Архив метки: Чандалаш

Чөөлөр жок кылынууда

IMG-20161130-WA0003 IMG-20161130-WA0002Район калкынын колундагы майда үй жаныбарларына жана үй канаттууларына жырткыч жапайы жаныбар болуп эсептелген чөөлөр кол салып, айрым учурда зыян алып да келүүдө.  Район тургундары да жөн карап турбай, чөөлөргө тузак коюшуп, алардын санын азайтуунун аракетинде. Мис; Чаткал айыл аймагынын Чандалаш айылынын тургундары өткөн он күн аралыгында төрт баш чөө ар кандай амалдар менен кармалып, жок кылышты.  —  Чөөлөр 3-4 төн топтошуп, түнкүсүн айылга кирип келишүүдө. Аларга каршы ар жерге тузак  коюп, азайтуунун аракетиндебиз— дейт тузакчы К. Айталиев

М. Эшназаров

Кашабаңдарды тузак менен колго түшүрүп

карышкыр IMG_1875 карышкыр IMG_1876

 

Жыл сайын Чаткал айыл аймагынын аңчылары тузактын жардамы менен карышкырларды колго тушүрүшүп, элдин колундагы төрт түлүк малга зыян тийгизип келаткан кашабаңдардын санын азайтууга аракет кылышып келишет.  Жакында Курулуш айылынын тургуну Айдаров Чыңгыз токойго тузак коюу менен 2 карышкырды колго түшүрдү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

Кошумчалай кетсек, өтүп бараткан айдын башында Чандалаш айылынын тургундары Эшназаров Рустам жана Барпиев Топчу айылдаштары менен биргеликте 5 карышкырды жок кылышкан.

М. Эшназаров