги социалдык объектилер ремонттолуп, Сумсар айыл өкмөтүнө  кызматтык автоунаа сатылып алынат».чаратзавурал чаратзаавуралл чаратзаавурал чааратзвурал чааратзаавурал 2 чааратзаав урал

Ошондой эле, социалдык пакеттин эсебинен  районго керектүү адистерди даярдоо максатында Чаткалдык студенттерди жогорку окуу жайларда окуусун каржылоо жана медициналык адистерди колдоо улантылат. Учурда тоо-кен жана медициналык багытта билим алган Компаниянын стипендиаттарынын саны 11 студентти түзөт. Жардамга муктаж жарандарга жана коомдук маанидеги иш-чараларга финансылык көмөк көрсөтүү колго алынган- жаштар жактырган спорттук иш-чаралар, наристелер үчүн майрам уюштуруу, ардагерлерге жана оорукчан жарандарга каражат бөлүп, ашууда жолду ачып тазалоо иштерин аткарып турат.

Компаниянын жүргүзгөн ишмердүүгү, албетте, жумушчу орундарын түзүү жана жергиликтүү   адистерди адистерди жумушка алуу менен коштолгон. Учурда алардын жалпы саны 90 адам болсо, анын ичинен45 компаниянын өзүндө иштейт, калганы подрядчик ишканаларга жумушка алынган.   Белгилей кетчү нерсе, учурда чалгындоо алкагында гана жумуш орундар түзүлгөн, алар долбоордун кийинки баскычтарга өнүгүүсү менен дагы эселеп көбөймөкчү.

Андан тышкары, Компания  жергиликтүү ишканаларга колдоо кылып, кызматтарды жана товарларды сатып алат. Чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү дагы кошумча жумуш орундарын түзөт эмеспи. Жыл башынан бери жергиликтүү ишканалар электр чубалгыларын долбоорлоо жана орнотуу иштерине, жеке ишкерлер жүк  ташуу жана кендин үлгүлөрүн лабораторияларга жеткирүү, керн сактоочу ящиктерди жасоого, эт азыктары менен камсыз кылууга тартылган. Жарым жыл ичинде бардык жергиликтүү сатып алуулардын суммасы 4 000 000 сомдун тегерегинде болгон.

«Биз үчүн Чаткал элинин жашоо шартындагы болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жана аймактын өнүгүшүнө түздөн-түз катыштыгыбыз бар экени абдан маанилүү. Баарыбыз жылдан жылга  райондогу инфраструктуранын жакшыруусуна күбөбүз —  жолдорго асфальт төшөлүп, көпүрө, спортзал курулду, мектеп жана ФАПтардын имараттары капиталдык ремонт болду. Бизди өзгөчө кубандырган нерсе, бул Компаниянын кечеги эле стипендиаттары бүгүнкү күндө Чаараттын эмгек жамаатынын курамында иштеп жатканы. «Чаарат» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылуусу, албетте, мындан ары дагы Чаткал районунун социалдык-эконмикалык өнүгүшүнө түрткү берип, мамлекеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана компаниянын ортосундагы узак мөөнөттөгү өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенебиз,- деп билдирди «Чаарат Заав» ЖАКунун генералдык директорунун орун басары Турат Усубалиев.

«Чаарат ЗААВ» компаниясынын пресс кызматы

РИИБ эскертет: Жаш балдарга көзөмөлдү күчөтөлү

Жай мезгили келип, жаш балдар каникулга чыккан убак болгондуктан, жаш балдардын агын сууларга, дарыяларга түшүп, ойноосу күч алган кез. Буга байланыштуу Чаткал РИИБинин МАЫ өкүлдөрү, ЖЖӨИсы, КР.ӨКМнин райондогу өкүлдөрү, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ү бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, турак-жай комитеттери жана коомчулуктун өкүлдөрү  менен биргеликте жашы жете элек  өспүрүм балдарга карата ар канда кылмыштуу аракеттердин алдын алуу, эскертүү жана болтурбоо максатында ата-энелерге жана жалпы эле райондун коомчулугуна кайрылуу жасалып, түшүндүрүү иштери алынып барылууда.IMG-20180706-WA0027 рииб эскертуу

Ошондуктан, Чаткал РИИБи жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча агын сууларга жана көлмөлөргө чоң адамдардын көзөмөлүсүз, өз алдынча  түшүүсүнө тыюу салууну эскертет.

Азыркы кезде, балдардын суугат түшүу учурунда ар кандай кырсыктар болуп кетүүсүнүн алдын алуу максатында район аймагында жайгашкан  сууга түшүүчү жайларда,  көлмөлөрдө жана дарыяларда жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларда атайы мобилдик топтор түзүлүп,  тыюу салынган жайларда  сууга ата-энесинин коштоосу жок түшүп жаткан өспүрүмдөр кармалып, эскертүүлө берилүүдө.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын башынан бери 8 өспүрүм кырсыкка кабылып, мындан алтоосу сууга чөгүп каза болду.

Чаткал РИИБи

Кен ылгоочу фабриканын долбоору тааныштырылды

«Вертекс Голд Компани » ЖЧКсы «Глобал Джамгыр Майнинг » ЖЧКсы менен биргеликте район борбору Каныш-Кыя айылында алдыда куруу пландаштырылып жаткан алтын ылгоочу фабриканын долбоору менен жергиликтүү калкты тааныштыруу иш чарасын өткөрүштү.
Иш чара учурунда быйылкы алдыңкы бүтүрүүчүлөргө аталган фирмалар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми, «Вертекс Голд Компани » ЖЧКсынын жетекчиси Абдыбакыт Баялинов, Глобал «Джамгыр Майнинг » ЖЧКсынын жетекчиси Николай Ермошкин жана мамлекеттик геологиялык агенттиги менен мамлекеттик теникалык көзөмөл агенттигинин өкүлдөрү катышуучулардын фабриканын курулушуна байланышкан бир нече суроолоруна жооп беришти.
Кечкисин Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө айыл тургундарына «Вертекс Голд Компани » жана «Глобал Джамгыр Майнинг» ЖЧКларынын колдоосу менен КР. Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы жана обончу  Тотомидин Жолдошев жетектеген «Таалай элеси » эстрадалык тобунун жана белгилүү эстрада жылдыздарынын  концерти тартууланды.

М.Эшназаров

вертекс презент_DSC0253 баялинов Захват_2018_06_26_23_08_27_425 баялинов Захват_2018_06_26_23_09_01_917 Захват_2018_06_26_23_07_33_903 Захват_2018_06_26_23_08_02_432 Захват_2018_06_26_23_08_53_805 вертекс....... вертекс...... вертекс..... вертекс.... вертекс... вертекс......... вертекс........ жаныбек _DSC0344

вертекс элбурс вертекс чай ичуу

жаныбек _DSC0367 тото _DSC0333 тото _DSC0339 тото _DSC0358 тото _DSC0359

Коргон-Сай айылында жаңы аталыштагы көчө пайда болду

24-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү инсандардын бири, маркум Сариев Токторбайдын ысымы Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Салтанатка маркумдун уул-кыздары, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер, алыс-жакындан келген коноктор, замандаштары катышып, маркумду эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп, маркум Сариев Токторбайдын жаркын элесин өчүрбөө максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, маркум Сариев Токторбай 1900-жылы Чаткал районунун Үр-Кедей айылында төрөлгөн. 1934-жылдыан баштап бир нече жыл Коргон-Сай айылынын айыл башчысы болуп иштеп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каржалган элге тапкычтык жана уюштуруучулук менен жардам бере алгандыгы менен эл оозуна алынган.

Маркумдун ысымын көчөгө коюу демилгеси анын уулу Токторбаев Тургуналы тарабынан көтөрүлүп, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан колдоого алынды.

М.Эшназаров

маркс көчө 1 маркс көчө 2 маркс көчө 3 маркс көчө 4 маркс көчө 5 маркс көчө 6

«Кыз-Булак» эс алуу жайы оңдолууда

Чаткал өрөөнүнүн кире беришиндеги «Кыз-Булак» жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы жеке ишкер Мухамедалы Батырбеков тарабынан оңдолуп-түзөлүп жана кеңейтилип, жалпы коомчулук үчүн кошумча тамактанып, эс алуучу жайга айландырылууда.
Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата аталган жайды өнүктүрүү үчүн Чаткал айыл аймагы тарабынан жеке ишкер Мухамедалы Батырбековго бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков маалымдады.кызбулак 1 кызбулак 2 кызбулак
Ал эми, жеке ишкер Мухамедалы Батырбековдун билдиришинче, бул эс алуучу жайга азырынча бир боз үй жана эки сөөрү орнотулууда. Эс алуучу жай толук ишке кирген соң, бир учурда жүздөн ашуун эс алуучуну тейлемекчи. -Бул жерге көбүнчө жаштар үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, жаратылыш койнунда эс алганы келишет. Эс алуучу жай ишке кирсе, алардын да ойдогудай эс алуусуна шарт түзүлөт- дейт жеке ишкер.
«Кыз-Булак» эс алуу жайы май айынын соңуна чейин пайдаланууга берилет.
Жеке ишкер мындан сырткары Жаңы-Базар айылындагы жеке менчик «Нурсауле» ресторанын ачып, 5 жылдан бери калктын маданий эс алуусун камсыздап келүүдө.

М. Эшназаров

Бүгүн, Чандалаш айылынын негизги суугат каналы болгон Төлөбаев атындагы каналы ашар жолу менен тазаланды.
Бул ишке жалпысынан жүзгө жакын тургундар катышып, каналдын жыртык-тешиктерин чым, топурак жана цемент менен жамашып, ичиндеги акыр-чикирлерин жана топтолгон кум, шагылдан тазалашты.чандалаш 1 чандалаш 2 чандалаш 3 чандалаш 4 чандалаш 5 чандалаш 6
Канал тазалоого Чаткал айыл өкмөтү 600 кило цемент бөлүп берип, трактор менен кум, шагылды ташып, эксковатор менен толуп калган жерлерин тазалоо иштерин жүргүзүп берди. Буга кошо эле, ашарчылардын тамак-ашына бир баш кой берди.
Эскерте кетсек, Жаңы-Базар айылынын тургундарынын үлүш жерлеринин сексен пайызы Чандалаш өрөөнүндө жайгашып, суугат маалында Төлөбаев атындагы каналын пайдаланышат. Канал 1982-жылы курулган. Узундугу 9 чакырымды түзөт.

М. Эшназаров