Архив метки: чаткалдык

Кулактандыруу!

Урматтуу чаткалдык студент улан— кыздар!

Чаткал районунун кулуну, Ош шаарындагы “Чаткал коомунун” төрагасы, Ош шаардык кеңешинин депутаты Кубатбеков Идирис  Атантаевичтин демөөрчүлүгү менен “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан  Чаткал районунун чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттер арасында стипендиялык сынак жарыяланат!

Сынактын максаты:

Чет өлкөлүк ЖОЖдорго өз күчү менен өтүп жана ийгиликтүү билим алып жаткан Чаткалдык студенттерди колдоо жана алардын артынан өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө стимул берүү.

Стипендия тууралуу:

1. Чет өлкөдө окуп жаткан ар бир Чаткал районунун студенти катыша алышат.

2. Стипендиянын өлчөмү 20.000 (жыйырма миң) сом

Конкурстун талаптары:

1. Сынакка катышуучу сөзсүз түрдө Чаткал районунун тургуну болуусу шарт

2. Талап кылынган документтерди толук жана ирээттүү түрдө тапшыруусу керек

3. Байланыш каражаттарын так көрсөтүүсү талап кылынат.

4. Конкурска катышууну каалоочулар эң кеч болгондо документтерин 20-февралга чейин тапшыруусу зарыл.

Талап кылынуучу документтер:

1. Резюме. (классикалык)

2. Өмүр баян

3. Окуу жайынан окуп жаткандыгын тастыктоочу маалымкат

4. Окуусундагы жетишкендик китепчесинин көчүрмөсү (зачетка)

5. Окуу жайы, билим алып жаткан адистиги тууралуу маалымат

6. Окуу жайга кантип өткөндүгү тууралуу кыскача баяндама

7. Кошумча жетишкендиктери тууралуу маалымат

8. Байланыш каражаттарын сөзсүз түрдө көрсөтүү керек.

Жыйынтыктоо жана сыйлоо:

Стипендиялык сынакка жөнөтүлгөн документтерди демөөрчү Кубатбеков Идирис жана “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин өкүлдөрү карап чыгып эң мыктысын татыктуусун тандашат.

Жеңүүчү деп табылган катышуучу атайын  Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал кечесине” чакырылат жана ошол жактан тапшырылат. Эгер алыста болгонуна байланыштуу андай мүмкүнчүлүк болбосо ошол учурдагы шартка жараша байгеси эң коопсуз жол менен жеңүүчүнүн колуна жеткирилет.

Өткөн жылда чаткалдык 386 дыйкан-фермер кредит алып иштетишкен

Өткөн 2016-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба тармагын колдоо максатында чаткалдык дыйкан  фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча айыл  банк тарабынан райондун мал чарбачылыгына багытталып, 386 дыйкан-фермерге 58 млн. 605 миң сом, талаачылыкка багытталып,  450 миң сом кредит берилген. РСК Банк тарабынан мал чарбасына багытталып, 106 фермерге 29 млн. 75 миң сом кредиттер дыйкан-фермерлерге берилген.

Чаткалдык алдыңкы окуучулар кызыктуу сапарда болушту

 

Борборубуз Бишкек шаарында иш алып барган «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси чат8тарабычат56нан Чаткал районунун Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарынын мектептеринде окуган алдыңкы окуучуларды Бишкек, ОШ, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы маданий жана тарыхый мекемелерине жана аталган шаарлардагы жогорку окуу жайлары менен бир жумалык таанышуу сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, » Жаркын келечекке багыт»  жаштар бирикмесинин мүчөсү Жоодар Атантай уулу билдирди.

чат2чат3

Анын маалымдашынча, долбоорго кеткен каржылык чыгымдын жарымы Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы, ал эми, калганы шаар жеринде ар кандай тармактарда иштеген чаткалдык уул-кыздар тарабынан каржыланды.

Таанышуу сапарында алдыңкы окуучулардын тобу КР. Жогорку Кеңешинде болушуп, андагы депутаттары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүктөрү менен тааныша алышты.  Мындан сытркары,  Коомдук биринчи каналдын “Ой ордо” ток шоусуна да катышышып, өз ойлору менен бөлүшүшүп, телеберүү аркылуу обого чыгуу бактысына ээ болушту.

чат 4чат1

Таанышуу сапарынын жүрушүндө алдыңкы окуучулардын тобу  Жаштар министирлигинде да болуп,  аталган министрликтин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.

Таанышуу сапарынын катышуучулары долбоордун жүрүшүндө көптөгөн жогорку окуу жайлары менен жакындан таанышып, алар үчүн келечектеги кесипти туура тандоого зор мүмкүнчүлүккө ээ болушту.

Негизинен, долбоордун максаты-жаш муундардын билимге болгон туура көз карашын калптандыруу, улуу муундардын жаштарга болгон камкордугун уюштуруу, мекенге болгон сүйүү сезимин өстүрүү жана ошондой эле, алардын кесипти туура тандоолоруна көмөктөш болуу эле. Долбоор өз максатына жете алды деген ойдобуз-дейт уюштуруучулардын бири, » Жаркын келечекке багыт»  жаштар бирикмесинин мүчөсү Жоодар Атантай уулу.